Адам менен неандерталдар кантип аралашкан?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Азыркы Румыниянын тоолуу аймагында адам менен неандертал жолуккан. Алардын тили, көрүнүшү айырмаланып турган. Бирок "эки жаш бири-бирин жактырып калган" экен.
Албетте, миңдеген жылдар мурун сүт эмүүчүлөрдүн эки башка түрү кантип жолукканын так айтуу абдан татаал. Ал доордо адамдар аз болгон жана сексуалдык катнаш макулдук менен болгону белгисиз.
Ошол доордон 37-42 миң жылдан кийин, 2002-жылдын февраль айында эки саякатчы Румыниянын Анина шаарындагы үңкүрлөрдө маанилүү ачылыш жасашты.
Саякатчылар айтылган үңкүргө жетүү үчүн алгач жер алдындагы өтмөктөн аккан дарыя аркылуу 200 метр кайык менен, андан кийин 30 метр суу алдында сүзүп башка үңкүргө жетип, андан соң 300 метр аскалардан ылдый түшкөндөн кийин мурда изилденбеген жайга келишкен.
Peştera cu Oase же "Сөөктөргө толгон үңкүрдө" сүт эмүүчүлөрдүн миңдеген сөөк калдыктарын табышкан. Изилдөөчүлөр бул сөөктөр үңкүргө суу менен жуулуп барганын болжоп жатышат. Ошол сөөктөр изилденип, алардын арасында Европадагы эң байыркы адамдын сөөгү табылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Изилдөө учурунда окумуштуулар жаак сөөгү адамдыкы болгону менен неандерталдарга таандык өзгөчөлүктөр бар экенин дагы байкашкан. 2015-жылы ДНК анализ жүргүзүлүп, сөөк эркек кишиники экени жана анын канында 6-9% неандертал бар экени тастыкталган. Бул абдан жогорку көрсөткүч. Буга чейин Европа жана Азияда табылган байыркы адамдардын ДНК анализи канында 1-3% неандертал гана байкалган.
Сөөктүн геному неандерталдыкына окшош болгондуктан, окумуштуулар адам менен неандертал алты муун же 200 жыл мурун аралашып, табылган сөөк анын тукуму экенин такташкан.
Peştera cu Oase үңкүрүндө жаак сөөктөн тышкары башка адамдын баш сөөгүн табышкан. Азырынча бул сөөк ДНК анализден өтө элек. Бирок окумуштуулар бул адам дагы неандерталдар менен тыгыз байланышта болушу мүмкүн экенин айтууда.
Албетте, окумуштуулар адам менен неандерталдар аралашканы боюнча буга чейин дагы далилдерди табышкан. Неандерталдын ДНКсы азыркы адамдарда деле байкалат. Жада калса неандерталдар менен байланышта болгон эмес делген Африканын тургундарында дагы неандертал каны бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2016-жылы окумуштуулар Сибирдин Алтай тоолорунун тургундарынын генетикасы 1-7 пайызга неандерталдын ДНКсына окшош экенин табышкан. Неандерталдар бул аймакта 100 миң жыл мурун жашаган эле.
Окумуштуулар сөөк калдыктарын изилдеп, адам менен неандерталдар кантип аралашканы тууралуу кеңири маалымат топтой алды.
Айталы, 2017-жылы антрополог Лора Уейрич неандерталдар кандай азыктар менен тамактанганын изилдеп жатып, Испанияда табылган 13 Неандерталдын жаак сөөгүнөн жана тиштеринен Methanobrevibacter oralis (Оралдык метанобревибактер) бактериясын тапкан.
Бул бактерия өбүшкөндө бир кишиден экинчиги жугат. Албетте, неандерталда табылган бактерия азыркы адамда байкалган бакетириядан бир аз айырмаланып турган. Бактерияны изилдеген антрополог ал 120 миң жыл мурун пайда болгонун аныктаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
120 миң жыл мурун адам менен Неандерталдар өбүшкөн деп так айтуу мүмкүн эмес. Ал доордо эмне болгонун жоромолдосо гана болот. Мисалы, ошол эле бактерия бирге тамактанса дагы жугат. Бирок дал ошол учурда адам менен неандертал аралаша баштаганы боюнча далилдер бар.
Андан тышкары окумуштуулар 2008-жылы Орусиянын Алтай тоо кыркаларындагы Денисова үңкүрүндө ДНКсы неандерталдарга окшош адамдын сөөк калдыктарын тапкан. "Денисовалар" атка конгон сүт эмүүчүлөрдүн ДНКсы адамдыкына караганда неандерталдарга окшош эле. 2018-жылы окумуштуулар "Денисоваларга" таандык дагы бир сөөктү таап, анын энеси неандертал, ал эми атасы "Денисова" экенин аныкташкан. Сөөктөгү Y хромосомалар изилденип, алгач эркек адамдар аял неандерталдар менен аралашканы аныкталган.
Айрым окурмандар адам менен неандерталдын аралашканы канчалык маанилүү деген суроо жолдоп жатышы ыктымал. Бирок миңдеген жыл мурун болгон окуя адамга азыр деле таасир этет. Мисалы, чачтын түсү, адамдын бою, мүнөзү жана иммундук системасы миңдеген жыл мурун болгон окуяга байланууда.
Ошондой эле неандерталдар 40 миң жыл мурун тукум курут болгон. Буга климаттык өзгөрүүсү, жакын туугандары менен аралашканы жана вирустарга туруштук бере албай калганы себеп экени айтылат. Адам менен неандерталдар аралашканда, адамдын иммундук системасы айрым вирустар менен күрөшүүнү үйрөнгөн, ал эми неандерталдар ошол вирус менен күрөшө албай калган.














