ЖМК: АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды даярдап жатат

Иран бийлиги АКШнын бардык санкциясын келишимди бузуу катары санаарын айткан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран бийлиги АКШнын бардык санкциясын келишимди бузуу катары санаарын айткан

АКШ бийлиги Ирандын, Гонконгдун жана Бириккен араб эмираттардын компанияларына жана жарандарына санкцияларды даярдап жатат.

Бул Ирандын баллистикалык ракетасын учуруу программасына байланыштуу деп жазышууда америкалык маалымат каражаттары.

Wall Street Journal басылмасы АКШнын финансы министрлигинин санкциялары америкалык компаниялар менен иштөөгө тыюу салат. Санкцияга туура келген компаниялардын Америкада акчасы болсо аны иштетүүгө чек коёт. Басылма жазгандай, “кара тизмеге” он эки компания кирди.

Даярдалып жаткан санкциялар тууралуу маалыматты Блумберг жана Рейтер агенттиктери да тастыктоодо. АКШнын финансы министрлигинин өкүлдөрү да, Иран бийлиги да комментарий беришкен эмес.

БУУ резолюциясы

АКШнын финансы министрлигинин өкүлдөрү да, Иран бийлиги да санкциялар тууралуу комментарий беришкен эмес
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын финансы министрлигинин өкүлдөрү да, Иран бийлиги да санкциялар тууралуу комментарий беришкен эмес

2010-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга ядердик заряддарды жеткире алган баллистикалык ракеталарды учурууга байланыштуу бардык иш-аракеттерге тыюу салган резолюция кабыл алган.

Рейтер агенттиги Иран октябрда текшерип көргөн Emad ракетасы ядердик заряддын бөлүгүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар деген БУУнун декабрдагы отчетунан алып жазды.

БУУ комиссары Иран резолюцияны бузганы тууралуу жыйынтыкка келип жатат.

Шаршембиде болсо АКШ аскерлери Ормуз булуңундагы америка кемелеринин жанында Иран баллистикалык ракетасынын сыноо үчүн учууга коё берип атайын чагым кылды дешет.

Тарыхый келишимдер

Июлда Иран бийликтери жана эл аралык “алты” ортомчу тарыхый келишимге жетишкен. Анда Тегерандан санкциялардын кайсы бир бөлүгүн алуу каралган. Бирок жаңы чектөөлөр мамилени дагы татаалдатышы мүмкүн.

WSJ жазгандай, АКШ бийлиги июлдагы келишимден кийин да баллистикалык ракетаны сыноого тиешеси бар бардык компанияларга санкция киргизүү укугун өзүндө калтырган.

Иран бийлиги АКШнын бардык санкциясын келишимди бузуу катары санаарын айткан. (AK)