“Энемди өлтүргөн террорчуга бетме-бет жолуктум”

Sarah
    • Author, Ребекка Хеншке жана Эндаң Нурдин
    • Role, BBC World Service, Jakarta

Энеңди өлтүргөн кишиге эмне деп айтат элең? Аны кечире алат белең? 17 жаштагы Сара Салсабила Индонезиянын аралдагы түрмөсүнө барып, апасын өлтүргөн террорчу менен жолукту.

2004-жылы Иван Сетиаван кошбойлуу аялы менен мотоциклда шашып бара жаткан. Жаштар ооруканада текшерүүгө барышы керек эле. Алар Жакарта шаарындагы Австралиянын элчилигинин жанынан өтүп бара жатканда жардыруу болгон.

"Күтүүсүз жерден эле катуу үн чыкты, биз мотоциклден учуп кеттик",-дейт Иван. Ал кийин жаңылыктардан окуп, элчиликте жан кечтинин жардыруусу болгонун түшүнгөн. Кол салууну террордук "Ал-Каида" уюму менен байланышы бар "Жамаа Исламия" тобу уюштурган экен. Бул топ 2002-жылы бир нече жолу террордук чабуул уюштуруп, андан 202 киши каза тапкан.

"Мага кан эле көрүндү, бардык жерде кан. Бир көзүмө темир тийип, эчтеке көрбөй калды",-деп эстеди Иван. Мотоциклден бир нече метр алыска учкан Иван менен анын жубайын тез жардам кызматы алып кеткен. Ивандын аялы Халила Серожа Даулейдин толгоосу кармап, ошол күнү төрөгөн.

"Кудай жалгап балам төрөлдү. Ризкы деген ат койдук, мааниси бакыт",-дейт Иван.

Iwan and Rizqy

Сүрөттүн булагы, Iwan Setiawan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иван жана Ризкы

"Апам абдан күчтүү экен. Сөөктөрү сынганына карабастам инимди төрөдү. Абдан күчтүү экен",-дейт Ивандын улуу кызы Сара.

Халила төрөгөндөн кийин эки гана жыл жашап, террордук чабуулда алган жаракаттарынан көз жумган.

"Мен жубайымды, эң жакын досумду жана мени толуктаган адамды жоготтум. Бул жөнүндө сүйлөсөм эле жүрөгүм ооруйт",-деди Иван.

Sarah and her mum, Halila

Сүрөттүн булагы, Iwan Setiawan

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сара жана анын энеси Халила

Башында Иван террорчулардан өч алгысы келген.

"Мен алардын өлүмүн кааладым. Бирок тез өлүм эмес, алар дагы кыйналсын деген ой болду. Аларды кыйноого алгым келди. Террордук чабуул аркылуу жасаган азапты өздөрү сезсин дедим. Чынында, балдарым менен жашоону улантуу абдан оор болду",-дейт Иван.

Short presentational grey line

2019-жылы Австралиянын элчилигине жасалган кол салууга 15 жыл толду. Ошондуктан Сара менен Ризкы түрмөгө барып, террорчулар менен жолугууга мүмкүнчүлүк алды.

Sarah and Iwan on the boat
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сара террорчулар эмнеге бул кадамга барганын билгиси келди

Сара иниси менен бирге өлүм жазасына тартылат деген кишилер менен жолугат. Террордук чабуулду уюштурганы үчүн эки кылмышкер күнөлүү деп табылган.

Иван буга чейин террорчулардын бири менен жолуккан. Индонезияда дерадикализация боюнча программа бар. Анда террордук чабуул уюштурган кылмышкерлер менен жардырууда жакындарын жоготкондор бетме-бет сүйлөшөт. Бирок Ивандын эки баласы террорчулар менен биринчи жолу жолугат.

Short presentational grey line

"Балдарым дагы ушундай мүмкүнчүлүк алганы абдан маанилүү. Алар бул кишилерди жек көрүп чоңойду, ага мен дагы салым коштум. Бирок бул кишилер менен сүйлөшүп, эмнеге бул кадамга барганын билип, алар ката кетиргенин түшүнгөнү жакшы",-дейт Иван.

17 жаштагы Сара болсо жолдо баратып улам сүрөт тартып жатты. Башка өспүрүмдөрдөй эле ал смартфонунан башын көтөрбөйт экен.

"Мага жолуккан террорчу катасын мойнуна алып, кудайдан кечирим сураса экен. Террорчу катасын мойнуна алса алар башкаларга таасир этип, мындай кол салуулар токтойт деп ойлойм",-деди Сара.

Short presentational grey line

Иван Дармаван Мунто же Роис каймана ат менен белгилүү болгон террорчу кызгылт сары түстөгү абактагылар кийген формачан отурду. Жакында эле инсульт болуп, ал баса албай калган экен.

Iwan Darmawan Munto, alias Rois
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иван Дармаван Мунто

Соттук угууларда Роис "өлүм жазасына тартканыңарга ыраазымын, мен бейишке барам" деп айткан. Ирактагы согушта Австралия АКШга көмөк көрсөткөнү үчүн өлкөнүн Индонезиядагы элчилиги чабуулга кабылды деген жоромолдор бар.

Роистин жанынан эки куралчан күзөтчү кетпей турду. Бөлмөдө абал чыңалып турганы дагы байкалды. Полиция Роис күтүүсүз кыймыл жасаса, дароо бөлмөдөн чуркап чыккыла деген буйрук берген.

Иван, Сара жана Ризкы Роис менен учурашып, желим отургучтарга отурду. Иван биринчи сүйлөдү.

"Балдарым энесин өлтүргөн киши менен жолуккусу келди",-деди Иван.

Роис жардыруу болгондо Иван каякта болгонун сурады.

Sarah, Rizqy and Rois
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сара, Ризкы Роис менен жолукту

Иван кошбойлуу жубайы менен ооруканага бара жатканын айтып берди.

"Менин дагы балдарым бар. Көп жылдан бери жубайымды жана балдарымды көрө элекмин. Аларды сагындым. Менин абалым сага караганда оор. Сен балдарың менен жолугасың, алар сен ким экениңди билет. Менин балдарым билбейт",-деп жооп берди Роис.

Сара менен Ризкы колдорун карап, Роистин сөзүн угуп жатышты. Алар террорчунун көзүнө карагандан тартынып жаткандай сезилди. Чыңалган абалдан улам Сара күтүүсүз жерден ыйлап жиберди. Иван жүгүрүп барып, кызын кучактап, аны сооротту. Дал ошондо Сара Роисти карап, акырын үнү менен "эмнеге бул кадамга бардың" деген суроо жолдоду.

Rois under armed guard

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соттук угууда Роис өлүм жазасына тартыларын угуп, бейишке барам деп кубанган

"Суроого кандай жооп кайтаруу керек экенин билбейм. Алар айткан кылмышка барган эмесмин. Эмнеге мойнума алдым? Көзүмдү карап, жоопту тапсаң болот. Балким азыр жаш болуп түшүнбөйсүң...мусулмандарга кол салуу уюштурулганына каршымын. Мусулманды өлтүрсө болбойт",-деди Роис.

Мусулман эместерди өлтүрсө болобу, деген суроого Роис дароо "жок, ага дагы кошулбайм" деп жооп берди.

Роистин абакта отургандарга болгон таасири үчүн, аны өзүнчө кармашат. Буга чейин Роис радикал Аман Абдурахман менен бир абакта жаткан. Аман Абдурахман өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топту ачык колдоп чыккан эле. Ошондой эле ал 2016-жылы түрмөдө отуруп алып, Жакартадагы жардырууларды уюштурган деп айыпталган.

Иван балдарын жетелеп, бөлмөдөн чыгып барат жатканда, Роис кечирим сурады.

"Адам баласы ката кетирет экен. Мен сага көп жамандык жасадым, кечирим сурайм. Сен азапка батканыңды түшүнөм. Чынында түшүнөм",-деди ал.

Бирок Иван бөлмөдөн чыгып, титиреп, абдан капа болду.

Iwan holds back tears

"Ал дагы деле туура кадамга бардым деп ойлойт экен. Ага мүмкүнчүлүк берсе, ал кайрадан террордук чабуул уюштурат. Мен капаланып калдым. Ал дагы деле күнөөсүн мойнуна ала элек экен",-деди Иван.

Short presentational grey line

Кайрадан автобуска түшүп, үй-бүлө аралдагы экинчи түрмөгө барды. Сара экинчи абакта террордук чабуул уюштурганы үчүн күнөлүү деп табылган дагы бир кылмышкер, Ахмад Хассан менен жолугат.

Hassan raising his fist in defiance as he leaves court

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ахмад Хассан соттук угуу учурунда

Соттук угуу учурунда Хассан журналисттерге кыйкырып, туура кадамга барганын айткан эле. Бирок азыр ал катуу өзгөрдү.

Иван буга чейин Хассан менен жолуккан.

"Бүгүн жолугушууга балдарымды алып келдим. Алар сен эмнеге бул кадамга барганыңды түшүнгүсү келет. Себеби террордук чабуулда балдарым энесин жоготту",-деди Иван.

Хассан унчукпай, башын ийкеп жатты.

"Ооба, билишиңер керек. Апаңарды өтө жаш кезиңерде жоготтуңар. Мен атаңа айткам, кудайдын колдоосу менен мага дагы бир мүмкүнчүлүк берилди. Мен атаңа же силерге жамандык кылгым келген эмес. Атаң дал ошондо элчиликке жакын бараткан эле. Менин досум бомбаны ошондо жардырды. Ивандын балдары мени кечиргиле. Адам баласы ката кетирет экен. Мен көп ката кетирдим",-деди Хассан.

Short presentational grey line

Сара Хассандын ачууланып карап, эмнеге мындай кадамга бардың деген суроо жолдоду.

"Мага жана досторума туура эмес билим беришкен. Туура эмес маалымат беришкен. Аны текшербей туруп, терең түшүнбөй туруп ошол кадамга барганыбызга өкүнөм",-деди Хассан.

Сара өзүнүн окуясын айтып берип жатканда, Хассан көзүн жумуп алып кудайдан кечирим сурап жатты.

Hassan prays for forgiveness
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хассан кечирим сурап, кудайга сыйынды

"Алла мени сага жолуктуруп, өзүмдү түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок мен сага түшүндүрө албайм, мени кечир. Жашымды токтото албай жатам. Сара сен менин дагы баламсың. Кечир мени, суранам кечирип кой мени. Ал сенин колуңда",-деп ыйлады Хассан.

Чакан бөлмөдө отургандардын баары ыйлап жатты.

Кийин Иван Хассандын ыйлап, кечирим сураганы абдан маанилүү болгонун белгиледи. Хассан экстремисттик идеологияга сугарылып, туура эмес кадамга барганын түшүнгөнүнө Иван кубанып турду.

Rizqy, Hassan, Iwan and Sarah hold hands

Сара болсо кемеге отуруп, аралдан кетип баратып жылмайып жатты.

"Бүгүн көп нерсени үйрөндүм. Хассан кечирим сурады. Ал чынында өкүнөт экен. Ушундай жаман нерсени жасаган адам дагы өзгөрөт экен. Мен аны кечирдим. Мен токтоно албай эле күлүп жатам. Себеби көптөн бери мени кыйнап жаткан суроого жооп алдым",-деди Сара.