Мьянманын өкмөтү БУУнун “геноцид” боюнча айыптарын четке какты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бириккен Улуттар Уюмунун Ракхайн аймагындагы рохинжа мусулмандары кыргынга алынды деп жарыялаган баяндамасын Мьянманын өкмөтү четке какты.
Буга чейин БУУ Мьянма армиясынын жогорку даражадагы жетекчилери геноцид жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек деп билдирген.
Мьянма өкмөтүнүн басма сөз катчысы мамлекет БУУнун резолюциясын "кабыл албайт жана аны менен макул эмес" деп белгиледи.
Кытай болсо БУУнун баяндамасы жана Мьянмага каршы кысым абалды курчутуп жатканын айтты.Бириккен Улуттар Уюмунун Ракхайн аймагындагы рохинжа мусулмандары кыргынга алынды деп жарыялаган баяндамасын Мьянманын өкмөтү четке какты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
БУУ окуяга күбө болгон жүздөгөн качкындын көрсөтмөсүнө таянып, баяндамасын жарыялады.
Анда Мьянманын жарандык активисттери армиянын аракеттерине көмөктөшүп, көз карандысыз тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, далилдерди жок кылууга аракет кылганы дагы айтылат.
Уюм Мьянма армиясынын жогорку даражадагы алты аскер башчысынын ысымын атап, алар жоопко тартылышы керек экенин белгилейт.

БУУнун Мьянмадагы Ракхайн аймашы тууралуу жаңы баяндамасы Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжини жайкын тургундарды коргой албай койгону үчүн дагы сынга алат.
Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасы Аун Сан Су Чжинин армияга карата таасири жок болгонун белгилейт. Бирок баяндамада Нобель сыйлыгынын лауреаты рохинжа мусулмандарына каршы зомбулукту токтотуу үчүн жетиштүү чара көрбөгөнү дагы айтылып, Су Чжи кескин сынга алынат.
БУУ окуяга күбө болгон жүздөгөн качкындын көрсөтмөсүнө таянып, баяндамасын жарыялаган.
Анда Мьянманын жарандык активисттери армиянын аракеттерине көмөктөшүп, көз карандысыз тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, далилдерди жок кылууга аракет кылганы дагы айтылат.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Уюм Мьянма армиясынын жогорку даражадагы алты аскер башчысынын ысымын атап, алар жоопко тартылышы керек экенин белгилейт.
Мьянманын армиясы 2017-жылдын августунда Ракхайн аймагындагы рохинжа куралчандарына каршы аскердик операциясын баштаган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Армиянын чабуулдарынан улам кеминде 700 миң рохинжа мусулмандары аргасыз жер которду.
Чек арасыз дарыгерлер уюмунун айтымында, Мьянмада август айындагы коогалаңда 6,700 рохинжа мусулманы каза тапкан. Алардын арасында беш жашка чыга элек 730 жаш бала бар. (AT)








