Кытай менен Орусия Трамптын телефонун тыңшайбы?

Америкалык басылмалар атайын кызматтарга шилтеме берип, Вашингтондун саясатына таасир этүү үчүн Орусия менен Кытай Дональд Трамптын жеке телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшайт деп жазып чыкты.

Трамп

Сүрөттүн булагы, The White House

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп жалаң гана өкмөттүк телефонду колдоно турганын ишендирүүдө.

Американын президенти болсо муну "фейк жаңылык" деп атады. Ошол эле учурда маалымат каражаттары шилтеме берген расмий булактар "Американын атайын кызматы бул маалыматты чет элдик өкүлдөрдөн алганын ырастады" деп жазып жатышат.

New York Times жана Times басылмалары Трамптын жардамчылары орус жана кытай чалгын кызматтары жеке сүйлөшүүлөрүн угуп жатканын бир нече ирет эскертишкенин белгилейт. Трамп мыкты корголбогон мобилдик байланыш каналы аркылуу достору, ишенимдүү кишилери менен сүйлөшкөндө, аны такай эскертип турушкан. Бирок, президент өзүнүн айфонунан ажырагасы келбейт деп айтып беришкен жардамчылары.

Трампка идеяны кантип "жылдырыш" керек

Times жазганына караганда, Кытайдын чалгын кызматы Трамптын жеке сүйлөшүүлөрүнөн анын ой-пикирин билгиси келет жана ага таасир этүү максатын көздөйт.

Тагыраагы, Кытай бийлиги соода согушун тереңдеткиси келбейт. Ошондуктан Пекин президент Трампка жакын кишилер аркылуу Кытайга керектүү аргументтерди жана көз караштарды жекирүүгө аракет кылат. Муну басылма АКШнын бийлик түзүмдөрүндөгү булагына шилтеме кылып жазды. Кытай бийлиги Трампка жакын, таасирдүү кишилердин тизмесин түзүп чыккан деп ырастайт Times.

"Чубалжыган жана зээриктирген макала"

Бейшембиде эрте менен Трамп өзүнүн "Твиттер" баракчасына:

"Трамп боюнча эксперт аталгандар New York Times басылмасына мобилдик телефонду кандай колдоноорум тууралуу чубалжыган жана зээриктирген макала жазышкан. Анда туура эмес маалыматтар өтө көп болгондуктан, оңдоп чыгууга менин убактым жетишпейт. Мен жалаң гана өкмөттүк телефондорду колдоном жана сейрек учурда гана мобилдик телефонду колдоном. Бул туура эмес маалымат",-деп жазды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Бир нече саатан кийин дагы бир билдирүү жазып, "сейрек учурда гана мобилдик телефон колдонорун, корголгон түйүндөрдү жактырарын" айтты.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Пекин америкалык атайын кызматтардын шектенүүсүн четке кагып, басылмадагы маалыматтарды негизсиз деп атады.

Пекинде өткөн басма сөз жыйынында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү тамаша да кыстара кетти. "Эгерде президент Трамп телефон чалууларынан тынчсызданган болсо, өзүнүн iPhone телефонун кытайлык өндүрүштөгү смартфонго алмашып алсын" деди ал.

Орус бийлиги дагы ЖМКлардагы маалыматтарды четке какты.

"Албетте, биз жалпысынан мындай жарыяланган маалыматтарга юмор менен карай баштадык",-деди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Шек туудурган активдүүлүк

Жыл башында АКШнын коопсуздук кызматы Вашингтон жана анын чет жакасындагы мобилдик түйүндөрдөгү активдүүлүк боюнча бир нече ирет эскерткен.

Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Март айында Ички коопсуздук министрлиги мобилдик түйүндөгү бир нече абоненттин жеке маалыматтарын талкалаганын ачыкка чыгарган.

Байланыш боюнча федералдык комиссиянын жетекчиси кырдаал олуттуу деп белгилеп, муну кылмышкерлер же чет элдик агенттер дагы кылышы мүмкүн экенин айткан эле.

Washington Post басылмасы июнь айында федералдык коопсуздук кызматы Ак үй жана мамлекеттик маанидеги объектилерге жакын жерден чеберчилик менен мобилдик телефон сүйлөшүүлөр тыңшалганын байкаганы тууралуу жазды. (AbA)