Трамп: Согуш чыга турган болсо, Ирандын күнү бүтөт

Иран менен АКШнын лидерлери Хасан Роухани менен Дональд Трамптын ортосунда кайрадан тирешүү болуп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран менен АКШнын лидерлери Хасан Роухани менен Дональд Трамптын ортосунда кайрадан тирешүү болуп жатат

АКШ Перс булуңунда аскерлерин көбөйтүүнү чечти. Вашингтон Иранды АКШнын аскерлерине жана кызыкчылыктарына коркунуч жаратууда деп айыптап, аталган өлкөгө басым жасоо үчүн экономикалык санкцияларды киргизди.

Эки өлкө тең жакынкы күндөрү согушуу ниети жоктугун билдиргенине карабай, президент Трамп "Твиттерде" Тегеранга түз эскертүү жазды:

"Эгер Иран согушууну кааласа, анда күнү бүтөт. Кошмо Штаттарды эч качан коркутпагыла."

Президент Трамп өз пикирин "Твиттерге" байма-бай жазып турат. Ал билдирүүлөр сөзсүз эле расмий саясатты билдирбейт.

Ошондуктан, анын соңку билдирүүсү канчалык олуттуу экендиги жана ага эмне түрткү бергени белгисиз.

АКШ Перс булуңуна кошумча аскердик кемелерин жөнөттү

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Перс булуңуна кошумча аскердик кемелерин жөнөттү

"Балким жакынкы күндөрдөгү аймактагы айрым бир башка аракеттерди Ирандын ишенимдүү адамдарынан көрүп жатышат. Балким, президент ошол окуяларга тиешелүү кандайдыр чалгындоо маалыматтарына жооп кылып,Тегеранды чегинсин деди. Же жакында жаңылыктарда коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон администрациянын чыныгы бүркүтү катары сүрөттөлүп, Трампты болсо көгүчкөн катары көрсөткөндөн улам чыккандыр",-дейт Voice of America News кабарчысы Стив Герман.

Тегеран өз кезегинде АКШнын соңку аракеттерин психологиялык кысым жасоо жана саясий оюн деп атады.

Иран Трамптын администрациясы "кооптуу оюнду баштады" деп эскертти

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран Трамптын администрациясы "кооптуу оюнду баштады" деп эскертти

Ошондой болсо да, жекшемби күнү Ирандын тышкы иштер министри согуш чыгып кетүү ыктымалдыгын кайрадан четке какты.

"Согуш болбойт, себеби биз согушууну каалабайбыз. Региондо эч кимдин Иранга каршы чыгуу оюу жок",-деди Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф.

Азырынча АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу болуп тургандыктан, согуш чыгып кетиши мүмкүн деген сөздөр чындыкка айланып кетпейби деген кооптонуу бар.

Трамп администрациясынын чоң катасы

Жонатан Маркус, Би-Би-Синин коргонуу жана дипломатия боюнча кабарчысы

"Дональд Трамп бийликке келгенде тышкы саясатта катастрофа болот, деп айрым эксперттер болжогон эле. Анын ордуна көп тараптуу кризис болду. Иранга байланыштуу азыркы кырдаал бул кризистин бардык элементтерин камтыйт: эл аралык келишимдерге карата антипатия, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү өнөктөштөргө ашыкча ишенүү, НАТО уюмундагы өнөктөштөрү менен кайым айтышуу, Вашингтондун чыныгы стратегиясын аныктоодогу кемчилик жана негизги приоритеттерди тандоодогу каталар.

Маселен, Трамп башка державалар күч алып жатканда, АКШны дөө-шаа мамлекетке айландырам деген багыт алды. Кытай менен Орусия таасирин кеңейтип жатканда, Вашингтон үчүн Иран менен тирешүү канчалык маанилүү? Тегеран менен касташуу стратегиялык кызыкчылыкка киреби? Иран чынында олуттуу коркунуч жаратабы? Кызыкчылыктарын коргоо үчүн Вашингтондун согушка баруусу керекпи? АКШдагы эксперттер "жок" деп жооп кайтарышууда.

Саясат таануу боюнча адистер АКШнын базалары бутага алынса, жооп кайтаруу керек дешет. Бирок "согуш" жөнүндө сөз кылып, ага кадам таштаганы Трамп администрациясынын чоң катасы экенин айтышууда.

Бир маселени так айтып кетишибиз керек. Согушту эки тарап тең каалаган жок. Согушка "багыт" алды деп сөз кылуу дагы катачылык. Себеби бул ой саясатчылар ага "аргасыздан" барды же "окуялар өзү ошого алып барды" дегенди түшүндүрөт.

Кандай гана тирешүү болбосун, бирөө ошондой чечим кабыл алды дегенди билдирет".