Араб арибиндеги "Манастын" тарыхы: чоң акчага сатып алынган кол жазма

- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө Эл аралык түрк академиясынын жооптуу кызматкери, белгилүү окумуштуу, түрколог Кадыралы Коңкобаев менен "Манас" эпосунун араб арибинде жазылган кол жазмасы тууралуу кеп кылабыз.
Бул кол жазмага басмага даярдалып жаткан экен. Өткөн аптада эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадырали жана профессор Кадыралы Коңкобаевди Кыргызстандын президенти кабыл алганда, президент Жээнбеков китептин чыгышына көмөк көрсөтөрүн убада кылды.
Окумуштууга кайрылып, бул кол жазманын тарых-таржымалын сурадык.
К.Коңкобаев: 1992-1994-жылдары азыркы Бишкек гуманитардык университетинде ректор элем. Көп жылдар мурда илимдер академиясында чогуу иштеп калган Буудайбек Сабыр уулу деген аксакалыбыз бар эле. Бул киши кыргыз маданиятынын сакталып калышына эбегейсиз эмгек жасаган. Эч кандай илимий наамы, даражасы жок. Бирок, ушунчалык сыпаа, пакиза, билимдүү киши эле. Кыргыздын үч миңден ашуун музыкалык маданиятын, эл ичиндеги мыкты жомокчуларды, кол жазмаларды изилдеп билген киши эле. Бүт өлкө боюнча кол жазма, эл ичиндеги талантуу кишилерди мынчалык билген эч ким болгон эмес. Ошол киши бир күнү: "Кадыралы, Чүйдүн Дөң-Алыш, Орто-Алыш деген айылдарында бир кишинин кол жазмасы бар, маанилүү болушу керек, мыкты киши эле. Ошого баралы",-деди. Кийин бир-эки жолу барып, анан ошол кол жазмаларды ал кишинин небересинен сатып алгамын. Жашырганда эмне, ошол учурда чоң акчага сатып алганбыз.

Ошол кол жазма БГУга келип, эски кара чемоданда 24 папкеге салынган кол жазма бар эле. Муну убактысы келгенде чыгарабыз деген ниетим бар эле. Кийин ректордун кызматы менен жүрүп чолом тийбеди. Андан кийин кол жазманын тагдыры оор болду. Көп жылдан кийин кайдыгерлик кылышканбы же кандай себеби бар, кол жазмалар жоголуп кетиптир. Кийин сурасам, таба алышпай калды. Кудай жалгап, БГУдагы Чыгыш таануу факультетинде Таласбек Машрапов деген жигит бар. Ошол кишиге айттым эле, ал изилдеп жүрүп, эч ким барктабаган кол жазманы Илимдер академиясынан кайра алдырды. Китептин дагы тагыдыры бар дегендей, 25 жылдан кийин кайра колго алдык.
Би-Би-Си: Буга чейин фольклорчулар көп эле манасчынын оозунан жазып алышканы белгилүү. Бул кол жазманын өзгөчөлүгү эмнеде экен?

Сүрөттүн булагы, Sultan dosaliev
К. Коңкобаев: Кол жазманы Медер Мергенбаев деген аксакал жазып калтырган. Ал киши 1896-жылы туулуп, 1983-жылы 87 жашында көзү өткөн. Өз доорунун сабаттуу, илимдүү кишиси болуп, манасчылык дагы жайы болгон экен. 1925-1928-жылдарда Чүйдүн жайлоосунда Сагынбай Орозбаковду алып барып алып, анын өз оозунан "Манасты" жазып алган. Кол жазмада анда башка дагы эпостун кадимки Тыныбек манасчы айткан вариантын дагы жазып алган. 16 бет ушул манасчыга таандык. Муну кантип жазып алганы азыр белгисиз. Тоголок Молдого таандык 108 бет, Саякбай Каралаевден 34 бет жазылып алынган. Араб ариби менен кыргызча абдан сабаттуу жазылган.
Би-Би-Си: Кол жазманын канча бөлүгү Сагынбай Орозбаковго таандык?
К.Коңкобаев: Сагынбай Орозбаковдон 1130 бет жазып алынган. Кол жазманы эскиче мукабалап, сырты калың төөнүн терисинен жасалган мукаба. Кайыштан жасалган жип менен сыртынан байлап койгон. Кызык жери, бул киши 1961-жылдан 1966-жылга чейин эски араб арибин азыркы кыргыздар билбей калды деп, калың тери мукаба менен капталган беш китеп кылып, кайра кирилл арбинде жазып чыккан. Жалпы көлөмү 2648 бет.
Би-Би-Си: Кирилл арибине өткөндөн кийнки көлөмүндө айырмачылык бар экен. Жогоруда араб арибиндегисин 1130 бет деп айтып өттүңүз эле.
К. Коңкобаев: Ооба, көлөм жагынан айырма чоң. Көрсө, бул киши өзү Сагынбайдан үйрөнгөн "Манасына" алымча-кошумча киргизген. Аябай кооздоп, таза кылып, түшүнүктүү жазган. Биз эми Сагынбай Орозбаковдун варианты менен салыштырып, айырмачылыктарын, өзгөчөлүктөрүн белгилеп, басмага даярдап жатабыз. Бул эми изилдөө үчүн баалуу материал. (AbA)











