Рохинжа мусулмандары: “Ажал тапкандарды кемеден деңизге ыргытышты”

- Author, Сваминатан Натаражан жана Моаззем Хуссейн
- Role, BBC World Service
"Кемеде канча киши өлгөнүн эч ким билбейт. Элүүнүн тегереги, балким анда дагы көп киши ажал тапты",-деп ошол окуяны эскерди Хадижа Бегум.
Элүү жаштагы Хадижа жана аны менен бирге кемеде отурган 396 рохинжа мусулмандарын Бангладештин деңиз күчтөрү куткарган. Алар эки ай бою ачык деңизде калган.
Хадижанын уулу каза тапкандарга кемеде жаназа окугандыктан, көз жумгандардын болжолдуу санын билерин айтууда. Мыйзамсыз адам ташыган кылмышкерлер качкындарды Малайзияга чейин жеткириши керек эле. Бирок алар айткан сөзүнө турган эмес.
Хадижа Мьянма армиясынын рохинжа мусулмандарына каршы куугунтугунан улам өз үйүн таштап качууга аргасыз болгон. Бириккен улуттар уюму рохинжа мусулмандарына каршы куугунтукту "этникалык тазалоо" деп атаган эле.
Рохинжа мусулмандарынын көбү Бангладешке качып келишип, шарты жок качкындар лагерлеринде баш калка табышкан. Мисалы, Бангладештеги Кокс Базар аттуу качкындар лагеринде бир миллионго чукул рохинжалар жашап келет. Алардын көбү Хадижа сыяктуу Бенгал булуңунун аркы тарабында жайгашкан Малайзияга өтүүнү кыялданат.

"Өлгөндөрдүн сөөгү деңизге ыргытылды"
Хадижанын кыялы тез эле коркунучтуу түшкө айланды. Ал аткезчилер каза тапкандарды жашыруу үчүн кеменин кыймылдаткычын иштетип, өлгөндөрдү деңизге ыргытканын айтат.
"Алар сөөк сууга ыргытылган учурда үнү эч кимге угулбасын деп кыймылдаткычтарды иштетип турушту. Өлгөндөрдү түн ортосунда деңизге ыргытчу. Мен он бешке чейин аял өлгөнүн так билем",-дейт Хадижа.
Жанында отурган аялдын көз жумганы Хадижанын азырга чейин көз алдында. Суу жок болгондуктан катуу суусап, аял башында өзүн бир кызыктай алып жүрүп, эмне деп сүйлөп жатканын деле билбей калыптыр. Кемени башкарып жаткандар аны дароо башка качкындардан бөлүп салган экен. Бирок Хадижа анын өлүп калганын көрүптүр.
"Анын өлүп калганын азыр дагы элестете берем. Аялдын төрт баласы бар эле. Уулум анын 16 жаштагы улуу кызына кабар угузду",-дейт Хадижа.

Жетим калган балдар
Хадижа дагы төрт баланын энеси.
"Аялдын тун кызы түшүнгөнү менен, анын үч кичинекей баласы түшүнгөн жок. Алар токтобой энесин издеп ыйлай беришти, эстесем жүрөгүм кысылат, балдарга боорум ооруйт".
Хадижа 2017-жылы үйүнөн качып чыккан. Мьянма армиясынын аскердик операциясы учурунда Хадижанын күйөөсү жана уулу каза тапкан, айылы толугу менен өрттөлгөн.
Улуу кызын күйөөгө бергенден кийин, Хадижа башка балдарынын келечегин ойлоп, Малайзияга жетүүнү көздөгөн.
"Жашоо татаал экен. Качкындар лагеринде калсак балдарымдын келечеги кандай болот деп көп ойлондум",-дейт ал.
Хадижа Малайзияга өтүп барып, жаңы турмуш баштаган рохинжа мусулмандары тууралуу көп уккан. Ал болгон байлыгын топтоп, зергер буюмдарын саткан экен. Малайзияга жетүү үчүн мыйзамсыз адам ташыгандарга 750 доллар төлөгөн.
Февраль айында, кечинде ага телефон чалышып, кеме даяр деп айтышкан.
"Байланышкан киши Текнаф автобекетине кел деп айтты. Мен эң керектүү делген кийимдеримди жана аз калган зергер буюмдарымды түйүнчөк кылып алып, бекетти көздөй чыктым. Досторума жана кошуналарга медициналык жардам алуу үчүн баратам деп койдум",-деди Хадижа Би-Би-Сиге.
Ал уулу, кызы болуп түн ортосунда автобус бекети көздөй жөнөгөн экен. Аларды бир киши тосуп алып, деңизге жакын дыйкандын үйүнө алып барган. Имаратта жүздөгөн качкындар топтошуп туруптур. Андан кийин качкындарды Бенгал булуңуна жеткирип, кемеге отургузушкан.
"Мен көп айдан бери пландап жаттым эле. Балдарыма жакшы жашоо каалагам. Жаңы өлкө, жаңы жашоону баштайбыз деп кыялданып жаткам".

Бут сунганга жай жок
Эки күндөн кийин качкындарды башка, чоңураак кемеге отургузушкан. Анда качкындар жыш толгон экен. Хадижа кишинин көптүгүнөн бутту сунганга орун калбай калганын айтат.
"Беш жүзгө чукул киши бар эле. Аялдар, эркектер, жаш балдар".
Кеме чоң болгону менен, ага 500 киши эч батпайт эле. Кеменин жогорку палубасында аткезчилер, ортонкуда аял менен балдар, астында эркектер жашаган. Кызыгы, кемени Бирманын жараны болгон теги мьянмалыктар башкарган.
"Башында аябай корктум. Эми кандай болот деп сарсанаа болдум. Бирок кеме деңизден жылган сайын, кыялдана бердим. Жаңы жашообуз башталат, кыйынчылыктар артта калды, эми адам катары жашайбыз деп кыялдандым",-дейт Хадижа.
Малайзияга жетүү
Жети күндөн кийин Малайзиянын жээги көрүндү. Бул жерден качкындарды чакан кайыктар алып кетиши керек эле. Бирок алар келген жок.
Коронавирус пандемиясынан улам Малайзиянын деңиз күчтөрү чек ара көзөмөлүн күчөткөн. Күзөткө чыккан кемелер кескин көбөйүп, Малайзияга аткезчилик менен бир нерсени киргизүү татаалдашкан. Хадижанын кыялын пандемия талкалады.

Деңиздин суусун ичүү
Таза суу, азык-түлүк тартыш боло баштады. Малайзияга баратканда качкындарга күнүнө эки жолу күрүч, айрым учурда жасмык жана бир чоң чыны суу таратылган эле.
"Башында күнүнө бир эле жолу тамак берип калышты. Андан кийин эки күндө бир жолу тамак беришти. Бир гана күрүч беришчү",-деп эстеди Хадижа.
Суунун тартыштыгы кемедегилерди катуу кыйнады. Айрымдар аргасыздан деңиздин суусун иче баштаганын эстейт.
"Суусагандыктан айрымдар кийимин деңизге суулап, аны сыгып ичип жатышты".
Бир нече күндөн кийин Таиланддын жээгине жакын жерде чакан кеме азык-түлүк менен суу жеткирип берген. Малайзияга кайра кайтып барууга аракеттенип жатканда, качкындарга толгон кемени Бирманын деңиз күчтөрү токтотуптур.
"Алар капитан менен кемени башкарып жаткан үч кишини камакка алышты. Бирок тез эле бошотту. Менимче, эки тарап келишимге келди",-дейт Хадижа.
Кемедеги тополоң
Кеме Малайзияга жете албай жатканын качкындар түшүндү.
"Деңизде эч максатсыз калкып жүргөндөй сезилди. Жээкке жетүү үмүтүбүздөн айрылдык. Кемедеги качкындар тынчсыздана баштады. Ачык деңизде дагы канча күн чыдайбыз деген суроолорду бере баштадык",-дейт Хадижа.
Айрымдар кемени башкарып жаткандардан Мьянма болобу же Бангладеш болобу жерге жеткирүүнү сурана баштаган экен. Бирок кылмышкерлер качкындардын сөзүн уккан эмес.
"Алар жээкке кайтып барсак, бизди камакка алышат деп айтты. Кемесин дагы өкмөт тартып алат экен".
Кеме деңизде калкып турганда, аткезчилер айрымдарды зордуктап, башкаларды кыйноого алды деген сөздөр тарай баштады.
"Абал колдон чыгып кетти. Кемени башкарып жаткандардын бирин өлтүрүп салышты деп уктум. Анын денесин деңизге ыргытышыптыр",-дейт Хадижа.
Кемени он бирмалык башкарса, анда төрт жүзгө чукул качкын бар эле. Кемени башкарып жаткан аткезчилер чакан кайыктарды чакыруу үчүн кошумча акча кере болуп жатканын айтышкан экен. Качкындар 1200 доллар чогултуп беришиптир. Бир нече күндөн кийин алыстан кайык пайда болгондо, кеменин капитаны жана экипаждын айрым мүчөлөрү деңизге секирип, качып кетүүгө жетишкен. Аткезчилердин калгандары кемени Бангладешке жеткирип берген.

"Эчтекем калган жок"
"Эки айдан кийин жерге тирүү жеткенде катуу кубандым",-дейт Хадижа.
Кемедеги качкындар Бангладешке кайтып келишти. Эки апта карантинде жаткандан кийин, Хадижа качкындар лагерине кайтып барды. Бирок ал жашап жаткан чатыр башка үй-бүлөгө берилиптир.
Хадижа кыялданган Малайзияга жете алган жок, Мьянмага дагы кайтып бара албайт. Уул, кызы менен чакан чатырда жашап келет.
"Кыялыма жетем деп эч нерсем калбады. Менин каталарым кайталанбаса экен",-деп кайгырды Хадижа.
Сүрөттөрдү Lu Yang тарткан.








