Ашыкча салмактуулар коронавирусту оор кабыл алат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Саламаттыкты сактоо адистери ашыкча салмактуу кишилер коронавирус оорусуна чалдыкса, өтө оор көтөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Салмагы нормалдуу кишиге салыштырмалуу ашыкча салмактуулар бул ооруну жуктуруп алса, катуу жабыркап калуу ыктымалдыгы төрт эсе жогору.
"Ашыкча салмак же денедеги холестерин адамдардын инсулинге туруштук берүү жөндөмүн жогорулатып коет. Бул кан басымын көтөрүп, денеге оорчулук алып келет. Ошондуктан Covid-19 илдетине кабылган семиз адамдар катуурак жабыркап калыш жатышат",-деди Оксфорд университетинин профессору Сюзан Жэб.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен ашыкча салмактуулар саны боюнча Британия алдыңкы орунда турат. Анын алдында үч өлкө - Венгрия, Түркия жана Португалия бар.
Британ өкмөтү көптөн бери күтүлүп келген ашыкча салмак менен күрөшүү стратегиясын бүгүн жарыялайт деп айтылды. Стратегияда жаш балдар телевизорду эң көп көрө турган маалда кайра иштетилген тамак-аштын жарнамаларына тыюу салуу сыяктуу кадамдар камтылышы мүмкүн.
"Биз тамактануу маданиятын өзгөртүшүбүз керек. Тургундарды туура тамактанууга үндөшүбүз зарыл. Албетте, пандемияга жооп жасап кылуудабыз. Премьер-министр ашыкча салмак көйгөйү менен алпурушуу тууралуу көп айтып келет. Ошондуктан жаңы стратегияга чоң үмүттөр артылууда",-деди профессор Жон Ньютон.
Азык-түлүктүн курамындагы жана тамак-аштагы канттын көлөмүн азайтуу негизги максат болууда.

Мындан бир нече жыл мурун ашыкча салмак көйгөйү дүйнөлүк экономикага согуштук чыр-чатактар алып келгендей эле зыянын тийгизери McKinsey Global Institute иликтөөсүндө айтылганы бар. Иликтөөлөр боюнча дүйнөдө 2,1 млрд. ашуун киши ашыкча салмактан жапа чегип келатат. Бул деген дүйнө калкынын үчтөн бири дегенди билдирет. Ашыкча салмактан пайда болгон илдеттер, аларды айыктыруу, дары- дармектерге жалпысы болуп 2 трлн доллар каржат коротулат экен.
Ал эми Кыргызстанда дарыгерлер ашыкча салмак көп учурда кант диабети жана жүрөк кан-тамыр ооруларына алып келип, өлкөдө жүрөк кан-тамыр ооруларынан күнүнө 50дөн ашуун киши жарык дүйнө менен кош айтышарын айтып келгени бар.













