Араб дүйнөсү жети графикада: Арабдар динге далысын салдыбы?
Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, арабдардын көбүнүн динге ишеними төмөн.

Иликтөө учурундагы сурамжылоодо региондогу негизги көйгөйлөр, анын ичинде аялдардын укугу, миграция жана коопсуздук боюнча суроолор дагы берилген. 2018-2019-жылдары Arab Barometer изилдөө түйүнү жүргүзгөн иликтөөгө 25 миң киши катышты. Сурамжылоо Жакынкы Чыгыштагы 10 мамлекетте жана Палестинанын аймактарында өттү.
Изилдөөнүн тыянактарын графика түрүндө көрсөтөбүз.

2013-жылдан тарта "динге ишенбейм" дегендердин саны 8 пайыздан 13 пайызга жогорулады. Отуз жашка чыга элек тургундардын 18 пайызы "динге ишенбейм" деп жооп берген. Бир гана Йеменде "динге ишенгендердин" саны көбөйгөн.

Жакынкы Чыгыштагы тургундардын көбү аялдын президент же премьер-министр кызматын ээлегенине каршы эмес экенин айтышкан. Бир гана Алжирде сурамжылоого катышкандардын элүү пайыздан азы өлкөнү аял башкарганын кабыл алышкан.
Бирок үй-бүлөгө келгенде - сурамжылоого катышкан аялдардын көбү да акыркы чечимди эркек кабыл алышы керек деп билдиришкен.

Араб дүйнөсүндө гомосексуализмди кадыресе көрүнуш катары кабыл алуу өлкөгө жараша айырмаланып турат. Жалпысынан көпчүлүк өлкөлөрдө муну таптакыр кабыл алышпайт. Ливан либерал мамлекет катары саналганы менен тургундардын алты гана пайызы гомосексуализмди кадыресе көрүнүш катары кабыл алган.
Ага салыштырмалуу, куру намыс үчүн үй-бүлөнүн мүчөсүн өлтүрүү кадыресе көрүнүшкө айланган. Мындай учурда көбүнчө үй-бүлөнүн аял мүчөсү өлтүрүлөт.

Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган менен Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыштагы саясатына баа берүүдө, сурамжылоо жүргүзүлгөн ар бир мамлекетте Трамптын саясатын кескин сындашкан. 11 мамлекеттин жарымынан көбү Эрдогандын саясатын колдогон. Ал эми Ливан, Ливия менен Египеттин тургундары Орусиянын президенти Путинди колдошту.

Жыйынтыкта "билбейм" жана "жооп бергим келбейт" деген жооптор кошулбагандыктан, пайыздык бөлүмдөрдү кошкондо жүзгө чыкпайт.
Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада коопсуздук эң негизги көйгөй бойдон кала берүүдө. "Кайсыл мамлекет коопсуздук жана туруктуулукка коркунуч жаратат?"-деген суроого, сурамжылоого катышкандардын көбү Израил деп жооп берген. АКШ коопсуздукка коркунуч жараткан экинчи өлкө катары тандалган, Иран болсо үчүнчү.

Сурамжылоо жүргүзүлгөн ар бир мамлекетте, беш тургундун бирөө чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалаган. Суданда калктын жарымы жер которууну көздөп турганын айтышкан. Буга негизинен экономикалык кыйынчылыктар себеп экенин айтышкан.
Түндүк Африкада жер которууну каалагандардын саны өстү. Европа мурдагыдай негизги багыт катары саналбаганы менен, дагы деле эң популярдуу багыттардын бири бойдон калууда.

Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Арикада сурамжылоого катышкандардын көбү мамлекети диктатурага багыт алдык деген пикирин дагы айткан.
Макаланы даярдагандар: Becky Dale, Irene de la Torre Arenas, Clara Guibourg жана Tom de Castella.
BBC Arabic бул теманы бир жума бою чагылдырат. Аны Twitter, Facebook менен Instagram аркылуу #BBCARABICSURVEY деп издесеңиз болот.

Методология
Сурамжылоону Arab Barometer изилдөө түйүнү жүргүздү. Долбоорго 10 мамлекет менен Палестинанын аймагынан 25,407 адам катышты. Arab Barometer Принстон университетинде жайгашкан изилдөө түйүнү. Уюм 2006-жылдан бери ар түрдүү сурамжылоолорду жүргүзүп келет. Окумуштуулар 45 мүнөткө созулган маектерди атайын даярдалган бөлмөлөрдө жүргүзүшкөн.
Сурамжылоо араб дүйнөсүнүн пикирине кызыккандыктан, ага Ирзаил менен Иран катышкан эмес. Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин көбү сурамжылоого катышкан, бирок Перс булуңундагы айрым мамлекеттердин бийлиги колдоо көрсөтпөгөндүктөн, сурамжылоо жүргүзүүгө мүмкүн болгон эмес. Кувейттеги сурамжылоо жыйынтыгы кеч келгендиктен BBC Arabic аларды макалага кошо алган жок. Сирияда жаңжал уланып жаткандыктан, бул мамлекетте дагы сурамжылоо жүргүзүлгөн жок.
Мыйзамдык жана маданий себептерден улам, айрым өлкөлөрдө суроолордун бары берилген жок. Алар жыйынтыкта чагылдырылып, "изилдөөнүн кемчиликтери" бөлүмүндө так жазылган. Arab Barometer боюнча кеңири маалыматты шилтеме аркылуу тапсаңыз болот.








