Эмне үчүн Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартуу ызалантат?

Мусулмандар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тарткандан кийин полициянын коргоосунда жашап жаткан швециялык сүрөтчү жол кырсыгында каза болду.

Эмне үчүн Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартуу ызалантат?

Куран эмне дейт?

Куранда Алланын же Мухаммед пайгамбардын сүрөттөрүн оюу жолу менен, боёк же калемсап менен тартууга белгилүү бир же ачык тыюу салынган эмес.

Бирок Курандын 42-сүрөсүнүн 11-аятында төмөнкүчө айтылат: “[Алла] асман менен жердин жаратуучусу… Ага окшош эч нерсе жок”.

Бул аятты мусулмандар Алланы адамдар өз колу менен тартпашы керек деп түшүнүшөт. Алланын сулуулугу жана улуулугу да ошондой. Аны тартууга аракет кылуу Аллага акарат келтирүү катары кабыл алынат.

Ошол эле нерсе Мухаммед пайгамбарга карата дагы колдонулат.

Курандын 21-сүрөсүнүн 52-54-аяттарында төмөнкүчө айтылат: “[Ибрагим] атасына жана өз коомуна: “Бул силер табынып жаткан эмне деген айкелдер?” - деген эле. Алар: “Аталарыбыз да аларга табынганын билебиз” - дешти. Ал: “Силер да, аталарыңар да анык адашууда болуп келишкен” - деди”.

Мындан улам исламда сүрөттөр бутпарастыкка алып барат деген ишеним бар. Башкача айтканда, ыйык, улуу затка эмес, сүрөткө урмат-сый көрсөтүп, сыйынып кетиши мүмкүн.

Ислам салты эмне дейт?

Ислам салтында же хадистерде Алланын, Мухаммед пайгамбардын жана христиан-еврей салттарындагы бардык негизги пайгамбарлардын сүрөтүн тартууга тыюу салат.

Жалпысынан алганда ислам салтында жан-жаныбарлардын, айрыкча адамдардын элесин түшүрүү көп деле кубаттала бербейт. Ошондуктан ислам искусствосу абстракттуу же болбосо декоративдүү болуп келген.

Шиит ислам салтында мындай тыюуга өтө катуу көңүл бурулбайт. Айталы, 7-кылымдагы Персияда тартылган пайгамбардын сүрөттөрүнүн кайра жасалып жатканын көрүүгө болот.

Сүрөтчү Ларс Вилкс эмне кылды?

Ларс Вилкс

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жол кырсыгында каза болгон швециялык сүрөтчү Ларс Вилкс

Швециялык сүрөтчү Мухаммед пайгамбардын башын иттин денесине тарткан. 2007-жылы тартылган карикатура көптөгөн мусулмандарды ыза кылган.

Аны өлтүрүп кетем деген коркутуулар болуп, Ирактагы ал-Каида аны өлтүргөндөргө $100 миң сунуштаган.

Вилкс өзү менен кошо бараткан эки полиция кызматери менен бирге жол кырсыгында каза болушту. Алар бараткан машина жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп кеткен. Швециянын полициясынан билдиришкендей, кырсыкка кимдир бирөөнүн тиешеси бар деп айтууга эч кандай негиз жок.

Дагы кандай сүрөттөр талаш-тартыш жараткан?

Даниянын “Jyllands-Posten” (Иландс Постен) гезити 2005-жылы Мухаммед пайгамбардын 12 карикатурасын чыгарганда дүйнө жүзү боюнча мусулмандар каршылык акцияларын өткөрүшкөн эле. Ал карикатура аталган гезиттин редакциясынын өзүн-өзү цензуралоо боюнча материалы болчу.

Көптөгөн мусулмандар карикатураны акарат деп эсептеп, Европадагы мусулмандарга каршы душмандык жана коркуу сезиминин чагылышы дешкен. Пайгамбардын сүрөтүн тартуу жана жалпы эле мусулмандарды террорист катары көрсөтүү аябай ыза кылуучу аракет катары кабыл алынган.

Франциядагы кол салуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2011-жылы “Charlie Hebdo” (Шарли Эбдо) журналынын Париждеги офисинде жардыруу болгон. Аталган журнал шариат жөнүндө пьеса жазып, бир чыгарылыш үчүн аталышын убактылуу “Шариат Эбдо” деп атаган жана ошол сан үчүн Мухаммед пайгамбарды “башкы редактор” болуп берүүгө чакырган.

Кийинки жылы сатиралык журнал бир нече карикатураны камтыган санын чыгарган. Анда Мухаммед пайгамбар жылаңач сыяктуу тартылып калган. Ал ортодо ислам динине каршы тартылган фильм дагы жарык көрүп, ага каршы дүйнө жүзү боюнча ызы-чуу күчөп турган кезге туш келген эле.

2015-жылы ислам экстремисттери “Charlie Hebdo” журналынын офисине кол салып, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгаргандан кийин 12 кишини өлтүрүшкөн.

2020-жылы париждик мугалим Самуел Пети сабак учурунда сөз эркиндиги жөнүндө сүйлөп жатып Мухаммед пайгамбардын карикатураларын колдонгондон кийин анын башын алып кетишкен.

Мугалимди колдогон жүрүштөр Франциянын ар кайсы аймактарында өткөн. Францияда дин темасы аябай сезимтал жана секуляризм (светтик) түшүнүгү улуттук иденттүүлүктүн эң негизги бөлүгүн түзөт.

Британияда эмне болгон эле?

Март айында Батыш Йоркширдеги Бетли жергесинде жайгашкан мектептин алдында каршылык акциялары болуп өткөн. Ага мугалим Мухаммед пайгамбардын элеси түшүрүлгөн сүрөттү пайдаланганы себеп болгон эле. Мектеп жетекчилиги кечирим сурап, мугалим жумуштан кеткен.

Британияда Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн колдонуу боюнча белгилүү бир улуттук эрежелер жок.

Англиянын Билим берүү департаментинин жол-жобосу боюнча, диний билим берүү ишеним жөнүндө суроолорду жаратышы зарыл. Ошондой эле, ал окуучуларды “ар башка ишенимдеги адамдарга… карата сый-урмат көрсөтүүгө үйрөтүшү” кажет. (EA)