Дүйнөдөгү белгилүү мечиттер пандемиядан кийин кайра ачылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эки айга созулган карантин чектөөлөрү жеңилдетилип, Сауд Арабиясы менен Иерусалимде мечиттер жана ыйык жайлар кайрадан эшигин ачты.
Жекшемби күнү жүздөгөн мусулмандар Иерусалимдеги Ал-Акса мечитине намазга чогулушту. Ал-Акса мечити мусулмандар үчүн үчүнчү эң ыйык жай катары саналат. Айрымдар ыйык жайдын жерин өөп, карантин чаралары жеңилдетилгенине кубанышты.
Мечиттерде социалдык аралыкты сактоо үчүн атайын чаралар уюштурулган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мечитке кирүүнүн алдында намазга келгендердин дене табы текшерилди жана беткап кийип жүрүү талабы коюлду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал-Акса сыяктуу мечиттер март айынан ортосунан тарта жабылган. Орозо айында мусулмандар мечиттерге барып, намазга жыгыла алган жок.
Коронавирус дагы деле коркунуч түзүп жатканына карабастан, көптөгөн мамлекеттер чектөө чараларын жеңилдете баштады. Бирок ыйык жайларга саналуу гана кишилер кире алат. Чектөөлөр дагы деле күчүндө кала берет.

Сүрөттүн булагы, EPA
Сауд Арабияда дагы жекшемби күнү Медина шаарындагы Пайгамбардын мечити ачылды. Сауд Арабиянын бийлиги 90 миңге чукул мечитке эшигин ачууга уруксат берди. Бирок бул мечиттерде дагы социалдык аралыкты сактоо шарт.
Ыйык жайлар ачылардын алдында миллиондогон мусулмандарга коомдук жайда сыйынуунун жаңы эрежелерин түшүндүргөн маалымат бир нече тилде жөнөтүлдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ислам иштери боюнча министрлик намазга келгендерди эки метр аралыкты сактоо, бири-бири менен кол алышып учурашпоо же кучакташпоо сыяктуу эрежелерди сактоо керек экенин билдирди.
Ошондой эле намаз алдында дааратты үйдөн алып келүү талабы коюлду. Себеби мечиттерде даарат алуу жайлар дагы деле жабык бойдон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Андан тышкары намаз 15 мүнөткө гана созулат. Мечиттин ичинде 15 мүнөттөн узак мөөнөткө калууга тыую салынат.
Мекка шаарындагы ал-Харам мечити жабык бойдон калат. Ислам дининдеги эң ыйык саналган жайга жыл сайын миллиондогон мусулмандар келип, зыярат кылып кетишет. Өзгөчө ажылык учурунда көп сандагы мусулмандар мечитте чогулат.
Сүрөттөрдүн автордук укугу сакталды.












