Украина: Качкындар кризиси, Visa менен Mastercard Орусиядан чыгат

Украина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусия Украинага бастырып киргени 11 күн болду. Кремль Укриананын аскердик инфраструктурасы дээрлик кыйрап бүткөнүн айтты.

Борбор Киевдин түндүк-батышындагы шаарчалар Бучада, Гостомелде жана Ирпенде орус аскерлери менен катуу салгылаш жүрдү. Тургундардын айтымында, бир да мүнөт жарылуусуз өткөн эмес.

Бери эле дегенде төрт киши — баары бир үй-бүлө мүчөлөрү — Ирпенден качып кетүүгө аракет кылып жатканда каза болгону айтылууда. Алар зыянга учураган көпүрөдөн өтөйүн деп жатканда ал жакка Орусия минометтордон атышкан.

Украин министринин орун басарынын айтымында, Орусия Украинада жай тургундарды дагы бутага алып келген, анын ичинде ооруканалар, балдар бакчасы жана мектептер да бар.

Ольга Стефанишина Би-Би-Сиге билдиргендей, украин армиясынын “катуу каршылыгынан” кийин Орусия жай тургундарга каршы “масштабдуу операция” жүргүзгөн.

Ал абадан дагы, жерден дагы чабуул уюштурган Орусиянын “террористтик планын” айыптады.

Украина

БУУ: Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы качкын кризиси

Укриана кризиси

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин качкындары Польшанын чек арасындагы Перемышль шаарына барышты

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттигинин (UNHCR) маалыматы боюнча, соңку он күндүн ичинде 1,5 миллиондон ашуун киши Украинадан качып, украиналык качкындардын саны кескин түрдө өскөн.

Агенттиктин жогорку комиссары Филиппо Гранди бул көрүнүштү Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы тез өсүп жаткан качкындар кризиси деп атады.

Качкындардын көбү Польшага барган. Польша чек арачыларынын маалыматы боюнча, өлкө 24-февралдан бери 922,400 качкынды кабыл алган.

Мариуполдо эвакуация кайрадан үзгүлтүккө учурады

Мариуполь
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мариуполдун борборуна жакын жерде соккудан кийин өрттөнүп жаткан имарат

Мариуполдо камалып калган адамдарды эвакуациялоо аракети кайрадан үзгүлтүккө учурады. Эки тарап тең ок атышууну токтотуу боюнча келишимди бузду деп бирин-бири айыптап чыгышты.

Кызыл чырым эл аралык комитети курчоого алынган порт шаарчадан 200 миң кишини эвакуациялоону үмүттөнүп жаткан болчу.

Комитеттен айтышкандай, алардын топтору “аскердик аракеттер башталганга” чейин Мариуполдон Запорожьеге эвакуация маршрутун ача баштаган эле.

Мариуполь шаардык кеңеши Орусиянын аткылоосу жай тургундарды эвакуациялоого жолтоо болгондуктан план бузулуп кеткенин билдирди.

Учурда аталган шаарда беш күндөн бери суу, электр жарыгы жок жана канализация иштебей турат. Азык-түлүк менен таза суу тез эле түгөнүүдө.

Орусиядагы каршылык акцияларында миңдеген адамдар кармалды

Орусия

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санкт-Петербургда 300дөн ашуун адам кармалды

Адам укуктары боюнча уюмдар жана Орусиянын бийлигинен айтышкандай, жекшембиде Орусия боюнча согушка каршы акцияларда дээрлик 4 000 киши кармалган.

Риа маалымат агенттиги ички иштер министрлигине таянып кабарлагандай, Москванын өзүндө эле 1 700дөйү кармалды.

“ОВД-Инфо” укук коргоо уюмунан айтышкандай, адамдар Орусиянын 53 шаарында кармалып турушат. Батышта Санкт-Петербургдан тартып, чыгышта Владивостокко чейин.

Соңку жылдарда каршылык акцияларына чектөө коюлуп келген болсо да Украинага бастырып киргенден бери Орусия боюнча көптөгөн митингдер өтүп жатат.

“ОВД-Инфо” уюму билдиргендей, согуш башталгандан бери 10 миңден ашуун киши кармалган.

Visa менен Mastercard Орусиядан чыгат

Орусия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Visa жана Mastercard төлөм системалары Орусиядан чыгарын жар салды. Алар өз кардарларына бир нече күн убакыт беришти.

Андан кийин Орусияда чыгарылган карталар чет өлкөдө, ал эми чет өлкөдө чыгарылган карталар Орусияда иштебей калат.

Ошентип орус каржылык системасынын сырткы дүйнө менен байланышы иш жүзүндө токтойт.

Ал эми Орусияда иштелип чыккан система менен төлөмдөр жүргүзүлө берет. Орусиянын Борбордук банкы Төлөм карталарынын улуттук системасын (ТКУС) иштеп чыккан. Аталган система “Мир” аттуу карталарды чыгарат.

ТКУС Орусияда 2014-жылы, Крымдын аннексиясынан кийин пайда болгон.

Анын аркасы менен Крымда көптөгөн жылдардан бери төлөм системасы иштеп келатат. Жергиликтүү банктар чыгарган карта менен Орусиянын ичинде төлөм жүргүзүүгө болот. Бирок жарым аралдын тургундары чет өлкөдөгү интернет дүкөндөрдөн буйрутма кыла албай же чет өлкөдө төлөм жүргүзө алышкан эмес.

“Мир” картасы иштеген өлкөлөр:

  • Абхазия
  • Армения
  • БАЭ
  • Беларус
  • Вьетнам
  • Казакстан
  • Кипр
  • Кыргызстан
  • Өзбекстан
  • Тажикистан
  • Түркия
  • Түштүк Осетия

Орусиянын авиакомпаниялары эл аралык каттамдарды токтотот

Орусия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Росавиация Орусиянын авиакомпанияларына 6-марттан тарта эл аралык каттамдарды токтотууну сунуштады. Мындай тыюу Орусиянын авиакомпанияларынын чет элдик (биринчи орунда Европанын) компаниялардан ижарага алган учактар менен байланыштуу. Андай учактар кожоюндарынын талабы менен чет жерде кармалышы ыктымал.

Евробиримдик 26-февралдан тарта Орусияга каршы санкцияларды жарыялаган.

Орусиянын чет элдик лизинг берүүчүлөрдөн алган учактары көп. Cirium аналитикалык компаниясынын маалыматына ылайык, 777 учактын 515и ижарага алынган.

Бирок анын баары кармалып калышы мүмкүн дегенди билдирбейт. Ал белгилүү бир компаниялардын, мисалы, лизинг берүүчүлөрдүн талабы менен ишке ашышы ыктымал. Андай учурлар буга чейин болуп келген.

24-26-февралдан бери Орусиянын авиакомпаниялары Орусияга каршы санкция салган өлкөлөргө жана алардын үстүнөн учпай калышкан. Аларга (35тен ашуун өлкө) каршы дагы аба мейкиндиги жабылган.

Росавиациянын билдирүүсүнөн кийин эле, 5-марттан тарта ири компаниялар эл аралык каттамдарды токтотконун жар салды. Алар:

  • “Аэрофлот” (аны менен катар “Победа” жана “Аврора”) - 8-марттан тарта
  • AzurAir - 8-марттан
  • Nordwind, PegasFly - 7-марттан
  • Royal flight - 5-марттан

Ошол эле учурда каттамдарын токтотпогон компаниялар дагы бар. Алар өздөрү ээлик кылган учактары болгондор, айрыкча Орусия өндүргөн учактары барлар.

Аскердик түгөйлөр фронт чегинде баш кошту

Киев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коркунучтуу кырдаалда кубанычка да орун табылды.

Киевден алыс эмес жайгашкан аскердик бекетте украиналык түгөйлөр турмуш жолуна бирге аттанышты.

Коноктордун арасында Киевдин мэри, бокс боюнча дүйнөлүк чемпион Виталий Кличко да болду. (EA)