Вирусту жуктурганы үчүн жаза: 2020-жылы өлүм жазасына тартылгандар

Сүрөттүн булагы, NurPhoto
Адам укуктарын коргогон Amnesty International уюмуна ылайык, коронавирус пандемиясына карабай 2020-жылы 18 мамлекетте 483 адам өлүм жазасына тартылды.
Тескерисинче, айрым мамлекеттерде өлүм жазасына тартылгандардын саны пандемия учурунда көбөйдү. Уюм муну кабыл алынгыс факты катары мүнөздөйт. Өлүм жазасына кабылган 483 адамдын 88 пайызы Жакынкы Чыгыштын же Ирак, Египет, Иран жана Сауд Арабиясынын тургундары эле.
Кытайда карантин чектөөлөрүн бузган адам өлүм жазасына тартылган. АКШда болсо 17 жылдан кийин биринчи жолу Трамп администрациясы алты айдын ичинде он адамды өлүм жазасына тартты.
"Дүйнө жүзү коронавирус пандемиясы учурунда адамдын өмүрүн сактап калуу жолдорун издеп, жарандарын коргоп калуу үчүн күрөшүп жатканда, айрым өлкөлөр үрөй учурган чечкиндүүлүк менен, эчтекени карабай кишилерди өлүм жазасына тартып жатты",-деп айтты Amnesty International уюмунун башчысы Аньес Калламар.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам көптөгөн мамлекеттерде, анын ичинде АКШда өлүм жазасына тартылгандарга адилеттүү соттук териштирүү камсыздалган эмес. Адвокаттар чектөөлөрдөн улам айыпталып жаткан кишилер менен жолуга албай калганын айтышууда.

Сүрөттүн булагы, AFP
Коронавирус жуктурганы үчүн өлүм жазасы
Өткөн жылы февраль айынан тарта Covid-19 вирусу дүйнөгө тарады. Дал ушул учурда Кытайда вирустун симптомдорун жашыргандар кылмыш жазасына тартыла баштады. Симптомдорун жашыргандар жеңил жаза алса он жылга абакка кесилет, оор жаза алса өлүмгө тартылат.
Пандемия учурунда жасалма дары-дармекти саткандар, бирөөгө вирусту атайын жуктургандар жана медицина кызматкерлерине зыян келтирген жарандар өлүм жазасы тартылышы мүмкүн болду.
2020-жылдын февраль айында 21 киши так ушул берене боюнча соттолуп, төрт киши өлүм жазасына тартылуу боюнча өкүм алган. Кытайда так канча киши ушул айыптар боюнча өлүм жазасына тартылганы белгисиз. Себеби Бээжин аны мамлекеттик сыр катары жашыруун сактайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Amnesty International уюмунун Кытайда коронавируска байланыштуу эрежени бузган бир адам өлүм жазасына тартылганы боюнча маалыматы бар. Өлкөдө коронавирус пандемиясына байланышы жок 46 кылмыш үчүн өлүм жазасы каралган. Алардын арасында коррупция беренеси дагы бар. Өлүм жазага тартылгандар боюнча так маалымат жарыяланбагандыктан Amnesty жергиликтүү медиага чыккан кабарлар жана өлүм жазасына тартылгандардын туугандарынын көрсөтмөлөрүнө таянат.
Amnesty International Кытайда жылына бир миңге чукул адам өлүм жазасына тартылат деген пикирде. Кытайдан тышкары уюмдун Вьетнам, Түндүк Корея жана Сирияда канча адам өлүм жазасына тартылганы боюнча маалыматы жок. Бул мамлекеттерде дагы өлүм жазасына тартылгандардын саны жашыруун кармалат.
2020-жылы 1477 адамга өлүм жазасы боюнча өкүм чыкты. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөн көрсөткүч. Amnesty International уюмунун эксперттери буга коронавирус пандемиясы учурундагы чектөөлөр себеп экенин айтууда. Мисалы, 2020-жылы Беларуста өлүм жазасы боюнча бир дагы өкүм чыккан жок. Беларус өлүм жазасы сакталган Европадагы жалгыз мамлекет. Бул өлкө көз карандысыздыкка жеткенден бери 400 кишини өлүм жазасына тартты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ага карабастан 108 мамлекет өлүм жазасынан баш тартты. 2020-жылы дагы бир нече мамлекет өлүм жазасынан баш тартып жатканын жарыялады. Алардын арасында Казакстан дагы бар.
Amnesty International уюму өлүм жазасын мамлекет тарабынан уруксат берилген киши өлтүрүү катары мүнөздөйт жана бардык өлкөлөрдү андан баш тартууга чакырат. Бул пикирге карабастан көптөгөн мамлекеттерде, анын ичине АКШда, жарандардын басымдуу бөлүгү өлүм жазасын колдойт.















