Рохинжаларга кыргын салуу кылмышына сот өкүмү

Сүрөттүн булагы, Reuters
БУУнун Эл аралык соту Мьянма бийлиги рохинджа мусулмандарын басмырлоону токтошу керек деген чечим кабыл алды.
Мьянманын өкмөтү рохинджаларды коргоо үчүн чара көрүшү керек деп милдеттендирилди. Муну менен судьялар Мьянма лидери, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжинин далилдерин четке какты.
Төрт айдан кийин өлкөнүн бийлиги көрүлгөн чаралар тууралуу БУУнун алдында отчет бериши керек. Андан кийин сот акыркы чечимди кабыл алганга чейин ар жарым жылда отчет берип турат. Сот чечимин 17 судьянын баары колдогон.
Окуянын мындай өнүгүшү Мьянманын де-факто лидери, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжинин репутациясына чоң сокку болмокчу. Ал эл аралык сотто Мьянманын позициясын өзү коргоп жаткан.
2016-жылы октябрда жана 2017-жылы декабрда Мьянманын армиясы этникалык рохинжалар отурукташкан Ракхайн штатында аскердик операция өткөргөн. Бийлик операция бенгалдык жоочуларга каршы өткөн деп айтып келүүдө. Бирок мунун жыйынтыгы менен тогуз жүз миң чамалуу рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке качып өткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун маалыматы боюнча, бул окуяларда рохинжалардан 6700 адам каза тапкан, анын ичинде жети жүздөн ашыгы балдар.
2018-жылдагы БУУнун адам укугу боюнча комитетинин докладында Рохинжа мусулмандарына карата массалык кыргын жана геноцид белгилери болгон деп айтылган эле.
Мьянма бийлиги айыптоолорду четке кагып, жоочуларга каршы аскер операциясы болгон деп ишендирүүдө.
Жүз миңдеген Рохинжа мусулмандары дүйнөдөгү эң чоң качкындар лагеринде баш калкалап жатат. Алардын көбү куугунтуктан чоочулап эки жыл мурун Бангладешке аргасыз жер которуп келишкен.
Бангладеш өкмөтүнүн эки жолу Рохинжа мусулмандарын артка - Мьянмага жөнөтүү аракетинен майнап чыккан эмес. Себеби, Рохинжа мусулмандары коркуп, артка барсак кайрадан куугунтукка кабылабыз деп чочулап, баш тартып жатышат. Бирок күн өткөн сайын Рохинжа мусулмандары менен жергиликтүү калктын ортосундагы абал чыңалып жатканы айтылып келет. (AbA)












