Беш жыл мурунку дүйнөнүн үрөйүн учурган сүрөт. Эмне өзгөрдү?

Алан Курдинин сүрөтү дүйнөнүн үрөйүн учуруп, качкындар менен мигранттар көйгөйүн көңүл борборуна чыгарган эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алан Курдинин сүрөтү дүйнөнүн үрөйүн учуруп, качкындар менен мигранттар көйгөйүн көңүл борборуна чыгарган эле

Беш жыл мурун сентябрдын ушул күндөрү жээктеги кумда жансыз жаткан наристенин сүрөтү дүйнөнүн үрөйүн учурган эле. Каза тапкан наристе бала 2015-жылдагы миграциялык кризистин символу болуп калды. Миңдеген кишилер Европага жетпей өмүрү менен кош айтышкан. Андан бери эмне өзгөрдү?

Бул жылы Алан тирүү болсо жети жашка чыкмак эле. Бул үй-бүлөдөн жалгыз гана атасы тирүү калган. Ал үй-бүлөсүн алып, грек аралдарына качып өтүп кетүүнү көздөгөн. Бирок кырсыкка кабылып, эки баласы менен жубайын жоготту. Азыр жаңы жашоо баштаганга аракет кылууда. Кийинки жубайынан төрөлгөн баласынын ысымын Алан деп койгон.

графика

Азыр ал Kurdi Foundation уюмунда координатор болуп иштеп, мигранттарга жардам берүү максатында каражат чогултат. Өткөн жылдан тарта Жер Ортолук деңизди "Алан Курди" деген аталыштагы куткаруу кемеси күзөтө баштады. Аны германиялык компания каржылайт.

Айрым маалыматтарга караганда, Алан Курди каза тапкан күндөн бери деңизге чөгүп 17 миң мигрант кайтыш болду. 2015-жылдын январынан август айына чейин деңиз жолунда 3030 киши каза тапса, ушул жылдын башынан бери 554 киши жарык дүйнө менен кош айтышты, дейт Эл аралык миграция уюму. Мурдагыдай эле мигранттар Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага өтүп кетүүгө умтулуп келүүдө.

2019-жылы Евробиримдик Жер Ортолук деңизди кайтарууга алган куткаруу кемелеринин ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алган.

карта

Чыгыш каттамы

2015-жылы Грециянын жээктери Түркиядан аргасыз жер которгон качкындарга толгон. Алардын көпчүлүгү кыска бирок өтө опурталдуу багыт менен грек аралдарына жетүүгө умутулуп жатышты. Дал мына ушул жолду Алан Курдинин үй-бүлөсү тандап алган эле.

2016-жылы түрк өкмөтү Евробиримдик менен келишим түзүп, Грецияга өтүп кеткен сириялык качкындарды артка - кайра Түркияга кайтарууга макул болгон. Бул үчүн Евробиримдик качкындарды жайгаштырууга жардам катары Түркияга алты миллиард евро берген. Ушундан кийин аймакта чек араны мыйзамсыз кетип өткөн качкындар саны бир жылда 216 миңден (2015-жылдын октябры) төрт миңге чейин (2016-жыл, октябрь) кыскарды.

2020-жылдын февралынан тарта Түркия өз аймагындагы мигранттарды акырындап Грецияга коео бере баштады. Президент Эрдоган өлкөсү Сириядан келген качкындардын жаңы агымына туруштук бере албай жатканын айтты. Ошондуктан 2016-жылдагы келишимди аткара албайбыз деди.

Грецияга тыгылган мигранттар

A man holds his crying child close to him as migrants force their way through police lines at Tovarnik station for a train to take them to Zagreb on September 17, 2015 in Tovarnik, Croatia.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Европанын дарбазасы саналган өлкөнүн Эгей деңизинин чыгышындагы грек аралдары түштүк тараптан келген качкындарга толду. Лесбос, Хиос, Самос, Лерос жана Кос сыяктуу аралдардагы мигранттар үчүн лагерлерде миңдеген качкындар башкалкалап жатат.

Аларга башпаанек берүү маселесин грек өкмөтү бир нече айдан бир жылга чейинки убакыттын ичинде карайт. 2019-жылдын декабрында башпаанек сураган 87 миң арыз келип түшкөн. Башпаанек берүү боюнча баштапкы чечимдин кароого орточо алганда 10 ай убакыт сарпталат. Covid-19 пандемиясынан улам бул жараян дагы кечигүүдө.

графика

Лагерлерге кишилер толуп, айрым жерде таза суу таңкыс, электр жарыгы үзгүлтүк менен берилет. Грециянын өкмөтү мигранттарга жардам катары берилген Евробиримдиктин жардамы такыр эле жетпей жатканын айтууда.

Тунистик качкындар

графика

2015-жылы Европага ондогон өлкөлөрдөн мигранттар келди. Алардын көпчүлүгү согуш жүрүп жаткан Сирия менен Ооганстандан. Бүгүнкү күндө БУУнун маалыматы боюнча Тунистен келгендер көбөйүп жатат.

Бул жылы Жер Ортолук деңиз аркылуу Тунистен алты миңдей киши Европага өткөн. Алардын көбү жакырчылык жана жумушсуздуктан, өлкөсүндөгү саясий туруксуздуктан улам аргасыз жер которгон жаштар. Италия өкмөтү акыркы мезгилде Ливияга караганда тунистик качкындар көбөйгөнүн ырастады.

графика

Интеграция

2015-жылы Германия канцлери Ангела Меркель качкындар үчүн чек араларын ачкан эле. Германияга миллионго чукул мигрант кирген.

Меркелдин Христиан-демократиялык партиясынын колдоочулары анын бул чечимин көп деле жактырган жок. Муну менен оңчул партиялар оожалды. Меркель өзүнүн чечимине коргоого аракет кылды. Бирок 2016-жылы Христиан-демократиялык партиясынын курултайында мындай кырдаал экинчи кайталанбашы керектигин айтты. Азырынча Германиянын өкмөтү мигранттарды интеграциялоонун жолун издөөдө.

графика

Жакында эле германиялык Ишке жайгаштыруу институту иликтөө жарыялап, мигранттардын жарымы жумуш издөөдө чоң көйгөйлөргө туш болгонун айтып чыкты. 2013-2018-жылдары келген мигранттардын 49 пайызы гана туркутуу жумуш орундарын табышкан. (AbA)