Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууга башынан эле тыюу болуп келгенби?

Джон Мак-Манус, Би-Би-Си
Француздардын сатирикалык Charlie Hebdo журналы жакында эле журналдын редакциясына болгон кол салуунун курмандыктарына арналган санын чыгарды. Анын мукабасында Мухаммед пайгамбардын сүрөтү тартылган. Көпчүлүк мусулмандар исламдын негиздөөчүсүнүн сүрөтүн тартууга тыюу салынат деп эсептешет. Бирок бул тарыхый чындыкка канчалык жооп берет?
(Бул макалада Мухаммед пайгамбар тартылган тарыхый сүрөт бар).
Эгер мусулмандар үчүн пайгамбардын сүрөтүн сатиралык тартуу аны шылдыңдоого жатабы деген суроону кое турсак, андан башка Мухаммеддин образын сүрөт кылып тартууга ислам тыюу салабы же жокпу деген өзүнчө дагы бир талаштуу маселе бар. Көпчүлүк мусулмандар үчүн Мухаммеддин жана исламдагы башка пайгамбарлардын баарынын сүрөтүн тартууга таптакыр тыюу салынат, анткени бул бутпарастык болуп саналат.
Мындай тыюу көп ислам өлкөлөрүндө бар. Тарыхый жактан алганда исламдык көркөм сүрөт геометрикалык же каллиграфикалык түрдө болуп келген, фигуралык түрдө болгон эмес.
Мусулмандар бул суроого келгенде адатта Курандагы сүрөөнү келтиришет, анда Ибрахим « силер сыйынып аткан эмне? деп сурайт. «Биз билебиз, буга биздин аталар сыйынып келген» деген жооп айтылат. Ибрахим ага «Демек, силер да, силердин ата-бабаңар да жаңылып келген» деп жооп берет.
Бирок Эдинбург университетинен профессор Мона Сиддикинин көз карашына келсек, Куранда пайгамбардын сүрөтүн тартууга тикелей тыюу жок. Бул тыюу Мухаммеддин көзү өткөндөн кийин анын өмүрү жана айткандары жыйналган хадистерден келип чыккан.
Сиддики Мухаммед пайгамбардын Монгол жана Осмон империяларынын тушунда тартылган көп сандаган сүрөттөрүн мисал келтирет. Анын айрымдарында пайгамбардын жүзү жабык, бирок анын пайгамбар экени айдан ачык. Аталган тарыхчы сүрөтчүлөр терең диний сезим менен шыктанып сүрөт тартышкан деп эсептейт.
«Көп учурларда бул сүрөттөр бир нерсеге сыйынуу үчүн эмес, сүйүү жана урмат-сыйдан жаралган», - дейт окумуштуу.
Мичиган штатындагы университеттин ислам искусствосу боюнча профессору Кристина Грубердин айтымына караганда, он бешинчи кылымга таандык ушундай көп сүрөттөр жеке колдонуу үчүн гана тартылып келген.
«Көбүнчө алганда булар бай адамдар үчүн жасалган кымбат баалуу буюмдар болгон жана алар китепканаларда сакталган,-дейт ал. - Бул иллюстрациялардын айрымдары Курандагы каармандардын сүрөтү тартылган миниатюра болгон".

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Он сегизинчи кылымдын аягында китеп чыгаруунун жайылышы исламды кыйын абалга алып келди, дейт Грубер. Ислам дүйнөсүнүн көп өлкөлөрүн европалыктардын колонияга айлантышы, ошондой эле христианчылык менен башка батыш идеологияларынын таркашы да өзүнүн ролун ойноду.
Ислам бул учурда дайыма иконографияга таянып келген христианчылыктан болгон айырмасын көрсөтүүгө умтулду. Мухаммеддин сүрөттөрү колдонуудан алына баштады, имамдар бутпарастыкка каршы күрөштү күчөтүштү.
Бирок Британиядагы ири мечиттердин бири, Лидстеги Макка мечетинин имамы Кари Азим тарыхта пайгамбардын сүрөтүн тартууга болгон мамиле өзгөрүп келгенин четке кагат. Анын жүйөөсүнө карасак, тирүү адамдардын сүрөтүн тартууга тыюу салган хадистердин пайда болушу дароо эле Мухаммеддин сүрөтүн тартууга таптакыр болбойт деген талап катары кабыл алынган.
Анын сөзүнө караганда, орто кылымдардагы сүрөттөр тарыхый контексттен чечмелениши керек:” Бул сүрөттөрдүн көбү Мухаммед пайгамбардын ат минип алып бейишке кирип бараткандагы учуруна тийиштүү”.
Азим бул сүрөттөр мухаммед пайгамбардын портреттери дегенге кошулбайт. Анын айтымында, бул сүрөттөрдүн сюжеттери көп жагынан түшүнүксүз.
Эдинбург университетиндеги исламды окуп үйрөнүү борборунун директору профессор Хью Годдар болсо Кари Азимдин көз карашын колдобойт жана пайгамбардын сүрөтүн тартууга мамиле тарыхта көп жолу өзгөрүп турган дейт.
«Бул маселе боюнча Куран да, хадистер да бирдиктүү жооп бере албайт. Бир топ кылымдар бою мусулман жамааттарында бул жөнүндө ар кандай ой-пикирлер, түшүнүктөр болуп келген»,-дейт тарыхчы.
Сауд Арабстандан тараган ваххабит окуусунун негиздөөчүсү, арабиялык динаятчы Мухаммад ибн Абд Ваххаб бул маселе орчундуу роль ойногонун айта кетүү керек.
«Анын учурунда талаштар аябай курч болгон. Ваххабиттердин арасында Алладан башка бирөөнө, анын ичинде пайгамбардын өзүнө да сыйынууга абдан катуу карашкан. Соңку 200-300 жылдын ичинде бул маселедеги көз караш көп жолу өзгөргөн»,- дейт Годдар.
Пайгамбардын айкелдерине байланышкан маселе салыштырмалуу айтканда түшүнүктүүрөөк. Годдардын айтымында, кээ бир мусулмандар үчүн пайгамбардын элесин чагылдырууга каршы болуу дегеле адамдар менен жаныбарлардын элесин берүүдөн тартуудан баш тартуу болуп кабыл алынган.
Бирок баарында эле мындай тыюу болгон эмес. Мисалы, көптөгөн шиит мусулмандар башкача көз карашта. Азыр Германияда жашап жаткан Ирандын мурдакы имамы Хассан Юсеф Эшкаваринин айтымында, азыркы күндө дагы көптөгөн ирандык шииттердин үйүнө Мухаммед пайгамбардын элеси түшүрүлгөн буюмдарды тапса болот.
«Мындай сүрөттөрдү тартууга диний тыюулар салынган эмес, андайларды дүкөндөрдөн, үйлөрдөн көрсө болот. Диний жана маданий көз караштан алганда алар эч кандай шек келтирүүгө жатпайт», - дейт ал.
Бул маселедеги ар башкача мамилени сунниттер менен шиииттердин салттык айырмачылыктары менен түшүндүрсө да болот. Бирок Грубердин айтымында, башынан эле ушундай тыюу бар деп айткандар жаңылышат.
Бирок көп мусулмандар бул позицияга макул эмес.
«Куранда бул жөнүндө эчтеке айтылбайт, - дейт Исламдын саясий ой институтунун мурдакы жетекчиси доктор Азам Таммими. – Бирок бардык исламдык бийликтегилер Мухаммед жана башка пайгамбарлар төгөрөгү төп келген кынтыксыз жана күнөөсүз болушкан деп эсептешет, ошондуктан ага текебер мамилеге жол бербеш үчүн ал жөнүндө эч кандай ой жүгүртүү керек эмес".
Ал орто кылымдарда пайгамбардын сүрөттөрүн тартып келишкен деген жүйөөгө ишенбейт. «Балким, ошол учурда эле сүрөт тартууга динаятчылар айыптап чыгышкан болуш керек»,-дейт ал.











