Тоолуу Карабахка сириялык жалданма аскерлер тартылдыбы?

Азербайджанская артиллерия

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахтагы салгылашуусун улантууда

Эл аралык коомчулуктун ок чыгарууну токтотуу боюнча чакырыктарына карабастан, Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахтагы салгылашуусун улантууда.

Франция, АКШ жана Орусия лидерлеринин Ереван менен Бакуну тынчтыкка чакырганына карабастан, жаңжал токтой элек. Ал эми Түркия болсо тынчтык сүйлөшүүлөрү маңызын жоготконун белгиледи.

"АКШ, Орусия жана Франция отуз жылдан бери бул көйгөйдү көз жаздымда калтырды. Ошондуктан аны чечүүдө алардын катышуусу акылга сыйбастык",-деп айтты Эрдоган парламентке болгон кайрылуусунда. Түркиянын президенти "армян оккупанттары" Тоолуу Карабахтан чыгып кеткенден кийин гана тынчтык орнойт деп кошумчалады.

Реджеп Тайип Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын президенти Эрдоган тынчтык сүйлөшүүлөрү маңызын жоготконун белгиледи

Ал тапта Франциянын президенти Макрон бейшемби күнү Сириядан жалданма аскерлер Түркиянын Газиантеп аймагы аркылуу Тоолуу Кабарахка алынып келингени боюнча далилденген маалымат бар экенин билдирди.

"Үч жүзгө чукул сириялык согушкерлер Алепподон Түркиянын Газиантеп аймагы аркылуу Тоолуу Карабахтагы жаңжал болуп жаткан тилкеге жеткирилген. Алардын аты-жөнү жана каякта экени белгилүү, бул далилденген факт. Алардын террордук уюмдар менен дагы байланышы бар",-деп айтты Макрон.

Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель Макрондун сириялык жалданма аскерлер боюнча өз пикирин айтып жатып, Түркияны Тоолуу Карабахтагы жаңжалга кийлигишпөөгө үндөдү.

бойцы мятежных формирований в Идлибе в 2016 году

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин булагы жана Европанын башка медиа агенттиктери Тоолуу Карабах аймагына Сириядан жалданма аскерлер барганын кабарлашууда

Буга чейин Тоолуу Карабахта согушка катышып жатабыз деген аскерлердин бири Би-Би-Сиге байланышка чыгып, Сириядан келгенин айткан. Абдулла (ысымы өзгөртүлгөн) 17ден отуз жашка чейинки эркектер Түркия көзөмөлдөгөн Сириянын түндүгүнөн Азербайжанга келгенин билдирген. Алар өткөн шаршемби күнү, жаңжалга төрт күн калганда чек ара аймагына жеткирилгенин дагы кошумчалады.

"Өткөн аптада Сириянын улуттук армиясынын Хамза дивизиясынын башчысы Саиф абу Бакр Азербайжанга барып аскердик базаларды кайтарып, айына эки миң доллар маяна алсаңар болот деп сунуштады. Мен согуш чыгарын билген эмесмин",-деп айтты Абдулла Би-Би-Сиге мессенжер аркылуу жазган катында.

карта

Анын айтымында 27-сентябрда аларды майдан тилкесине алып барышып, салгылашууларга катышкан. Жаңжалдын биринчи күнүндө эле төрт сириялык мүрт кеткен. Андан бери Абдулла онго чукул сириялык каза таап, жетимишке чукулу жаракат алганын айтууда.

Түркия болсо бул айыптарды кескин четке кагууда. Президент Эрдогандын кеңешчиси Илнур Жевик дооматтарды "эч далилсиз" маалымат деп мүнөздөдү.

Ал аңгыча Франциянын лидери Макрон Орусия, АКШ жана Франция жакын арада Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотуу үчүн бир катар сунуштар менен чыгат деп белгиледи.