Иран жана АКШ: Хомейни менен Вашингтондун жашыруун келишими

1979-жылы Картер бийликке умтулган аятолланын чыныгы ниетин биле алган эмес

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1979-жылы Картер бийликке умтулган аятолланын чыныгы ниетин биле алган эмес
    • Author, Камбиз Фаттахи
    • Role, Би-Би-Синин перс кызматы

Иран Ислам Республикасынын келечектеги түзүүчүсү, АКШны “улуу шайтан” деп атаган аятолла Хомейни 1979-жылы 27-январда Вашингтонго жашыруун билдирүү жөнөтөт.

Ал учурда Иран баш-аламан болчу. Демонстранттар аскерлер менен көчөдө салгылашып жаткан, дүкөндөр жабык, атайын кызматтар иштеген эмес. Иш таштоолор мунай өндүрүшүн дээрлик токтоткон, бул Батыштын эң маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч алып келген.

Ал учурда Париждин чет жагында сүргүндө жашаган, Иран революциясынын лидери Хомейни АКШнын президенти Жимми Картердин администрациясына келишим сунуштаган: иран аскер лидерлери сизди угат, ал эми эли мени ээрчийт.

Диний лидер Хомейни америкалыктарга эгер президент Картер Иран аскерлерине таасирин колдоно алса, ал өзү элди тынчтандыра алам дегенди билдирген. Туруктуулук орнойт, ал эми америкалык кызыкчылыктар жана Иран жарандары коргоо алдында болот.

Ирандын азыркы диний лидери Би-Би-Синин репортажын танып жатат

Ирандын диний лидери аятолла Рухолла Хаменеи АКШ менен аятолла Хомейни ортосундагы жашыруун байланыш тууралуу Би-Би-Синин репортажын катуу сындап, аны жасалма деп атады.

Хаменеи Би-Би-Си материалы негизделген АКШда ачыкка чыккан мамлекеттик документтер ойдон чыгарылган деди.

“Ичинде дээрлик 300 жүргүнчү бар учакты жардырган Америка жасалма документтерди даярдоодон мурда ойлонмок беле?”, - деди Хаменеи 1988-жылда америкалык кеме жардырган Iran Air компаниясынын учагын эске салып.

Ирандын диний лидери мындай материалды чыгаруу менен “британдыктар кастык көрсөтүп” жатат деди.

Ал мындай ойлорун Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү өлгөнүнүн 27 жылдыгын белгилөө учурунда айтты.

Хаменеи андан сырткары Иран менен АКШнын Жакынкы Чыгыштагы максаттары да карама-каршы экенин билдирди.

Айтымында, Тегеран аймактык маселелерди чечүүдө “шайтан” АКШ менен да, Британия менен да кызматташпайт.

Өлкөнүн ошол учурдагы авторитардык лидери Ирандын 35инчи жана акыркы шахы Мохаммед Реза Пехлеви акыр аягы Картердин таасири менен өлкөгө “эс алууга” кеткен.

Өлкөнү башкарууга ал элде таасирдүү эмес премьер-министрди жана арасында баш-аламандык болгон аскерлерди калтырган. Анда Иран армиясы АКШнын куралынан жана кеңешчилеринен толугу менен көз каранды 400 миң аскерден турчу.

1979-жылы Мохаммед Реза Пехлеви өлкөдө көзөмөлдү колдон чыгарып койгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1979-жылы Мохаммед Реза Пехлеви өлкөдө көзөмөлдү колдон чыгарып койгон

Хомейни каардуу аскерлерден коркчу: анткени алардын башында турган роялист аны жек көрөт эле. Хомейнини андан да көп тынчсыздандырганы аскерлердин америкалык аба күчтөрүнүн генералы Роберт Хайзер менен күндө жолугуусу. Аларды Картер Тегеранга жашыруун миссия менен жиберген.

Аятолла 15 жылдык сүргүндөн кийин Иранга кайтсам жана шах Пехвелинин “эс алуусун” түбөлүк кылсам дегенде эки көзү төрт болчу. Ошондуктан ал Вашингтонго жеке кайрылуусун жиберген.

Жиберген билдирүүсүндө ал Ак үй стратегиялык союздашын жоготом деп тынчсызданбай эле койсун деп айтат. Эки өлкө 37 жылы өнөктөш болуп келген. Хомейни дагы АКШнын досу боло турганын билдирген.

“Биздин америкалыктарга каршы эч кандай деле кастыгыбыз жок экенин көрөсүңөр”, деп убада кылган Хомейни. Ал америка бийлигин Ислам Республикасы “гумандуу, дүйнөгө жана адамзат үчүн тынчтыкка дал келген мамлекет” болот деп ишендирген.

Хомейнинин билдирүүсү жакында табылган Американын мамлекеттик документтеринин бир бөлүгү гана.

Алигиче дайынсыз бул окуя Хомейни Иранга кантип кайтканын жана ал үчүн АКШга сый көрсөтөрүнө, дос экенине кантип ишендиргенин айтып берет.

Аятолланын бул билдирүүсү чынында анын администрациясы менен Ак үйдүн өкүлү ортосунда Франциядагы эки апталык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы болгон.

Ал Хомейнинин өлкөгө коопсуз кайтуусу жана бийлик башына келиши тууралуу жашыруун сүйлөшүү болчу. Жыйынтыгында, ал Иран менен АКШ арасында ондогон жылдарга созулган чыңалууга алып келди.

Иран ислам революциясынын расмий тарыхына ылайык, Хомейни АКШга чакырык таштап, шах Пехлевини бийликте кармоого аракет кылган “улуу шайтанды” жеңди.

Бирок Вашингтондо табылган документтер Хомейни АКШ менен тыгыз мамиледе болгонун көрсөтүүдө.

Хомейни АКШга чакырык таштаган эмес, кайра Картердин администрациясын болушунча айланчыктап, диалог түзүү каалоосу тууралуу билдирип турган жана Ислам Республикасы Америка менен дос болорун айткан.

Збигнев Бженский Картердин администрациясында Пехлевинин эң туруктуу жактоочусу болчу

Сүрөттүн булагы, National Archives

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Збигнев Бженский Картердин администрациясында Пехлевинин эң туруктуу жактоочусу болчу

Картерден администрациясынын мурдагы өкүлдөрү азыр да Вашингтон терең ички карама-каршылыктарга карбай, шах Пехвели менен анын өкмөтүн катуу колдогонун айтып келишет.

Бирок АКШнын парда артындагы саясаты башкача болгонун документтер ачыктап жатат. Шах Пехвели Тегерандан чыгып кеткенден эки гана күндөн кийин АКШ Хомейнинин өкүлүнө Иран конституциясын өзгөртүп, монархияны жоюуга каршы деле эмес экенин билдирген.

Америкалыктар Хомейниге маанилүү маалыматты беришкен: Ирандын аскер лидерлери өлкөнүнүн саясий келечегине ийкемдүү мамиле кылышкан.

Хомейни менен Вашингтон ортосунда дээрлик 40 жыл мурда болгон окуя – бул, дүйнөлүк дипломатиянын жөн гана тарыхы эмес. Америкалыктардын Ислам Республикасындагы алардын ою боюнча, прагматикалык элементтер менен келишүү аракети азыркыга чейин бар. Ошол өңдүү эле аятолла Хомейни калтырган антиамериканизм Иранда да бекем.

Президент Кеннедиге билдирүү жөнөтүү

Бул Хомейни Вашингтонго түз кайрылган биринчи учур эмес.

1963-жылы аятолла шах Пехвелини эл алдында сындаган адам катары эми гана белгилүү боло баштаган. Ошол жылы июнда ал Пехвели президент Кеннединин басымы менен аялдарга шайлоо укугун бергенине жини келип сүйлөгөн. Ал ошондо жер реформасын өзгөртчү “Ак революция” тууралуу жарыялаган.

Хомейни анда камалган. Конфликт көчөдөгү баш-аламандыктар менен үч күнгө созулуп, аскерлер тарыбынан бастырылган.

Борбордук чалгын башкармалыгы тапкан документтерге ылайык, Хомейни Тегеранда үй камагында жатып, 1963-жылы ноябрда америкалык президент Кеннедини колдой турганын жазган билдирүүнү анын администрациясына жөнөткөн.

Аятолла Хомейни Вашингтонду аткарбай турган кур убадалары менен сугарып турган

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аятолла Хомейни Вашингтонду аткарбай турган кур убадалары менен сугарып турган

Бул каршылык аракеттерин уюштурууда шектеп, аскерлер эки адамды аткандан кийин жана СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы Леонид Брежневдин Тегеранга сапары алдында болгон. Иран менен Советтер Союзунун жакындашынан корккон америка администрациясы бул визитке тынчсызданып жаткан.

Хомейни шах Пехлевинин негизги колдоочусу Вашингтонду ошондо эле Америка менен урушуу максаты жок экенине ишендиргиси келген.

“Хомейни Американын Ирандагы кызыкчылыктарынын душманы эмес экенин түшүндүргөн”, - деп айтылат Борбордук чалгын башкармалыгынын(БЧБ) 2008-жылы кайсы бир бөлүгү ачыкка чыккан 1980-жылдагы “Ирандагы ислам” аттууу аналитикалык докладында.

Андан сырткары Совет жана Британ таасирине каршы туруу үчүн америкалык катышуу маанилүү деген Хомейни.

Кеннеди ал билдирүүнү көрүп же көрбөгөнү белгисиз. Эки аптадан кийин ал Техаста өлтүрүлгөн.

Бир жылдан кийин Хомейни Ирандан куулган. Ал шах Пехлевиге каршы жаңы аракет баштаган. Бул жолу ал Ирандагы америкалык аскерлерге берилген соттук иммунитет тууралуу болчу.

“Америка президенти биздин элде эң жек көрүлгөн адам экенин билиш керек”, - деген Хомейни куулгандан кийин.

Жарандык согушка аз калган

Картер менен Салиивандын (оңдо) мамилеси элчинин ишенимдүү сунушунан кийин бузулган

Сүрөттүн булагы, National Archives

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Картер менен Салиивандын (оңдо) мамилеси элчинин ишенимдүү сунушунан кийин бузулган

Он беш жылдан кийин Хомейни Парижде болуп калды. Эми Иран монархиясын кулатуу алдында турган кыймылды жетектеп жаткан. Бирок баштаганын бүтүрүү үчүн ага Кошмо Штаттар керек эле.

1979-жылы январда топ Хомейни тарапта болчу. Бирок ал акыркы мүнөттөрдө дагы АКШнын катышуусунан, БЧБ шах Пехлевини бийликке алып келген 1953-жылкы окуянын кайталанышынан коркуп жаткан.

Январдын аягында Шахтын жаңы премьер-министри Шапур Бахтияр Иранга аятолла Хомейнини киргизбеш үчүн аба майданына аскерлер менен танктарды жибергенде кырдаал өтө кооптуу болуп калды.

Иран жарандык согушка аз калгандай болду. Империялык гвардиянын элиталык бөлүктөрү шахы үчүн акырына чейин күрөшүүгө даяр эле. Аятолланын ишенимдүү жолдоочулары куралдуу күрөшкө жана курмандыкка барууга даяр болчу.

Ак үй Ирандагы жарандык согуш Американын кызыкчылыктарына терс таасир этет деп корккон. Анткени миңдеген америкалык аскерий кеңешчилер, заманбап америкалык куралдар, анын ичинде F-14 истребители, мунай жеткирүү жана Ирандагы маанилүү бийлик институту – аскерлердин келечеги корукунчта калмак.

Мындай окуя болуп жатканда шах Пехлевинин кетип, Хомейнинин бийликке келиши АКШны анчалык сарсанаа кылган эмес.

Ага карабай президент Картер Хомейни менен келишимге барууга макул болгон эмес.

Картер шах Пехлеви менен Иран революциясы башталардан мурда жолуккан

Сүрөттүн булагы, National Archives

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Картер шах Пехлеви менен Иран революциясы башталардан мурда жолуккан

1978-жылы 9-ноябрда азыр “Ойлонулбай турган тууралуу ойлонуу” деген ат менен белгилүү болуп калган дипломатиялык депешада Американын Ирандагы элчиси Уильям Салливан Пехлевинин күнү бүтүп жатканын эскерткен.

Элчи Пехлевини жана Ирандын аскердик жетекчилигин Ирандан алып чыгууга жана өлкөнүн экинчи аскердик бөлүгү жана аятолла Хомейни менен келишим түзүүгө Вашингтон жардам бериш керек деген. Салливандын курч сунушу Картерге күтүлбөгөн жерден болду жана алардын мамилесин бузду.

Январдын башында президент каалабаса да, Пехлевинин чыгып кетиши оппозициянын тынчтануусу үчүн керек деген жыйынтыкка келди.

3-январда Ирандагы аскердик төңкөрүш тууралуу кабар келип жатканда Картер алдыңкы кеңешчилерин чогултту. Кыска талкуудан кийин Пехлевини Калифорнияга эс алууга кетти деп акырын чыгарып жиберүүнү чечишти.

“Түзүлүшү өзгөргөн Иран АКШнын утулушу катары каралбаш керек”, - деген ошол жыйында Картер.

Ошол күнү Картер АКШнын аскер башчысынын Европадагы орун басары генерал роберт Хайзерди Тегеранга жиберген.

Хайзер Пехлевинин генералдарына тынч отургула жана өкмөт башчы Бахтиярга каршы аскердик төңкөрүш жасоого шашпагыла деп айтмак. Күнү бүткөн премьер

Бахтияр аны “шахтын агенти” деп атаган оппозицияда колдоочулары жок болгондуктан кыйын абалда калды.

АКШнын элчиси Салливан Бахтиярдын өзүнө аны эр жүрөк деп мактаган. Бирок артынан Вашингтонго саясий оюнда көрсөткүчүн көтөрүп, “донкихотчулук” менен алектенип жатат деген. Элчинин пикиринде, Бахтияр Вашингтондун кеңешине кулак салмак эмес.

Ислам революциясы Иранды батышчыл монархиядан Батышка каршы теократияга айлантты

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ислам революциясы Иранды батышчыл монархиядан Батышка каршы теократияга айлантты

АКШнын мамлекеттик департаменти Бахтиярдын өкмөтү жашап кете албайт деген. Ак үй премьер-министрди эл алдында бекем колдогон, бирок чындыгында аны төңкөрүш аркылуу кулатууну көздөп жаткан.

“Менимче, натыйжа бере турган эң жакшы нерсе – бул, Бахтиярга каршы аскердик төңкөрүш жана андан кийин шахты биротоло бийликтен ала турган Хомейни менен аскерлер арасындагы келишим”, - деп жазган АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Дэвид Аарон жетекчиси Збигнев Бжезинскийге.

Эки күндөн кийин президент Картер рак менен ооруган Пехлевиге акыры өлкөдөн чыгып кетиш керек экенин айтат.

Ал учурда коопсуздук боюнча америкалык чиновниктер арасында Хомейни жана анын жанындагылар менен иш кылса боло турганы боюнча орток пикир түзүлүп калган.

Хомейни ал арада Вашингтонго белги берип турууну уланткан.

“Мунайга байланыштуу коркунуч болбош керек. Биз аны АКШга сатпасак туура эмес”, - деген Хомейни 5-январда Францияга аны көргөнү келген америкалык адамга бул билдирүүнү Ак үйгө айтып бар деген.

БЧБнын имаратында 11-январдагы чечүүчү жыйында Хомейни бийликке өзү келбей, Батышта билим алган өзүнүн орун басары Мохаммед Бехештиге берет деген пикир жаралып жаткан.

Америкалыктар Мохаммед Бехешти сейрек чымчык: прагматик, университетте билим алган, англисче сүйлөгөн имам, Батышта жашаган жана Хомейни менен тыгыз байланышы бар адам дешкен.

Иран аскерлери арасында абройлуу генерал Хайзер Иранга келип, аскерлерди Бехешти менен жолугууга көндүрмөк. АКШ мындай жолугушуу аскерлер менен Хомейни арасында түшүнүшүүнү пайда кылат деген.

Кырдаалды куткарыш үчүн Картер өзүнүн текебердигин да азайтууга туура келди. 14-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Сайрус Вэнс Париждеги жана Тегерандагы элчиликтерге депеша жиберди: “Биз чечтик, Хомейнинин жанындагылар менен түз америкалык байланыш түзгөн жакшы”.

Жашыруун жолугушуулар

Хомейни учакта Тегеранга кайтып келаткан учур, аны тарапташтары үймөлөктөп тосуп алышкан

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хомейни учакта Тегеранга кайтып келаткан учур, аны тарапташтары үймөлөктөп тосуп алышкан

15-январь күнү кечинде Париждеги АКШ элчилигинин кеңешчиси Уоррен Циммерманн Хомейни жашаган Париждин жанындагы тынч Нофль-ле-Шато шаарчасына келди.

Циммерманн жетекчисинин дипломатиялык номери жок жеке Peugeot унаасын алган.

“Мен абдан чоң, үстөлдө отурган кишини кошпогондо бопбош бөлмөгө кирдим. Ал Язди болчу”, деп эскерет көп жылдардан кийин Циммерманн.

Ал Хомейнинин администрация башчысы, жарым америка, жарым иран дарыгер Ибрагим Язди эле.

Техаста жашаган Язди Вашингтондогу чиновниктер менен байланыш курган.

Хомейни менен түз байланыш куруу АКШ үчүн өтө кылдат аракет болчу. Ал билинсе, АКШнын саясатына чыккынчылык катары эсептелмек. Анда дүйнөгө АКШ досу Пехлевиден баш тарткан катары билинмек.

Бехешти Салливан менен жолукту, бирок иран генералдары менен жолугуудан баш тартты. Андыктан Вашингтон Хомейнини өзүнүн орун басарын сүйлөшүүлөрдө ийкемдүү болууга чакыр деген, деп эскерет Вэнс.

Чукул түрдө экинчи жолугушуу уюштурулган. Циммерманга Шах Пехлеви кеткен соң төңкөрүштү уюштурууну аскерлер катуу талкуулашканын, бирок генерал Хайзер аларды токтотконун айтышкан.

17-январда Картер өзүнүн күндөлүгүндө Хомейнини Иранга киргизбөөгө аракет кылып жатканын жазган. Бирок кийинки күнү эле Катердин администрациясы Хомейниге анын Иранга киришине каршы эмес экенин билдирген.

Картердин администрациясы Хомейни менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү баштаган. Негизги максаты – аятолла менен аскерлер арасындагы келишим болчу. Балким америкалыктар Хомейнини токтотууну каалагандыр же анын чыныгы максатын билишкендир. Кандай болгондо да, каалаганын жасай алышкан жок.

Хомейни келишим эмес, толук жеңишти каалап жаткан. Бирок тактикалык сүйлөшүүлөр ага пайдалуу болчу. Андан сырткары Хомейнинин Вашингтонго негизги суроолору бар болчу. Ал АКШ шах Пехлевинин бийлигин канчалык колдоорун жана Иран аскерлеринин маанайын түшүнгүсү келген.

Америка өзүнүн карталарын оңой эле ачкан.

Конституцияны коргообу?

1979-жылы ноябрда Хомейнинин тарапташтары АКШ элчилигин басып алышкан жана 100дөй америкалык дипломаттарды, деңиз аскерлерин барымтага алышкан

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1979-жылы ноябрда Хомейнинин тарапташтары АКШ элчилигин басып алышкан жана 100дөй америкалык дипломаттарды, деңиз аскерлерин барымтага алышкан

Циммерманн жана Язди 1979-жылы 18-январда Францияда үчүнчү жолу жолукканда экөөнүн тең бири-бирине жакшы жаңылыктары бар болчу.

Хомейни Бехештиге генералдар менен жолугуу буйругун берген, деди Язди. Ал эми Циммерманн аятоллага маанилүү түшүндүрмө даярдаган.

Экинчи жолугушууда Вашингтон Хомейнини Иранга капыстан кайтуу катастрофага алып келет деген. Анткени Иран аскерлери конституцияны коргоо чараларын көрүшү мүмкүн. Анда иранда конституциялык монархия түбөлүк жана кыскартылбайт деп жазылып турат.

“Конституцияны коргоо” деген чынында эмнени түшүндүргөн? Чынында ал аскердик жетекчиликти сактап калуу эмес беле? Хомейни ушуну так түшүнгүсү келген.

Вашингтонго ага жооп бериш үчүн эки күн керек болгон. 35 жыл сыр болгон жооп Хомейниге АКШ ирандык саясий системага “ийкемдүү” мамиле кылып жатканын билдирген.

АКШ да Хомейниден жооп күткөн. Картер администрациясы АКШнын Ирандагы негизги кызыкчылыктары америкалык инвестициялар, мунай эскпорту, СССР менен аскердик жана саясий мамилелер тууралуу билгиси келген.

Анын жообу Ислам Республикасынын портрети эле, ал Картер чийген портретке ылайык болчу. СССРдин таасиринен арылган, Америка менен дос болбосо да, нейтралдуу Иран болмок.

29-январда премьер-министр Бахтияр өлкөдөгү күчтүү саясий басым шартында аба мейкиндигин Хомейни учкан учак үчүн ачып салган. Хомейни Тегерандан алыс эмес жерде шииттердин ыйык шаары Кумда зыяратка баргандардын арасына аралашып кетмек.

Ал келерден эки күн мурда шах Пехлевинин куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы аскерлер саясий өзгөрүүлөргө, министрлер кабинетиндеги жаңыланууларга каршы эмес экенин билдирген.

БЧБнын 1979-жыл 5-февралдагы отчетунда аскерлер өзгөрүүлөр “мыйзамдуу жана жай болсо” каршы эмес экени жазылган. Бул отчет 2016-жылы гана ачыкка чыгып отурат.

Ал учурда армиядагы биримдик жоголгон. Кичи офицерлер жана жоокерлер Хомейни тарапка өткөн.

Кийин аскердик аба күчтөрүндө көтөрүлүш башталган. Оппозиция куралданган жана радикалдуу марксист топтордун жетекчилиги менен аскердик базаларды жана борбор шаардагы полиция бөлүктөрүн талкалап киришкен.

Аскерлер жарандык согушка бара алган эмес. Алар чукул чогулуп, нейтралдуу болуу чечимин кабыл алышкан. Чынын айтканда, багынып берген. Премьер-министр Бахтияр качып кетип, жанын куткарган.

Чукул жыйын

Сүрөттүн булагы, BBC Persian

Хомейнинин революциясы биринчи жеңишине жеткенде Картер Вашингтондо эмес болчу.

11-февралда таң менен Картер АКШнын мамлекеттик катчысы менен чиркөөдө болчу. Ал менен байланышуу убактылуу мүмкүн эмес эле.

Аскекрлер жасаган чегинүүлөрдүн баары Хомейни үчүн жетишсиз болгон. 15-февралда башкы командачылыктын төрт мүчөсү окуу жайларынын биринин чатырында өлтүрүлгөн. Бул массалык өлтүрүүлөрдүн башталышы болгон.

Көпчүлүк үчүн Картердин бийлиги шах Пехлевинин режиминин талкалануусун пассивдүү сырттан карап тургандай болуп калды.

Азыр гана Америка шах кеткенден кийинкисин ойлоп, кризистин акыркы мезгилдеринде ал эки жакта лагерь курганы белгилүү болуп жатат.

Бирок Картердин ал кадамы ийгилик алып келген жок. Америкалыктар кооптоно башташкан, Хомейнинин дымагын байкабай калышкан, кадамдары болсо туура эмес чечмеленген.

Картерден айырмаланып, Хомейнинин ирээттүү стратегиясы болгон жана ал өзүнүн ролун мыкты чеберчилик менен ойногон.

Ислам мамлекетин куруу боюнча айкын максаты бар Хомейни Американы бош убадалар менен колдонгон, анын ниетин билгенден кийин жеңишке түздөн түз жеткен.

Бир жылга жетпеген убакыттан кийин Хомейни америкалыктарды барымтада кармап туруп, “Америка эч нерсеге жарабайт” деп айткан.

Ал жеңишинин бир жылдыгын катуу билдирүү мене белгилеген: “Иран Америка империализми менен дүйнөнүн бардык жеринде күрөшөт”.

“Биз өз революциябызды дүйнөнүн баарына экспорттойбуз жана бул Ислам революциясы” деген ал.