Сот өкүмү: Charlie Hebdo журналына кол салуу боюнча айыпталгандар

мемориал

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2015-жылы Charlie Hebdo редакциясына кол салуу болуп, басылманын 12 кызматкери өлтүрүлгөн

Парижде 2015-жылдагы Charlie Hebdo редакциясына кол салууну уюштурган деп айыпталган 14 кишинин үстүнөн сот өкүмү чыкты. Сот кол салууга айыпталгандардын экөөнү 30 жылга эркинен ажыратты. 16 киши кол салуунун курмандыгы болгон.

Charlie Hebdo журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын кайра басып чыгарганы - кол салуунун негизги себеби болгону айтылган эле.

2015-жылы бир туугандар Саид менен Шериф Куаши жана Амеди Кулибали сатиралык журналдын Париждеги кеңсесине кол салып, басылманын алдыңкы сүрөтчүлөрү жана журналисттери өлтүрүлгөн. Андан кийин дүкөндөн дагы бир топ киши ушул топтун колунан ажал табат. Кол салгандарга полициянын кармоо операциясы учурунда ок жаңылган.

Сот иши март айында эле башталышы керек эле. Коронавирус пандемиясынан улам артка жылып олтуруп сентябрда башталды.

Шектүүлөргө тагылган айыптар ар башка: терроризмди каржылоодон тартып, кылмыштуу топтун мүчөсү болгонуна чейин. Үч киши, анын ичинде Кулибалинин сүйлөшкөн кызы сыртынан соттолууда. Кол салуунун алдында алар Сирияга, ошол маалда өзүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ көзөмөлдөгөн аймакка чыгып кетишкен. Алардын тагдыры белгисиз.

Прокурорлор айыпталуучулар Али Риза менен Хаят Бумедьенди өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. 32 жаштагы Бумедьен терроризмди каржылаган жана террорду кылмыштуу топтун курамында болгон деген айып менен 30 жылга соттолду.

Хаят Бумедьен террорчулардын бири Амеди Кулибалинин сүйлөшкөн кызы болгон

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хаят Бумедьен террорчулардын бири Амеди Кулибалинин сүйлөшкөн кызы болгон

Тергөөчүлөр шектүүлөрдүн бири Али Риза Польда редакцияга кол салган үч радикалга курал жана ок-дары алууга көмөк берген дейт. Ал дагы 30 жылга эркинен ажыратылды.

Польданын кош жарандуулугу бар - Франция жана Түркиянын жараны. Сотто бир тууган Куаши жана Кулибалинин планы тууралуу эч нерсе билбегенин айтты. Айыпталуучулардын дагы экөө күнөөсүн моюнуна алган жок. Алар Кулибали менен бир абак жайда отурушкан. Бирок алар радикалдашпаганын айтышкан.

line

Көп суроолор жоопсуз калды

Хью Скофилд, Би-Би-Си

Бул соттук угуулар видео кадрларда тарых үчүн кала бермекчи. Ал эми кол салуудан аман калгандардын айтып бергендери Франциянын тарыхында түбөлүккө калып, үрөй учурган окуяны эскертип турат. Бирок ошону менен бирге эле өлкө тарыхындагы терроризм боюнча өткөн чуулгандуу сот иши күтүлгөндөй тыянак берген жок. Далилдерди изилдеп чыгууга бир нече апталар кетти, бирок көп суроолор дале жоопсуз калды. Айыпталгандарды баары дүкөнгө кол салган Амеди Кулибалинин террордук түйүнүнө байланышы болушу мүмкүн деп каралды.

Charlie Hebdo редакциясына кол салган бир тууган Саид менен Шериф Куашинин колуна курал-жарак кайдан келген? Ал эми терроризмге байланышпаган башка кылмыш менен айыпталган ашынган оңчул жоочу Клод Эрмандын ролу эмнеде эле? Теракт болгонго чейин Сирияга качып кеткен үч айыпталуучунун ролу кандай? "Аль-Каида" жана "Ислам мамлекети" террордук уюмдарынан кимиси буйрук берген?

Соттолуп жаткандар майда-барат кылмышкердей эле таасир калтырды. Алар чын эле эч нерсе билишпейт же ошондой түр көрсөтүштү. Баары бир ооздон Кулибалинин жихаддык ниети тууралуу билишпегенин айтышты. Ошол эле маалда алардын айыбын кайра далилдөө дагы оңой болбоду.

Балким, соттук угуулар ошол күндөрдөгү эскерүүлөрдү ичине сактап, оор жүктөн арыла албай жүргөндөргө жардам бергендир. Бирок факты деген факты бойдон кала берет. Биз сотто өткөн окуя тууралуу көп деле жагдайларды биле алган жокпуз.

line

Беш жыл мурдагы сатиралык журналга өч алуу максатында болгон кол салуу француз коомчулугунун үрөйүн учурган. Ушундан кийин сөз эркиндиги боюнча кыймылдар түзүлүп, чоң жүрүштөр болгон эле.

Сентябрда сот иши башталып жатканда Charlie Hebdo журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын кайра басууну чечти. Ушундан кийин редакциянын мурдагы кеңсесине дагы кол салуу болуп, көчөдө өтүп бараткан эки киши жаракат алды.

Октябрда Париждин жака-белиндеги Конфлан-сен-Онорин аймагында теги чечен Абдулах Анзоров сабакта Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөнү үчүн тарых мугалими Сэмюэль Патини жашаган үйүнөн башын кыйып өлтүрүп кетти. Кол салган 18 жаштагы Абдулах полиция тарабынан атып өлтүрүлдү.

Октябрдын соңунда Ниццадагы католиктердин чиркөөсүндө үч кишини бычакталып өлтүрүлдү. Кол салууга шектүү бир ай мурун Европага Тунистен келгени белгилүү болгон.

Беш жыл мурунку кандуу окуя

2015-жылы Charlie Hebdo редакциясына кол салуу болуп, басылманын 12 кызматкери өлтүрүлгөн

Франциядагы каршылык жүрүшү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беш жыл мурдагы сатиралык журналга өч алуу максатында болгон кол салуу француз коомчулугунун үрөйүн учурган. Ушундан кийин сөз эркиндиги боюнча кыймылдар түзүлүп, чоң жүрүштөр болгон эле

2015-жылдын 7-январында бир туугандар 34 жаштагы Саид менен 32 жаштагы Шериф (Ирактагы көтөрүлүшчүлөргө көмөк көрсөткөн деп соттолуп, бир жарым жыл олтурган) сатиралык журналдын Париждеги кеңсесине кирип барган.

Алардын биринчи курмандыгы техникалык кызматкер болгон. Андан кийин офисте жыйынга чогулуп жаткан редакция кызматкерлерине кол салышкан. Журналдын сүрөтчүлөрү Стефан Шарбонье, Филипп Оноре, Бернар Тинью, Жан Кабю жана Жорж Волински өлтүрүлгөн. Ошондой эле экономист Бернар Мари, психиатр Эльза Кайя, бөлүмдүн редактору Мустафа Уррад, ошондой эле конок болуп келген Мишель Рено жана Шарбоньенин жансакчысы болуп иштеп жаткан Франк Бринсоларо киши колдуу болгон.

Полиция кызматкери Ахмед Мерабе кол салгандарды токтотом деп окко учат. Андан тышкары дагы төрт киши жарадар болот.

Кийинки күнү Куашилердин кичүүсүнүн таанышы Амеди Кулибали полиция кызматкерине кол салган. Ал 9-январда жөөттөрдүн дүкөнүнө бастырып кирип, бир кызматкерди жана үч кардарды өлтүргөн.

Бир тууган Куашилер редакцияга кол салуудан эки күндөн кийин Париждин түндүк-батышындагы аймактагы кармоо операциясы маалында полиция тарабынан атылган октон каза тапкан. Кулибалиге дагы кармоо учурунда ок жаңылган.