Кытайда люк капкагын уурдагандар “өлүм жазасына” тартылышы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын Жогорку соту люк капкагын уурдагандарды катаал жазага тартууну сунуштады.
Мамлекеттик People's Daily гезити, Жогорку элдик сот люк капкагын уурдагандарды катуу жазалап, анын ичинде "өлүм жазасы" дагы каралганын маалымдады.
Билдирүүдө люк капкагын уурдоо же талкалоо "коомдук саламаттыкка" коркунуч түзүп жатканы айтылат. People's Daily басылмасы люк капкактарынын жок болгону "трамвай же унааны оодарып салышы" мүмкүн экенин жазды.
Коомдук жайдагы чоң көйгөй
Кытайдын сотунда иштеген Ван Чун бийликтин чечимин түшүндүрдү:
"Люк капкагын уурдагандарга көңүл көп бурулбайт. Бирок бул адамдын өмүрүнө, коопсуздугуна жана коомдук саламаттыкка чоң көйгөй түзүп жатат. Ошондуктан люк капкагын уурдап же талкалагандарды тентектик кылды же уурулук жасады деп айтуу болбойт. Аларга катаал жаза берилиши керек".
Xinhua маалымат агенттиги, коомдук жайларда люктарды туура эмес орноткон муниципалдык кызматкерлерге карата дагы жаза катаалдашканын белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
China Daily басылмасына ылайык, 2017-2019-жылдары өлкөдө люк капкагы жок болгондуктан жетимиштен ашуун киши жабыркаган же каза тапкан.
Кытайда люк капкактарын уурдагандар аны темирге өткөрөт. Андан тышкары такси айдоочулары суу алуу үчүн капкакты алып, ордуна койбой кетип калган учурлар дагы катталган.
Жаңы эреже Кытайдын коомдук сайттарында кызуу талкууга алынып жатат. Көптөр жаңы мыйзамды колдоп жатканы менен, айрымдар алкоголдук ичимдик ичип унаа айдагандарга карата жазаны катаалдаштырса болмок деген пикирин айтууда.







