Рохинджалар кимдер жана Мьянмада эмне болуп жатат?

Рохинджа мусулмандары жашаган конуштардын көбү өрттөлгөн.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рохинджа мусулмандары жашаган конуштардын көбү өрттөлгөн.

Ондогон жылдар аскердик диктатура башкарган бул өлкөдө этникалык жана диний көз караштарынан айрымаланган топтор ортосундагы жараканын тарыхы узак.

Бийлик бул көйгөйгө көз жумуп коюшту артык көрүп же болбосо муну өз кызыкчылыгына колдонуп келген.

Ѳлкөнүн батышындагы Ракхайн штатында эзелтен жашаган будда ишениминдеги жергиликтүүлөрдөн сырткары мусулмандар болгон рохинджа эли да байырлайт. Алар башында тарыхый чөлкөм болгон Бенгалиядан - азыркы Бангладештин аймагынан барышкан.

Бирок Мьянманын бийлиги мусулман-рохинджаларды мыйзамсыз жүргөн мигрант сыяктуу карап, жарандык берүүдөн баш тартып келүүдө.

Ракхайн штатында болжолу 1 миллион мусулман-рохинджалар жашайт. Жакында эле толкундоолор дүрт алган Бангладеш менен чектешкен шаарлардагы тургундардын көпчүлүгүн мусулмандар түзөт.

2012-жылдагы диний касташуудан улам 100 миңге чукул рохинджалык мусулмандар башкалкасыз калган. Азырга чейин он миңдегендери убактылуу лагерлерде баш калкалап, башка жакка чыгып кетүүгө уруксат берилбейт.

Жаңжалдын тутанып кеткенине будда бүлөөсүндөгү жаш кыздын зордукталып өлтүрүлүшү себеп болгон. Мьянмадан качып чыккан он миңдеген рохинджалык мусулмандар көптөгөн жылдар аралыгында Бангладеште эч кандай документи жок жашап келишет.

Мусулман-рохинджалардын башын кошкон чет жердеги укук коргоочу топтор, рохинджалык мусулмандар зомбулуктун курмандыгы болгонун айтышууда. Ошол эле учурда Ракхайнда жашаган буддистер дагы өздөрүн зомбулукка кабылдык деп эсептешет.

Азыркы кырдаал качан курчуду?

Мьянмадагы кырдаал ушул жылдын 25-августунан кийин курчуп кетти.

«Рохинджаны куткаруу Армиясы» аталган топ уюшкандык менен 30га чукул полиция постторуна жана армиянын базасына кол салып, коопсуздук кызматынын кеминде 12 кызматкери өлтүрүлгөнү айтылат. Андан тышкары 14 жайкын тургун өлтүрүлгөн деп айыпташууда.

Кызыл менен белгиленгендер 28-30-августтагы өрттөлгөн жерлердин очоктору. Сүрөттү "Хьюман Райтс Уотч" уюму спутниктен алган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызыл менен белгиленгендер 28-30-августтагы өрттөлгөн жерлердин очоктору. Сүрөттү "Хьюман Райтс Уотч" уюму спутниктен алган.

Мьянманын жетекчилиги бул көтөрүлүшчүл топту эл аралык террордук уюмдар менен байланышта деп айыптап, алардан каржылык жардам алып турат деди. Бирок көтөрүлүшчүл топ бул дооматтарды кескин четке кагууда.

Мына ушул окуядан кийин Мьянманын армиясы антитеррордук операция өткөрүп баштады. Мьянманын аскер жетекчилери өкмөттүк күчтөр менен мусулман-рохинджа согушкерлеринин кагылышуусунан Ракхайн провинциясында 400 чукул киши өлгөнүн жана алардын баары согушкерлер экенин кабарлоодо.

Журналисттердин бул провинцияга баруусуна чектөөлөр бар. Ошондуктан бул сандарды ырастап же жокко чыгарып, так сандарды айтуу өтө кыйын.

Адам укугун коргоо жаатында иш алып барган "Хьюман Райтс Уотч" уюму спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, толкундоолор кеминде 10 районду кучагына алганын айтты. Окуя болуп жаткан жерге жакын барган журналисттер Бангладеш менен чек арадагы калктуу конуштардын өрттөнүп жатканын кабарлашууда.

Бийлик бул өрткө согушкерлер күнөлүү экенин, алар атайын мусулмандар жашаган кыштактарды өрттөп жатышканын билдирип чыкты. Бирок Бангладешти көздөй качкан мусулман-рохинджалар өрттү мьянмалык аскерлер койгонун, ал эми жинденген буддисттер үй-жайларын талкалап жатышканын айтып беришүүдө.

«Рохинджаны куткаруу Армиясы » деген кимдер?

Булар өздөрү тууралуу биринчи жолу 2016-жылдын октябрь айында жарыялашты. Анда полиция бекетине кол салуу болуп, тогуз кызматкер өлтүрүлгөн.

Аталган топ алардын максаты этникалык азчылыкты түзгөн рохинджаларды мьянманын бийлиги тарабынан жасалып жаткан репрессиядан кутаруу экенин айтышкан. Мьянманын бийлиги болсо бул террордук уюм экенин ырастап, лидерлери сырттан лагерлерден даярдыктан өтүп келген дейт.

Эл аралык антикризис тобунун маалыматы боюнча топтун лидери деп Ата Улла эсептелет. Ал теги рохинджалык, Пакистанда төрөлүп, Сауд Арабиясында өскөн, диний билимди ушул өлкөдөн алганы, азырга чейин ал жакта байланыштары бар экени айтылат.

Бирок аталган топтун өкүлдөрү Asia Times басылмасына берген маегинде, эч кандай жихаддык топтор менен байланышы жок экенин жана топтун мүчөлөрү 2012-жылдагы кагылышуулардан кийинки өөрчүп жаткан абалга жаны ачыган рохинджа элинин жаштары экенин айтып беришкен.

Бангладеш менен чек арадагы кырдаал кандай?

25-августтан бери Бангладешке өтө качууга аракет кылган рохинджа мусулмандарынын саны улам көбөйүп жатат

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 25-августтан бери Бангладешке өтө качууга аракет кылган рохинджа мусулмандарынын саны улам көбөйүп жатат

25-августтан бери Бангладешке өтө качууга аракет кылган рохинджа мусулмандарынын саны улам көбөйүп жатат. Сентябрь башынан тарта кишилердин агымы үзүлбөй калды.

БУУнун маалыматы боюнча соңку он күн ичинде 87 000 рохинджалык мусулмандар өздөрунүн өрткө чулганган айылдарынан качып чыгышты.

Алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар, улгайган кишилер. Көптөрү кагылышуу учурундагы ар кандай жаракаты менен качып чыгышкан.

Кабарларга караганда Ракхайндан айрым будда бүлөлөрү дагы өз үйүн таштап качууга аргасыз болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабарларга караганда Ракхайндан айрым будда бүлөлөрү дагы өз үйүн таштап качууга аргасыз болгон.

Айрым келип жаткан маалыматтарда БУУнун Бангладеш бийлигине атайын кайрылуусуна карабастан качкындарды чек арадан өктөрбөй жатканы тууралуу айтылып жаткан. Азыркы учурда качкындарды чек араны кесип өтүүсүнө уруксат берилди. Бирок боолжолу 20 миңдей рохинджалыктар эки өлкө чек арасындагы Наф дарыясынан өтө албай туруп калышкан.

Гуманитардык уюумдар кишилер өтүүгө аракет кылса чөгүп кетиши мүмкүн экенин кабарлоодо. Өткөн аптада 20 киши сууга агып кеткен.

Мьянманын бийлиги кандай реакция кылып жатат?

Расмий бийлик өлкөнүн коопсуздук күчтөрү 2016-жылдын октябрынан бери полиция жана армиянын базаларына кол салган террорчуларга каршы мыйзамдуу операция өткөрүп жатканын билдирүүдө.

Качкындардын айткандарына негизделген БУУнун отчетунда Ракхайн штатындагы кырдаалда рохинджа элинен чыккан кишилерге, аялдарга жана балдарга ырайымсыз мамиле болуп жатканы айтылат. Мьянманын аскер бийлиги болсо муну ойдон чыккан нерсе деп четке какты.

Бириккен улуттар уюму бул окуяны толук масштабдуу иликтөөгө киришти. Өткөн аптада БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль- Хусейн штаттагы жакында болгон зомбулуктарды алдын алууга болмок деп билдирген.

Соңку учурларда белгилүү укук коргоочу жана Нобель сыйлыгынын ээси, иш жүзүндө азыр Мьянманын лидери Аун Сан Су Чжинин дарегине ачуу сындар айтылып жатат. Ал азыр өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин жетектейт жана мамлекеттик кеңешчи кызматында.

Анын партиясы бийликке келген 2016-жылдан бери көп деле өзгөрүү болгон жок дейт талдоочулар. Баш мыйзам боюнча ал Мьянмадагы өзгөчө макамга ээ болгон аскер күчтөрүнө түз таасир эте албайт. (AbA)