Россия Би-Би-Синин сайттарына бөгөт койду

Би-Би-СИ

Россиянын бийликтери Би-Би-Синин bbcrussian.com жана bbcnews.com. сайттарына бөгөт койду.

Россиянын байланыш, маалымат технологиялары жана массалык коммуникация тармактарын көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын билдирүүсүндө бул сайттарда "чындыкка жатпаган коомдук маанилүү маалымат чын маалымат катарында таратылып" жатканы айтылат.

Би-Би-Синин сайттарына бөгөт коюу - россиялык бийликтердин көз каранды эмес ЖМКларга каршы өнөктүгүнүн кезектеги кадамы. Россияда ошондой эле Фейсбук менен Твиттерге да бөгөт коюлду.

Би-Би-Синин орус кызматынын сайты "массалык тополоңго, экстремизмге жана мыйзамсыз массалык акцияларга чакырыктар жазылган" ЖМКлардын тизмесине киргизилди.

BBC russian мурдараак Россиянын көзөмөл комитетинин эскертүүсүн алган, анда "чын маалымат катары таратылып аткан чындыкка туура келбеген, өмүргө зыян келтирген маалыматтарды" алып салуу талабы коюлган.

Би-Би-Синин сайттарына бөгөт коюу - россиялык бийликтердин көз каранды эмес ЖМКларга каршы өнөктүгүндөгү кезектеги кадамы. Россияда сайттар менен социалдык тармакка бөгөт коюлууда.

Би-Би-Си орус бийликтеринин бул чечимдерин айыптайт.

"Так, чын маалыматка жетүүнү камсыз кылуу - адамдын фундаменталдуу укуктарынын бири. Россиянын жашоочуларынын арасындагы Би-Би-Синин жаңылыктарын алып жүргөн миллиондогон адамдар бул укуктан ажыратылбашы керек. Биз Би-Би-Синин жаңылыктары Россияда жана бүт дүйнөдө жеткиликтүү болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү улантабыз",-деп айтылат корпорациянын билдирүүсүндо.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Синин Орус кызматы Россиядагы окурмандарга сайттын тиркемесин көчүрүп алып окууну сунуш кылууда.

Россия менен Украинада согуш башталгандан бери BBC News орус кызматынын колдонуучулардын саны аптасына 3,1 миллиондон 10,7 миллионго өстү. Орус тилдүү колдонуучулардын арасында конфликттин реалдуу убакыт режиминде чыгып жаткан жаңылыктары эң көп окулууда.

"Чыр-чатакта эң биринчи чындык өлөт деп көп айтышат эмеспи, - дейт корпорациянын башкы директору Тим Дэйви. - Конфликт убагында дезинформация менен пропаганданын арааны жүрүп жатканда, чын фактылар менен менен эл ишенген, көз каранды эмес булактан алынган маалыматка керектөө кашкайып көрүнүүдө. Бүгүн дагы миллиондогон россиялыктар Би-Би-Сиге кайрылууда".

4-мартта Мамлекеттик Дума россиялык аскерлердин аракети жөнүндө "чындыкка туура келбеген маалыматты" тараткандыгы үчүн жазалоо жөнүндө мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алды.

"Эхо Москвы" радиостанциясы жабылды. Мурда эле "чет элдик агент" болуп жарыяланган "Дождь" телеканалы өзүнүн берүүлөрүн убактылуу токтотту. (КС)