Вирусту тоготпогон Швеция ката кетиргенин мойнуна алды

Сүрөттүн булагы, GETTY/ANDERS WIKLUND
Европанын алдыңкы экономикалардын бири Швеция дүкөндөрдү, мектептерди жапкан эмес, катаал карантин чараларын дагы киргизген жок. Эми коронавирус пандемиясына каршы саясатка жооптуу болгон өлкөнүн алдыңкы эпидемиологу Андерс Тегнелл ката кеткенин мойнуна алды.
Швецияда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Covid-19 вирусун жуктуруп, көз жумгандардын саны жогору. Мындан улам коңшу мамлекеттер швециялыктарга чек арасын жаап салды.
"Ушундай вируска кайра туш болсок, азыркы билимибизге таянып, башка стратегияны тандамакпыз",- деди Андерс Тегнелл.
Он миллион калкы бар Швецияда 40,803 киши вируска кабылып, 4542 адам көз жумду. Ал эми коңшу Данияда 580, Норвегияда 237 жана Финляндияда 321 жаран вирустан көз жумду.
Өтө эле көп адам көз жумганын мойнуна алган Тегнелл Швециянын коронавируска каршы стратегиясын "толугу менен жокко чыгарууга" болбойт деп билдирди.

Сүрөттүн булагы, GETTY/HENRIK MONTGOMERY
Швециянын жолу
Дүйнөдөгү мамлекеттердин кризисти жайгаруу аракеттери ар түрдүү болуп жатат. Мындай кадамдар канчалык натыйжалуу болоору дагы белгисиз. Дал ушул учурда экономиканы дагы сактап калса болот беле деген суроо берилүүдө.
Көптөгөн мамлекет катаал карантин чараларын тандады. Бул кадам жарандардын өмүрүн сактап калганы менен экономиканы сазга батырды. Швеция болсо катаал карантинди четке кагып, мүмкүн болушунча үйдө иштегиле, гигиенага көңүл бургула жана социалдык аралыкты сактагыла деген талап койгон. Ошондой эле Швециянын өкмөтү элүүдөн ашуун кишинин бир жерде топтолушуна тыюу салган.
Натыйжада Швецияда вирустан улам ажал тапкандардын саны катаал карантин чараларын киргизген башка скандинав өлкөлөргө салыштырганда жогору болду.
Бирок бул өлкөнүн экономикасы катуу кризиске учураган жок. Биринчи кварталда Швециянын экономикасы 0,3 пайызга кыскарды, башка Европа мамлекеттеринде 3,5 пайызга кыскарган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ага карабастан адистер Швеция туура жолду тандады деп айтуу эрте экенин белгилешет. Анын үстүнө дүйнөлүк экономика солгундаса, бул жагдай Швецияны айланып өтпөйт. Мисалы өлкөнүн экономикасынын жарымы экспортко байлануу, өлкөдө өндүрүлгөн Volvo үлгүсүндөгү унаага жана башка товарларга талап төмөндөсө, бул өлкөнүн экономикасына кедергисин тийгизет.
Швециянын каржы министри Магдалена Андерссон өлкөнүн экономикасы 2020-жылы жети пайызга төмөндөйт деп билдирди. Бул катаал карантин чараларын киргизген башка Европа мамлекеттеринен көп деле айырмаланбайт.
Швеция бийлиги "өлкө карантинге альтернативдүү жол сунуштады" деген пикирди четке кагууда. Жакында эле өлкөнүн премьер-министри Стефан Лёвен чет өлкөлүк журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, карантинди колдобогон мамлекет деген имиджден баш тартты.
"Швецияда жашоо мурдагы нукта жүрүп жатат деген жалган маалымат. Өлкөдөгү абал андай эмес. Бизде дагы чоң өзгөрүүлөр болду",- деп билдирди Лёвен.
Швециянын модели элдин бийликке болгон ишенимине басым жасайт. Башкача айтканда бийлик кризис учурунда жоопкерчиликти мойнуна алып, өз талаптарын коет. Жарандар болсо өкмөттүн талаптарын, кеңештерин так аткарат.
"Швециянын модели узак мөөнөткө багыт алган. Карантинде үйдөн чыкпай отургандар дароо дүкөндөрдү кыдырып, акчасын коротпойт. Алар абал кандай болоорун билбей, коркконунан акчасын колунда кармайт. Ал эми жеңил карантин киргизген Швециянын жарандары тезирээк мурдагы жашоосуна кайтып барат деген жоромолдор бар. Бирок азырынча бул моделдин жыйынтыгы кандай болоорун айтуу эрте. Менимче, жеңил карантин менен катаал карантин киргизген өлкөлөрдүн экономикалык абалы бирдей болот. Дүйнөлүк экономиканын кризиске батканы Швецияга да тассир этет",- деди экономика боюнча адис Кристина Ниман Financial Times басылмасына.
Швецияга коңшу Дания жана Норвегия сыяктуу мамлекеттер карантин чараларын жеңилдетип жатып, Стокгольмдун коронавируска каршы чараларын кескин сындады. Мисалы, Норвегиянын саламаттыкты сактоо министри Фроде Форланд Швеция тарыхтагы вируска каршы күрөшүүдөгү ар түрдүү моделдерге ашыкча көңүл бурганын сындап, Covid-19 вирусунун жайылуусун токтотууда катаал карантин маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Швецияда жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, жергиликтүү тургундардын 51 пайызы өкмөттүн чараларын колдогон, 31 пайызы бийликтин стратегиясын ынандырарлык эмес деп тапкан, башкалары нейтралдуу баа беришкен. Кызыгы, өлкө карыяларынын 61 пайызы өкмөттүн коронавируска каршы саясатын колдогон.
Швециянын башкы эпидемиологу Андерс Тегнелл болсо эмдиги жолу өлкө тандаган стратегия менен дүйнө тандаган катаал карантиндин ортосундагы саясатты жүргүзүү туура болоорун билдирди.
Кыргызстандагы абал
Кыргызстанда 4-июнга карата COVID-19 вирусун жуктурган 28 жаңы учур катталды. Өлкө боюнча вируска кабылгандардын жалпы саны 1899га жетти, жыйырма бейтап вирустан көз жумду. 1292 киши инфекцияны жеңип, сакайды.

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан дагы башка мамлекеттердей эле карантин чектөөлөрүн жеңилдетип жатат. 5-июндан тарта ички каттамдар кайрадан жанданат.
"Каттамдар алгач бир жумада төрт жолу, кийинчерээк жумасына бир жолу ишке ашырылышы пландалууда",- деди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акишев.
Учак жүргүнчүлөрү айрым эрежелерди сакташы дагы керек. Мисалы бардык жүргүнчүлөр жана алардын жүктөрү аэропортко дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтөт, кишилердин дене табы текшерилет. Беткап тагынып жүрүү талабы жана 1,5-2 метр социалдык аралык сакталышы шарт. Ал эми аэропортко жакындарын узатып келген же тосуп алгандар бекетке киргизилбейт.
Ошондой эле 5-июндан тарта өлкө боюнча облустар жана райондор аралык жүргүнчү ташыган каттамдар толук кандуу ишке кирет. Жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар алгач дезинфекцияланат, айдоочусу болсо медициналык текшерүүдөн өтөт. Транспорт каражаты 60-70 пайызга гана толгондон кийин жолго чыгышы шарт.
Андан тышкары 8-июндан тарта диний жайлар дагы эшигин ачат. Мечит, намазкана жана чиркөөлөргө баргандар дагы беткап тагынып кирип, социалдык аралыкты сакташы керек. (AT)












