35 жылдан бери биринчи жолу Сауд Арабиясында кинотеатрлар ачылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сауд Арабия бийлиги кинотеатрлардын ишмердүүлүгүнө салынган 35 жылдык тыюну алып саларын жарыялады. Кинотеатрлар ислам фундаменталистеринин кысымы астында өткөн кылымдын 80-жылдары жабылып калган эле.
Жыл башында эле муфтий Шейх Абдул аль-Шейх кинотеатрлар кайра ачылса, өлкөдөгү адеп-ахлакка зыянын тийгизет деп айткан эле.
Бирок дүйшөмбүдө тактынын мураскери болгон ханзада Мухаммед бин Салман 2030-жылга карата социалдык жана экономикалык реформалар боюнча концепцияны алып чыкты. Ага ылайык бийлик тарабынан салынып, жашоо-турмушта кадыресе байкалган кысымдардын көбү алсырай түшөт.
Маселен, киийнки жылдан аялдарга унаа айдаганга жана спорттук иш-чараларга барганга уруксат берилет.

Сүрөттүн булагы, AFP
Падышалык үй-бүлө жана диний институттар ваххабизм деп таанылган диндин агымын колдойт. Ошондуктан өлкөдө жүрүм-турумдан баштап, кийинүүгө чейин бекем көзөмөлгө алынган. Өзгөчө катаал чектөөлөргө аялдар туштугушат.
Азыркы реформалар негизинен экономикалык себептерге байланышкан. Мунай арзан баада болуп жаткандыктан өлкө каржылоонун жаңы булактарын издеп жатат.
Маданият жана маалымат министри Аввад бин Салех кинотеатрлардын ачылышы эконмикалык өсүүнүн катализатору болот деп айтты.

Сүрөттүн булагы, AFP
Кинотеатрларга лицензия берүү башталды
2030-жылга карата Сауд Арабиясы 300дөн ашуун кинотеатр ачууну пландап жатат. Бул 2 миң кинозал деген сөз. Өкмөттүн билдирүүсүндө, кинотеатрлардан 24 миллион доллар акча түшөт деп күтүлүүдө. Андан сырткары 30 миң жумушчу орун түзүлөт.
Көп жылдардан бери падышалыкта биринчи жолу белгилүү арабиялык жана дүйнөлүк поп-жылдыздардын концерти өттү. (AbA)








