Сауд Арабиядагы ызы-чуу: ханзада Мухаммед эмнени көздөдү?

"Саудиялык Сталинби" же ийгиликтүү реформаторбу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Саудиялык Сталинби" же ийгиликтүү реформаторбу?

Сауд Арабиясында дүрбөлөңдүү окуялар орун алды. Тактынын мураскери болгон ханзада Мухаммед бин Салман жетектеген комитет 11 ханзаданы камакка алды, анын ичинде көпчүлүгү мурунку жана азыркы министрлер.

Тактап айтканда, өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин көрсөтмөсү менен ханзадалар камакка алынган. Мамлекеттик маалымат агентиктери кабарлагандай, комитеттин камакка алууга ордер берүүгө жана өлкөдөн чыгууга тыюу салууга укугу бар.

Аталган комиеттин башына Мухаммед бин Салман келген. Ал тактынын мураскери жана өлкөдөгү эң таасирдүү адам.

Сауд Арабиясынын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз аль Сауди жакында 83 жашка чыгат. Ал инсультту башынан өткөрүп, операция болду. Айрым байкоочулар аны альцгеймер жана деменция илдетине чалдыгып калгандай деп айтып жатышат.

Кандай болгон күндө дагы падыша тактынын мураскерин дайындады. Болгондо дагы өзүнүн муунунан эмес, жаштардын арасынан тандап алды.

Жаш реформатор

2009-жылы ханзада Мухаммед атасы Эр-Риядда губернатор болуп турганда анын кеңешчиси кызматына дайындалат. Бул анын чоң саясаттагы алгачкы чыйыры болду.

Тактынын мураскерин батыштын финансылык чөйрөсүндө жакшы билишет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тактынын мураскерин батыштын финансылык чөйрөсүндө жакшы билишет.

Анын саясый карьерасындагы эң чоң секирик 2015-жылы апрелде болду. Падыша Абдал көз жумгандан кийин Мухаммед Коргоо министри (ошол учурдагы дүйнөдөгү эң жаш министр эле) жана падышалык сотко башкы катчы болгон.

Ханзаданын ысымы дүйнөлүк мединаны көңүлүн бурган учуру 2016-жылы апрелде экономикалык реформалар боюнча өзүнүн амбициялуу концепциясын сунуштаганда болду.

Ал сунуштаган концепцияда өлкөнүн мунай кирешелерине болгон көз карандылыктан арылтуу тууралуу багыттар камтылган. «Көрөгөчтүк -2030» планын ишке ашыруу менен өлкө 2020-жылга чейин «мунайсыз эле» жашап кете алат деген ханзада. Эл аралык валюта кору бул планды өтө эле амбициялуу деп мүнөздөп, аны ишке ашыруу кыйын болорун белгилеген.

Тазалоо

Өткөн ишембиде падыша Салман эч кандай түшүндүрмөсү жок эле Улуттук гвардиянын жетекчиси ханзада Мутаиб бин Абдулланы жана Аскер-деңиз флотунун кол башчысы, адмирал Абдул бин Султанды кызматынан бошотту.

Эртеси күнү эле аларга "коррупционер" деген айып тагылып, камакка алынган.

Расмий маалыматтарда кимдер камалганы жана кандай айыптар тагылганы тууралуу маалыматтар жок. Саудиялык "Аль-Арабия" телеканалынын маалыматында, 2009-жылдагы Жиддада болгон суу ташкындоо жана 2012-жылдагы MERS вирусу боюнча иликтөөлөр кайра жандандырылган.

Башка булактар камакка алынгандар тууралуу маалымат берүүдө. Камакка алынгандар арасында мурдагы Каржы министри жана ARAMCO компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Ибрагим аль Ассаф жана ханзада Турк бин Абдалдын ысымдары аталды.

Саудиянын Йемендеги окуяларга кийгилишүүсү эч кандай жыйынтык берген жок. Бирок бир нече миң кишинин өмүрүн алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саудиянын Йемендеги окуяларга кийгилишүүсү эч кандай жыйынтык берген жок. Бирок бир нече миң кишинин өмүрүн алды.

Өзгөчө талкуу жаратканы ханзада Аль Валид бин Талалдын камакка алынышы болду. Ал дүйнөдөгү эң бай адам жана саудиялык маанилүү инвестициялык компаниялардын бири болгон Kingdom Holding жетекчиси.

Ханзада Аль Валид бин Талалга таандык компания инвестиция салган Twitter, Apple, Citigroup жана мейманканалар түйүнү болгон Four Seasons сыяктуу ири ишканалар бар.

Бин Талал аялдарды жумушка ала баштаган аракети менен белгилүү. Forbes анын каржылык абалын 17 миллиард доллар деп баалаган.

Кландык иш

Би-би-синин Араб кызматынын редактору Эдгар Желладдын айтымында, камакка алынган ханзадалардын көпчүлүгү маркум падыша Абдалдын бутагынан тарагандар.

Бирок бул так белгилүү эмес. Эгерде аналитиктердин айткандары туура чыгып калса, анда бийлик үчүн жаңы кландык кармаш жүрүп жатат дегенди билдирет.

Падыша Абдалдын тушунда эле ич ара кландык тирешүү бар эле.

Ханзада Мухаммед бин Наиф "абдалиттердин" көмүскөдөгү лидери. Ал мурда мураскерлердин бири катары аталып келген. Бирок жай айында 21 жаштагы ханзада Мухаммед бин Салман мураскер аталды. Бин Наиф Ички иштер министри кызматынан дагы кол жууду.

Бул жолку камакка алуу жана орун алмаштыруулар саудиялык бийликте чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат деп ишенимдүү айтууга негиз берет. Бирок ал канчалык ийгиликтүү ишке ашат деген суроо бар.

Өлкөдө жакында мураскер такка келет деп күтүп жатышат. Көптөр муну 23-сентябрда болот деп күтүшкөн эле. Социалдык тармактар аркылуу ар кандай каңшаар кептерди таратышкан.

Ак сарай төңкөрүшү болушу мүмкүнбү? Саудиялык королдуктун тарыхында мындай учурлар болгон. Азыркы кырдаалда ханзада Мухаммед бин Салманды сүрүп салгысы келген күчтөр болсо, алар диний жана аскердик чөйрөдөн чыгышы мүмкүн дейт аналитиктер. (AbA)