Мыйзамсыз миграцияга каршы катаал саясат: Париждеги кагылышуу

Сүрөттүн булагы, EPA
Француз полициясы шейшембиге караган түнү Париждин борбордук бөлүгүндөгү Республика аянтында мигранттар үчүн уюштурулган лагерди күч колдонуу менен таратты. Укук коргоо органдары өтө катаал аракеттенип, операция соңу мигранттар жана аларды коргогон укук коргоочу активисттер менен кагылышууга жеткирди.
Полиция 500дөй чатырды жыйнап кетти. Анда жаткан мигранттардын кээсин күч менен сыртка сүйрөп салышты.
Башында бир нече активист полициянын алдын тосо чыгып, "Баарына документ! Баарына турак жай!" деп кыйкырышты. Полиция аларды көздөн жаш агызган газ, союлдарды колдонуп, туш келди чачыратып кубалады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Полициянын мындай аракетин айрым укук коргоочулар менен саясатчылар сындап чыкты. Ички иштер министри Жеральд Дарманен "Твиттер" баракчасына билдирүү жазып, айрым учурларда полиция өтө эле чегинен ашкан аракеттерге барганын жарыяланган видеолордон көргөнүн жана бул боюнча түшүндүрмө талап кыларын жазды.
Париждин борборундагы лагерь болгону бир саат турду. Чатырларды француз ыктыярчылары тигип, заматта эле үй-жайсыз жүргөн көптөгөн мигранттар келген. Алар негизинен ооганстандыктар.
Бир апта мурун ушундай эле лагерди Париждин чет жакасындагы Сан-Дениден бузуп кетишкен. Бирок ал жердегилерге убактылуу башкалка берилген жок. Мигранттар жашай турган жери жок, көчөдө калганын даттанууда.
"Алар өтө эле орой мамилеге өтүп алышты,-деп даттанган 34 жаштагы ооган жараны Шахбуддин. - Бизге болгону башкалка кыла турган жай керек".

Сүрөттүн булагы, EPA
Катаал саясат
Президент Эмманюэль Макрон мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы катаал саясат жүргүзүүдө. Көпчүлүк мигранттар Кале аркылуу Британияга өтүп кетүү аракетинде Францияга келген.

Сүрөттүн булагы, EPA
Жер Ортолук деңиз аркылуу келген Мигранттардын массалык агымы 2015-жылы болду. Андан бери мигранттар саны азайганы менен саясий качкын макамын алуу үмүтү менен Европада жүргөндөр дале көп. Алардын макамы аныкталган эмес, убактылуу жашаган үй-жайы жана жумушу да жок.













