Кышты карантинсиз өткөрүү: Европа коронавирустун жаңы толкунуна даярданууда

Сүрөттүн булагы, AFP
Европа коронавирус пандемиясынын жаңы толкуну коркунуч жараткан кыш мезгилине даярдык көрүүдө. Бул жолу жаздагыдай карантин чараларын киргизбей туруп, абалдан чыгуу жолдору сунушталмакчы.
Карантин чаралары коомго жана экономикага өтө оорчулук жаратты. Ошондуктан толук изоляциядан качып, бирок вирусту жайылтпоонун башка жолу зарыл дейт европалык лидерлер. Жай айында карантин чаралары алынгандан кийин көп өлкөлөрдө вирустун жайылышы күчөп, жоготуулар көп болгонун билебиз.
Европалыктар вирус менен жашоого акырындап ыңгалайшууда. Айталы, беткап кийүү, жумуштун көбүн үйдө олтуруп иштөө, социалдык аралык сыяктуу эрежелер орноду. Медицина дагы оор сыноодон өттү. Эмоционалдуу италиялыктар менен испандар дагы өздөрүн токтоо мүнөз скандинавдар сыяктуу алып жүргөнгө көнүүдө. Ошондуктан экинчи толкундан шведдердин жолу менен өтөбүз деп турат. Бул деген дүкөн, кафе, офис жана чек араны жаппай эле вирустун жайылышын токтотуу.

Сүрөттүн булагы, EPA
Жаңы локдаунга каршы Европанын белгилүү саясатчылары Германиянын канцлер Ангела Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон пикирин айтты.
"Биз өлкөдөгү жашоону кан буугандай токтото албайбыз. Анткени локдаундун тескери кесепеттери көп болду",-деди Макрон Paris Match журналына берген интервьюсунда.
Меркель болсо жаздагы абалдын кайталанышын каалабай турганын, соода жана саясий өнөктөш болгон Европа Биримдигиндеги өлкөлөр бири-биринен ажыраган абалда калганын айтты.
"Саясатчы катары биз чек аралардын кайра жабылышына жол бербеш үчүн колдон келгенин кылышбыз зарыл. Бул үчүн биз бири-бирибиз мсенен чогуу чаран аракеттенишибиз керек",-деди Меркель.
Вирустан улам Евробирмдиктин 27 өлкөсү Шенген зонасын бүт дүйнөгө жаап, андан тышкары бири-биринен обочолонуп, ички чек араларын дагы тосуп алган эле. Жыйынтыгында ЕБ экономикасы мындан өтө катуу сокку алды. Көлөмү 14 трлн еврону түзүп, америкалыктардан кийинки эле экинчи орундагы ЕБ экономикасы 8 пайыз төмөндөдү. Коронавирустан биримдиктин экономикасы 1 трлн евро чыгымга учураган.
Вирустун биринчи толкунунда (февралдан июнга чейин) маанилүү саналган кызмат көрсөтүү тармактары жалпы 16,4% кыскарып, туризм 75% жоготууга учурады.
Жайдын орто ченине барып гана жандануу ресторан бизнесинде байкалган. Бирок бул тармактагы акча айлануунун жарымы гана мурдагы калыбына түштү. Мейманкана бизнеси менен авиакомпаниялар терең кризисте кала берүүдө. Мындай темп менен бизнес экинчи толкунга жетпей сызга олтуруп калышы мүмкүн болуп турат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Европа жарым жылдык тыныгуудан соң окуучуларды мектепке кайтарып, коомдук транспортту толук ишке киргизди. Айрым европалык эксперттер жарым жыл ичинде медиктер жана бийлик эпидемия менен кантип күрөшүү керек экенин өздөштүрдү деп айтууда. Вирус менен жашаганды үйрөнүп, шарттарга көнүү зарыл. Вакцина иштеп чыгуу аракеттери күчөп, массалык түрдө тест алуу уланууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Вирустан кийинки катаал чараларга нааразылыктар көп. "Санитардык козголоң" Европанын бардык жеринде болду. Эң катуу нааразылыктар Германияда айтылды. Өлкө бийлиги болсо, мурдагы абалга түшүү үчүн эрежелерди бекем сактоого чакырган. "Беткап тагып, аралыкты сактап, чогулуп шаан-шөкөт куруудан алыс болгула, болбосо жазага тартыласыңар" деп эскертти.
"Биз бул вирус менен дагы көпкө жашайт окшоп калдык",-деген канцлер Меркель эпидемияны токтотуу жай айына караганда күз менен кышта өтө оор болорун эскертти.
"Баштагыдай эле көйгөй олуттуу бойдон кала берүүдө. Суранам, ошондуктан буга өтө олутуу мамиле кылгыла",-деген Меркель жакында эле катаал эрежелер жана айыптар тууралуу түшүндүрмө берген басма сөз жыйынында.














