Уханда коронавирус былтыр августта эле жайылган болушу мүмкүн

студенттердин сумкесин дезинфекциялоо

Сүрөттүн булагы, AFP

Былтыр август айында Ухандын ооруканаларындагы автоунаа токтотуучу жайларда болгон кымгууттуктан улам изилдөөчүлөр коронавирус илдети ошондо эле башталышы мүмкүн деген тыянакка келүүдө.

Гарвард медицина мектебинин изилдөөчүлөрү беш оорукананын автоунаа токтотуучу жайынын спутниктен алынган сүрөттөрүн анализдеди. Сүрөттөр август айында автоунаалар саны кескин көбөйүп кеткенин көрсөтүп турат. Ушул эле маалда интернеттен "жөтөл" жана "диарея" деген сөздөр эң көп изделген.

Кытай изилдөөнү сандырактык деп четке какты жана авторлор үстүртөн алынган маалыматтар менен тыянак чыгарып койгон деп сындады.

Коронавирус Китайда өткөн жылдын ноябрында башталган деген тыянактар бар. 2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна кабар берген. Анда аныкталбаган себептер менен пневмония менен жабыркаган бейтаптар көп кайрылып жатканы айтылган.

Соңку изилдөө азырынча эксперттик баасын ала элек. Изилдөөдө беш оорукананын автоунаа токтотуучу жайынын жаз жана жай айларындагы спутник сүрөттөрү мурунку жылдагы сүрөттөр менен салыштырылган.

Ухань

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ооруканадагы мындай жайлардын биринде бир жыл мурун 171 автоунаа турган болсо, кийинки жылы 67 пайызга өсүп кеткен. Ошол эле маалда Кытайда коронавирустун белгилери боюнча негизги сөздөр интернет аркылуу эң көп изделген.

"Бул маалыматтардын баары ошол маалда Уханда бирдеме болуп жатканын көрсөтүп турат",-деди изилдөө авторлорунун бири Жон Браунштейн Эй-би-си News менен маегинде. Бирок эмне болгонун түшүнүү үчүн дагы бир катар изилдөөлөр талап кылынат деди ал. Болгону бул далилдердин бири гана.

Би-Би-Синин Бээжиндеги кабарчысы Жон Судворт белгилегендей, изилдөөчүлөр чектелген маалыматтар менен иштеген болушу мүмкүн. Анткени ар кайсыл жылы тартылган сүрөттөрдү толук алуу кыйын. Ала булут каптап турганда, сүрөт толук тартылбай дагы калат.

Кытай

Сүрөттүн булагы, Barcroft Media

Бээжин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна билдиргенден бир аптадан кийин жаңы коронавирус аныкталды.

23-январга барып Уханда жана бир катар Кытай шаарлары карантинге алынды. Андан бир топ күндөн кийин Кытайдан башка өлкөлөрдө вирус жуккан 82 учур катталганда ДССУ өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ухандагы базар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирустун тарашын Ухандагы жапай жана үй жаныбарлары сатылган базар менен байланыштырышкан

Пандемиянын тарашына жарым жыл болсо деле анын келип чыгышы, өнүгүшүн так аныктоо кыйын. Белгилүү болгон жагдай - оору тууралуу алгач 2019-жылдын декабрь соңунда маалымат чыкты. Вирустун тарашын Ухандагы жапай жана үй жаныбарлары сатылган базар менен байланыштырышкан. Кайсыл жаныбардан адамга өткөнү дагы белгисиз бойдон. Ошол эле маалда Кытай бийлиги вирусту жашырган деген пикирлер айтылып келүүдө. (AbA)