Коронавирустун экинчи толкуну: алдыда бизди эмне күтөт?
Вирусология боюнча эксперттер Covid-19 пандемиясынын экинчи толкун болушу мүмкүн деп эсептейт. Ошондуктан дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер эмитен эле вирустун экинчи толкунуна даярданышууда.
Күз айы жакындаган сайын, сасык тумоо менен гриппке кабылган кишилердин саны өсөт. Ошондуктан окумуштуулар мезгил алмашканда коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Ага карабастан Covid-19 коштогон күз же кыш мезгили кандай болорун жоромолдоо абдан татаал. Бул жерде бир гана коронавирус жөнүндө сөз болгон жок. Күзүндө жана кышына башка инфекциялар дагы күч алат. Ошондой эле мындай курч кырдаалда жарандардын жоопкерчилиги менен өкмөттөрдүн чечкиндүүлүгү маанилүү.



