Хашоггинин өлүмү боюнча Эр-Рияд катасын мойнуна алды

Батыштын алдыңкы өлкөлөрүнүн чечкиндүү жана катаал реакцияларынан кийин Сауд Арабиясы консулдуктун имаратындагы Жамал Хашоггинин өлүмү өтө олуттуу ката болгонун мойнуна алды.

Демонстрант с плакатом

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бирок өлкө бийлиги мураскер ханзаада Мухаммед бин Салманды коргоп, болуп өткөн окуя боюнча анын кабары болгон эмес деп айтууда.

Жекшембиде америкалык Fox телеканалына берген интервьюсунда Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министри Ахмед аль-Жубейр журналист Хашоггинин үй бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

"Бул үрөй учурган катачылык. Үрөй учурган трагедия. Биз аларга көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз",-деди ал. Ошондой эле министр өз сөзүндө, буга жол бергендер жоопкерчиликке тартылат деп кошумчалаган.

Видеонун түшүндүрмөсү, Хашоггинин өлүмү боюнча Эр-Рияд катасын мойнуна алды

2-октябрда Хашогги консулдуктун имаратына ажырашуу тууралуу документтерин такташууга келген.

Башында Сауд Арабия бийлиги журналист консулдуктун имаратынан чыгып кеткен деп билдирүү тараткан. Бирок буга эч ким ишенген эмес.

Саудиянын консулдугу полициянын атайын тосмосу менен курчалып турат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саудиянын консулдугу полициянын атайын тосмосу менен курчалып турат.

"Далил керек"

Улуу Британия, Франция жана Германия Жамал Хашоггинин өлүмүн кескин айыптап, Сауд Арабиясынан өлүмдүн себеби боюнча түшүндүрмө талап кылды.

Саудиялык бийлик "Хашогги консулдуктун имаратында мушташа кетип, каза тапканын" айтып жатканы менен, бирок ага далил келтирбегени, эч кимди ынандыра албай турганы биргелешкен билдирүүдө айтылган.

Батыштын алдыңкы өлкөлөрү Сауд Арабия бийлигинен журналисттин өлүмү боюнча ачык жана так айтууну талап кылып жатат.

Жекшембиде Германиянын канцлери Ангела Меркель Сауд Арабиясына курал-жарак экспортун токтотконун билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп дагы саудиялыктардын түшүндүрмөсүнө канааттанбаганын айтты.

Түркия президенти болсо журналисттин өлүмү боюнча чындыкты ачыкка чыгарам деп катуу убада берди. Эрдоган бул маселе тууралуу парламентте кайрылуу жасай турганын билдирди.

Amnesty International уюму "үрөй учурган адам өлтүрүүнү саудиялык бийлик актагысы келди" деп билдирүү таратты.

Washington Post Хашогги тууралуу макала жарыялап, Сауд Арабия өкмөтү уялбай туруп, биринин артынан экинчи калптарды айтты деп жазды. Сауд Арабиясын аз сандагы гана коңшу өлкөлөрү коргоп чыкты.

Сауд Арабия бийлиги 18 киши камакка алынганын билдирди. Анын ичинде мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын эки жардамчысы бар. Бирок консулдуктагы мушташ боюнча көп суроолор жоопсуз.

Азырынча Түркия журналисттин өлүмү тууралуу Сауд Арабиясын расмий айыптаган жок. Тергөөчүлөр Хашогги саудиялык агенттер тарабынан өлтүрүлгөнүн далилдеген аудио жана видео материалдары бар экенин айтууда.

Негизги суроо - Хашоггинин сөөгү азыр кайда?

Түрк полициясы журналисттин сөөгү жашырылган болушу мүмкүн делген Стамбулдагы Белград токоюн тинтүүгө алды. Тинтүү Сауд Арабиянын консулдугунда жана консулдун резиденциясында өткөрүлдү.

Түрк полициясы журналисттин сөөгү жашырылган болушу мүмкүн делген Стамбулдагы Белград токоюн тинтүүгө алд

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрк полициясы журналисттин сөөгү жашырылган болушу мүмкүн делген Стамбулдагы Белград токоюн тинтүүгө алд

Рейтер агенттиги жекшембиде ысымын атабаган саудиялык чиновникке шилтеме берип, Хашоггини зордоп алып кетебиз дегенде, каршылык көрсөтүп, муунтулуп өлтүргөнүн жазды.

Кийин анын сөөгүн килемге ороп, жергиликтүү кызматкерлердин бирине жашырып салуу үчүн беришкен. Саудиялык агенттердин бири Хашоггинин кийимин кийип алып, имараттан чыгып кеткендей түр көрсөткөнү да айтылат.

Хашогги тууралуу

Washington Post гезитинин колумнисти жана Сауд Арабия бийлигин сындаган кабарчысы Жамал Хашоггини акыркы жолу Түркиядагы Сауд Арабиясынын элчилигине кирип бара жатканда көрүшкөн. Ал үйлөнөөр алдында консулдукка документтерди алганы барган. Айрым маалыматтарга ылайык, ага консулдуктун имаратында кол салуу болгон.

Түркиялык булактар журналист 15 кишиден турган саудиялык агенттер тарабынан өлтүрүлдү деп ынанымдуу айтып жатышат. Эр-Рияд болсо Хашогги консулдуктун имаратынан аман-соо эле чыгып кеткенин айтат.

Хашогги мурда Сауд Арабиясынын королдук үй-бүлөсүнүн кеңешчиси болуп турган. Кийин королдуктун ырайымынан ажырап, өз эрки менен сүргүнгө кетип, АКШда туруп калган. (AbA)

Жамал Хашоггини акыркы жолу Түркиядагы Сауд Арабиясынын элчилигине кирип бара жатканда көрүшкөн.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жамал Хашоггини акыркы жолу Түркиядагы Сауд Арабиясынын элчилигине кирип бара жатканда көрүшкөн.