Англия: пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн мугалим иштен четтетилди

Британиянын Батли шаарында мектеп окуучуларга пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн мугалим териштирүү учурунда иштен четтетилди.
Бейшемби күнү шаардын мусулман коомчулугу нааразылык акция өткөрүп, сүрөттү көрсөткөн мугалимдин иштен алынышын талап кылышты.
Көпчүлүк мусулмандар кудай жана Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууга тыюу салынат деп ишенет. Мындай аракеттерди мусулмандар кудайга акарат келтирүү жана кемсинтүү катары сыпаттайт.
Өткөн жылы октябрда Париждин четиндеги мектептердин биринде мугалим Самюэль Пати түтүмдүүлүк жана сөз эркиндиги тууралуу сабак өтүп жатып, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын окуучуларга көрсөткөн. Сабактан кийин 18 жаштагы чечен окуучу мугалимдин башын алып, бүтүндөй өлкө дендароо абалына кабылган.
Батли шаарында пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн мугалимдин ысымы ачык жарыяланган жок. Мектептин директору Гари Кибл мусулман коомчулугунан кечирим сурады. Ал окуучулар дин тууралуу билимин өркүндөтүү керек экенин, бирок сабактар этияттык менен уюштурулушу маанилүү экенин белгиледи.
Британиянын Билими берүү министрлиги болсо дин боюнча сабак өткөн мугалимдерге коркутууларга жол берилбеши керек экенин айтты. Ошондой эле коронавирус пандемиясы учурунда массалык нааразылык акцияларга уруксат жок экенин эскерти.
"Мектептер өзүнүн программасына көп маселелерди, идеяларды жана материалдарды кошууга укуктуу. Алардын арасында талаштуу темалар дагы бар. Албетте, талаштуу маселелерге токтолгондо ар кандай диний ишенимдеги көз караштарды эске алуу керек. Бул материалдар этияттык менен тандалышы абдан маанилүү",-деп билдирди Британиянын билим берүү министрлигинин өкүлү.
Батлидеги мектеп Англиядагы 160 grammar же гимназия окуу жайлардын катарына кирет. Мыкты саналган бул мектептерге өтүү үчүн окуучулар оор экзамен тапшырууга тийиш. Мындай гимназияларда билим алууну каалаган окуучулар абдан көп.
Гимназияга каршы нааразылык акцияга жүзгө чукул киши келди, алардын арасында окуучулар дагы бар эле.

Демонстрацияга катышкандардын бири Би-Би-Си журналистине карикатураны көрсөтүү Британ мусулман коомчулугун кемсинтти деп айтты.
"Мектептин директору, мугалимдер жана Билим берүү министрлиги бул жөнөкөй маселе эмес экенин аңдашы керек. Алар чектен ашканы жатат",-деди Абдулла.
Абдулланын туугандары ушул мектепте окуйт экен. Айрым ата-энелер окуядан кийин балдарын окуу жайдан которууну дагы көздөп жатышканын айтышты.
Ofsted уюмунун маалыматына ылайык, 2015-жылы Батли гимназиясында 689 окуучу билим алган. Алардын 75 пайызын этникалык азчылыктар түзгөн.
Мектеп диний сабактарын убактылуу токтотту. Окуу жайдын директору бардык диний коомчулуктары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин гана бул сабак улантылат деп билдирди.









