Ч. Эсенгул: Кыргызстан бул жолу Армения менен Азербайжанга данакер боло албайт

Сүрөттүн булагы, Defence Ministry of AZE/Anadolu Agency
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
БУУнун Коопсуздук кеңеши Армения менен Азербайжанды "тез арада согушту токтотууга" жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.
Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабахтагы кырдаалды талкуулоо үчүн Нью-Йоркто чукул жыйынга чогулган эле. Мунун алдында дүйнөлүк державалар, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңеши тараптарды ок атышууну токтотуп, ымалага келүүгө үндөдү. Сүйлөшүүлөр 26 жылдан бери ийгиликсиз уланып келүүдө. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулга кайрылып, окуянын өнүгүшү кандай болушу мүмкүн деп сурадык.
Ч. Эсенгул: Тоолуу Карабахтагы куралдуу жаңжал мындан ары да курчуй берет деп болжоп жатам. Эки тараптан тең бир топ жоготуу болуп, ошондо гана бир нече жылга кайра токтойт. 1988-жылдан бери чатак уланып келе жатпайбы. 1994-жылы келишим түзүлүп, анда Армения көбүрөөк жеңишке жеткендей болгон. Тоолуу Карабах, аны курчап турган жети район Арменияга карап калган. Дал ошол жерлерлди Азербайжан оккупацияланды деп эсептеп келет.
Мен Азербайжандагы досторум менен байланышсам алар кубанып жатышканын айтты. Себеби алар мурда оккупацияланган жерлерди акырындап кайрадан кайтарып алып жатабыз деген позицияда. Эл арасында маанай дал ушундай. Бирок, Армения дагы катуу турабыз деп жатат. Өкмөт башчысы Никол Пашинян бийликке келгенде ушундай позициясын билдирген. Ошондуктан бул аябай чиеленишип, геосаясаттын оюну болуп эле кете берет.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Тынчтык менен жайгара тургандай дипломатиянын жолу барбы?
Ч. Эсенгул: Теориялык жактан албетте мүмкүн. Бирок согуш жана дипломатия менен чече турган маселелер бул жерде аябай чырмалышып калган. Азербайжан колунан келишинче Арменияны көздөй жылууну көздөп жатат. Канча жоокерди жоготсок дагы жерди кайтарып алсак деген ой менен Азербайжан ушундай кадамга барды. Эгер ошондой шартта сүйлөшүүлөр баштала турган болсо, анда дал ушул маселе Азербайжандын баштапкы позициясы болуп калат. Алар ошол позицияны сүйлөшүүгө чейин бекемдеп алуу жагын да ойлоп жатса керек. Армения дагы жөн эле карап туруп бербейт, ага макул эмес. Ошондуктан алар сүйлөшүүдөн баш тарткандай позицияны кармангансып турат. Согуш менен маселе чечүү дагы саясаттын бир жолу. Тилекке каршы. Кээде дипломаттар дагы согуштун жыйынтыгынын негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ага таасын бир мисал Палестинада болуп жаткан конфликт.
Би-Би-Си: 1994-жылы ушул эле Карабах маселеси абдан курчуган кезде, Кыргызстан эки тарапты сүйлөштүрүп, жараштырууга кайсы бир деңгээлде өз салымын кошту эле. Кыргызстан ошондой данакерлигин бул жолу да көрсөтүүгө мүмкүндүгү барбы?
Ч. Эсенгул: Ооба, учурунда Кыргызстан тараптан ошондой маанилүу кадам жасалган. "Бишкек протоколу" түзүлүп, ошол жылдын май айында кол коюлган. Аны КМШнын парламенттик ассамблеясы, кыргыз парламенти жана Орусиянын тышкы иштер министрлиги биргелешип ишке ашырган. Ошондо 1988-жылы тутанган чырдын оту 1994-жылы басылган. Толук болбосо да тынчтык өкүм сүрүп, кээде ар кандай масштабда араздашып келишти, жоготуулар да болду.
Бирок маселе принципиалдуу чечилген эмес. Дүйнө коомчулугу Тоолуу Карабах Азербайжанга караштуу деп билет. Ага карабастан ал жерде жашаган калк этникалык жактан армян тектүүлөр. Бул жолу Кыргызстан 1994-жылдагы ийгилигин кайталай албайт. Анын ыктымалдуулугу өтө төмөн деп эсептейм. Себеби, соңку отуз жыл ичинде кыргыз дипломатиялык мектеби өтө күчтүү, таасирдүү дипломаттарды тарбиялап чыга алган жок. Дипломаттар менин сөзүмө капа болбойт деп ойлойм. Ошол кездеги дипломаттарды эле айта турган болсок, Роза Отунбаева сыяктуу күчтүү дипломаттар комиссиянын мүчөсү, ортомчулары болуп жүрүшкөн. Мен азыр андай деңгээл, андай калибрдеги дипломаттарыбызды көрө албай турам. Азыр Орусия менен Иран ортомчулук кылууга белсенип тургандай.














