Сауд падышасы жоголгон журналист тууралуу эч нерсе билбейби?
АКШ президенти Дональд Трамп Саудиянын падышасы Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөн кийин, АКШ президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип, "Саудия падышасынын Хашоггинин тагдырынан эч кандай кабары жок" деп айтты.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ал ортодо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шашылыш түрдө Сауд Арабиясына учуп кеткен.
Хашоггини акыркы жолу Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунун имаратынан көрүшкөн. Түркия полициясы консулдугунун имаратына кирүүгө мүмкүндүк алды. Буга чейин ал жерге кирүүгө мүмкүндүк берилген эмес эле.
Түркия бийлиги Хашоггини эки жума мурун саудиялык жашыруун агенттер консулдуктун имаратында өлтүргөн деп шектенип жатат. Эр-Рияд бул айыптоолорду четке какты. Бирок, америкалык басылмалар расмий далилденбеген маалыматтарды жазууда. Ага ылайык, Сауд Арабия Хашоггининин сурак учурунда өлгөнүн моюнга алууга даяр экен. Ошондой эле маалыматтарда алгач Хашоггини уурдап чыгуу пландалганы тууралуу дагы айтылат.
Өз кезегинде араб каналы "Аль-Жазира" Түркиянын Бакшы прокуратурасынын Хашоггинин консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаган далилдерди тапканы тууралуу айткандарына орун берди.
Түркиянын атайын кызматтарындагы булак Би-Би-Сиге билдиргендей, "тергөөчүлөрдө Хашоггинин консулдуктун имаратында өлтүрүлгөнүнө аудио жана видео далилдер да бар".
Журналисттин жоголушу Сауд Арабия менен батыштагы жакын өнөктөрү ортосундагы чыңалууну жаратты.
Ишембиде Дональд Трамп "эгерде журналисттин консулдуктун имаратында өлтүрүлгөнү далилденсе, Эр-Риядды катаал жаза күтүп турат" деп билдирди. Ошол эле учурда АКШ президенти Сауд Арабия менен болгон согуштук келишимдерди жокко чыгаруу ыктымалдыгын четке какты.
Телефондогу сүйлөшүүдөн кийин Трамп, "Саудия падышасы Салман бийликтин журналисттин жоголушуна эч кандай тиешеси жок" деп айтканын билдирген.
"Сыягы, булар кандайдыр бир жолбун өлтүргүчтөр окшойт. Ким билет?",-деди Трамп.
Саудиялыктар кандай кандай реакция жасады?

Сүрөттүн булагы, AFP
Сауд Арабияга дипломатиялык басым жасалып, бул окуя боюнча майда-баратына чейин түшүндүрмөлөр талап кылынып жатат.
Дүйшөмбү күнү падыша Салман журналисттин жоголушу боюнча иликтөөнү тапшырды. Өкмөттүн расмий өкүлүнүн айтымында, коомдук прокурорго тезинен иш-аракет кылуу буйругу берилген.
Өткөн жумада Түркия саудиялыктардын Жамал Хашоггинин жоголушун иликтөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүү сунушун кабыл алган.
Жекшемби күнү Эр-Рияд жоголгон журналист боюнча өзүнө айтылган саясий жана экономикалык "коркутууларга" ачуулуу жооп берип, кандай гана жазалоо чарасы болбосун, ага андан да катаал жооп берерине сөз берди.
Консулдуктагы тинтүү кандай өттү?

Сүрөттүн булагы, AFP
Тергөөчүлөр Стамбулдагы консулдуктун имаратына дүйшөмбү күнү күндүзү киришкен. Алгач имаратка саудиялыктардын тобу, бир саатка жакын убакыттан кийин түрк соттук медициналык эксперттер кирген. Бирок баарынан мурун имаратка тазалык кызматкерлеринин тобу кирип чыккан.
Түркия дипломатиялык булактарынын айтымында, тинтүүнү саудиялык жана түркиялык адистерден түзүлгөн топ жүргүзөт.
Өткөн аптада Сауд Арабия Түркия бийлигине консулдукту үстүртөн карап чыгуу уруксатын берген. Түркия муну четке каккан. Тергөөчүлөр имаратты кандын изин табуучу люминол затын колдонуу менен издеп чыгууну каалашкан. Бирок, алар муну кыла алыштыбы белгисиз.
Стамбулда эмне болду?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Washington Post гезитинин колумнисти жана сауд бийлигинин сындоочусу Жамал Хашоггини акыркы жолу 2-октябрда Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирип бара жатканын көрүшкөн. Хашогги ал жакка үйлөнүүнүн алдында документтер үчүн барган.
Айрым маалыматтарга ылайык, консулдуктун имаратында ага кол салышкан. Ортодо кармаш орун алган. Түркиялык булактар журналистти сауд агенттери өлтүргөнүн жазып жатышат. Эр-Рияд болсо, Хашоггинин консулдуктан аман-эсен чыкканын айтууда.
Бир убактарда Хашогги Сауд Арабиянын королдук үй-бүлөсүнүн кеңешчиси кызматын ээлеген. Кийин өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетип, АКШда жашап калган.
Евробиримдиктин чакырыгы
Евробиримдиктин тышкы саясатына жоопкерчиликтүү Федерика Могерини: "Биз Сауд бийлигинин Түркия менен чогуу жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгында абалдын толугу менен түшүндүрүлүшүн күтөбүз", - деди.
Бул арада, 23-октябрда Эр-Риядда өтө турган инвестиция боюнча эл аралык конференцияга катышуудан баш тарткан бизнес дүйнөсүнүн өкүлдөрү улам көбөйүүдө.
Мураскор ханзаада Мухаммад бин Салман дал ушул конференцияда өзүнүн реформалар программасын презентацияламак.
Европа иликтөөнү талап кылды

Сүрөттүн булагы, EPA
Германия, Франция жана Улуу Британиянын ТИМ башчылары саудиялык оппозициядагы журналист Жамал Хашоггинин жоголгонун тыкыр иликтөөгө чакырышты. Ошол эле убакта Сауд Аравиянын бийликтери кандай санкция болбосун, катуу жооп кайтарарын билдирүүдө.
Жекшембиде Германия, Франция жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Алар тийиштүү деңгээлде иликтөө жүргүзүп, Хашогинин жоголгонуна айыптуу адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырышты.
"Биз бул багытта сауд-түрк биргелешкен аракеттерди колдойбуз жана Сауд Аравиянын өкмөтү тарабынан кенен-чонон жана бүт баары жазылган жооптуу күтөбүз»,-деп айтылат Джереми Хант, Жан-Ива Ле Дриан жана Хайко Маас кол койгон билдирүүдө.
Эл аралык кысым
Сауд Арабия журналисттин жоголгонуна байланыштуу олуттуу эл аралык кысымдын алдында калды.
Тогуз күндөн кийин Эр-Риядда Future Investment Initiative (FII) деп аталган ири инвестициялык форум башталат, бирок жоголгон журналисттин окуясынан улам бир катар таасирлүү компаниялар менен ЖМКлар бул иш чарага катышуудан баш тартышты.
Дипломатиялык чөйрөдөгү булактар АКШнын финансы министри Стив Мнучин, Британиянын эл аралык соода министри Лиам Фокс бул конференцияга келбей коюшу мүмкүндүгүн билдиришти.
Бирок андан кийин Ак үйдөн Мнучин конференцияга барууга камнданып жатканын, бирок акыркы чечим кырдаалга жараша кабыл алынары айтылды.
Аталган конференцияга өлкөдөгү ири реформаларды демилгелеп жаткан Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед ибн Салман катышат. Ошол эле убакта иш чаранын бир катар демөөрчүлөрү жана медиа уюмдар конференцияга бойкот жасай тургандыктарын айтууда.
Сауд Арабиянын жекшембиде ачылган фондулук рыногундагы апталык сооданын биринчи күнү журналисттин жоголгонуна байланыштуу жаңжалдан улам анча чоң эмес төмөндөөлөр болгонун көрсөттү.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сауд Аравия азырынча иликтөө иштерине катышпай жатканын билдирди. Андан мурда өлкөнүн ички иштер министри, канзаада Абдулазиз бин Салуд Бин Наиф бин Абдулазиз алардын өздөрү дагы бүтүндөй чындыкты билгиси келип жатканын айткан эле.








