Шинжаң: Батыш мамлекеттери Кытайга санкция жарыялады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Батыш мамлекеттери Кытайдын мусулман азчылыктарына карата мамилесин сындап, Бээжинге каршы санкция жарыялады.
Кытай Шинжаң аймагында миңдеген уйгур, кыргыз, казак жана башка азчылыктарын "тарбиялоо лагерлерине" жөнөтүп, алар кыйноого алынганы, мажбурлап иштетилгени, айрымдары сексуалдык зомбулукка кабылганы аныкталды.
Шинжаңдагы ырайымсыз аракеттери үчүн Европа Биримдиги, Британия, АКШ жана Канада биригип Кытайга санкция жарыялады. Бээжин дароо жооп кылып, Европанын расмийлерине санкция киргизди жана дооматтарды четке кагып, "тарбиялоо лагерлерин" терроризм менен күрөшүүдөгү "билим берүү жайлар" экенин белгиледи.
Европа Биримдиги 1989-жылдан бери (Тяньаньмэн аянтындагы окуялар) Кытайга каршы санкция жарыялай элек болчу.
Санкциялар эмнени камтыйт?
Батыш мамлекеттеринин санкциялары Шинжаңдагы "тарбиялоо лагерлерин" уюштурууга катышкан расмийлерге багытталган. Алардын адам укуктарын тебелегени үчүн мүлктөрү тоңдурулуп, саякаттоого тыюу салынат.
Расмийлердин ысымы жана кызматы:
- Чен Мингоу, Шинжаңдын коопсуздук кызматынын башчысы
- Ванг Мингшан, Шинжаңдагы коммунисттик партиянын өкүлү. Европа Биримдиги дал ушул расмий уйгурлардын "тарбиялоо лагерлерине" жөнөтүлүшүн уюштурганын айтууда
- Ванг Жуншен, Шинжаң өндүрүү жана курулуш корпорациясынын катчысы. Мамлекет ээлик кылган аскерлешкен уюм экономикага дагы көңүл бурат
- Цзу Хайлун, Шинжаңдагы коммунисттик партия башчысынын мурдагы орун басары. Бул киши "тарбиялоо лагерлериндеги" иш чараларга жооп бергени айтылат
- Шинжаң өндүрүш жана курулуш корпорациясы, аскерлешкен уюм лагерлерди уюштуруп, коопсуздукту көзөмөлдөп, аларды иштетип келет
Британиянын тышкы иштери министри Доминик Рааб Шинжаңдагы мусулмандардын куугунтукталганын "жаңы тарыхтагы эң олуттуу адам укуктарына байланыштуу кризис" деп атады.
"Отузга чукул өнөктөштөрүбүз менен бирге чара көрүп, эл аралык коопчулук адам укуктарынын системалуу түрдө тебеленишине жол бербейт деген эскертүүнү Кытай өкмөтүнө жолдоп жатабыз. Биз биригип күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз",-деди Рааб.

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен болсо Кытай "геноцид жана адамзатка каршы кылмышка" барганын белгиледи. Канаданын тышкы иштери министри Кытай бийлигинин мусулман азчылыктарын куугунтуктап жатканы боюнча "далилдер арбын" экенин маалымдады.
Шинжаңда эмне болуп жатат?
Кытайдын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыктары атайын уюштурулган "тарбиялоо лагерлерине" мажбурлап жөнөтүлүүдө. Алар "лагерден" кийин завод-фабрикаларда мажбурлап иштетилип жатканы боюнча дагы далилдер арбын. Адам укугун коргогон уюмдар болсо "тарбиялоо лагеринде" кармалган аялдар зордукталып, кыйноого алынып, стерилизация болуп жатканын ырасташкан.
Шинжаң (тарыхый топоними - Чыгыш Түркстан), Тибет сыяктуу автоном аймак болуп саналат. Демек, аймак өзүн-өзү башкарышы керек эле. Бирок иш жүзүндө Бээжин чектөөлөрдү киргизип, башкарууну өз колуна алган.
Би-Би-Сиге маек курган Турсунай Зиявудун 2018-жылы Шинжаңдагы лагерде кармалган. Аны беткап кийген Кытай эркектери күн сайын зордуктаганын айтып берген. Лагерде иштеген мурдагы күзөтчүлөрдүн бири дагы бул жайларда кармалгандар кыйноого алынганын тактаган.

Кытай Шинжаңдагы жана коронавируска байланыштуу окуяларды чагылдырганы үчүн Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына тыюу салды.
Кытайдын өкмөтү дооматтарды четке кагып, лагерлерди "кесиптик билим берүүчү жай" деп атап келүүдө. Ал эми фабрикаларды "жакырчылык менен күрөшүүгө" багытталган масштабдуу долбоор экенин жана анда кишилер ыктыярдуу түрдө иштеп жатышканын айтууда.
Кытайдын санкцияларга жообу кандай болду?
Кытай Европа Биримдигинин санкциялары "жалган маалыматка жана ушакка" негизделгенин билдирди. Санкцияларга жооп кылып Кытай Европанын 10 расмийине санкция жарыялады. Бул кишилер "Кытайдын көз карандысыздыгына шек келтирип, жалган маалымат таратуу аркылуу өлкөнүн кызыкчылыгына коркунуч жараткан".
Санкцияга алынган европалык расмийлер Кытайга кире албайт жана өлкөдө бизнес менен алек боло албайт.
Санкцияга германиялык саясатчы Ренхард Бутикофер, швециялык эксперт Адриан Зенц жана окумуштуу Бьерн Жерден дагы кирди. Зенц мырза Кытайдын Шинжаңдагы саясатын бир нече жылдан бери изилдеп келген. Ал өткөн жылы Кытай өкмөтү Шинжаңда стерилизация долбоорун ишке ашырып жатканын ашкерелеген.












