Психолог: Эркектер күчтүү, ыйлабайт деген жөн эле сөз

Алтынай Кариева

Сүрөттүн булагы, Altynai Karieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Кариева: Ондогон кишилер жакшы сөз айтып, ооруба, жамандык көрбө деп жатса, сыртыңда кандайдыр бир коргоочу чеп пайда болгондой эле сезилет экен

Би-Би-Си "100 айым" өнөктүгүнүн алкагындагы баяндамаларды улантабыз. Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө дүйнөдө олку-солку абал түзүлүп, коронавирус пандемиясы маалында өзгөрүүлөрдү алып келген, планетаны жакшырткан, 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады.

Июль айында Кыргызстанда эпидемиологиялык абал өтө курч болгондуктан дарыгер жетишпей, ооруканалар жык толгон. Ошондо Алтынай Кариева эң биринчилерден болуп өз ыктыяры менен акысыз жардам берүүгө киришкен. Ал чакан командасы менен жүздөгөн адамга жардам берди. Би-Би-Си ыктыярчы медайым, психолог Алтынай Кариева менен баарлашты.

Би-Би-Си: Акыбал өтө оор болуп, бир күндө эле сексенден ашуун киши көз жумган учурда сиз иштеп жүрдүңүз. Ошол учурду азыр кандай эскересиз?

А. Кариева: Албетте, эстегенде ойго батам. Акыбал абдан оор, дары-дармек жок, дарыгерлер аз, алар чарчай баштаган. Менин медициналык билимим бар, психологмун. Азыр жардам бербесем анда качан деп ишти баштадым. Азыр ойлосом ошол учурдагы оор абалда нес болуп эле иштеп жүрүптүрбүз. Күнүнө жүздөгөн чалуулар, кайрылуулар. Суткасына 1-2 саат эле уктап, колго эмне тамак тийсе аны жеп иштептирбиз. Шок болгон бойдон курсагың ачканын деле билбейсиң. Башында көбү ишенбей коюшту. Мына анан башталды. Ооругандар көп, ал аз келгенсип өзүнөн-өзү үрөйү учуп корккондор толтура. Вирус жуктуруп алгандарды көрүп, өзүнөн-өзү эле дарыларды сатып алып, жардам сурап, ийне сайдыргандарды да далай көрдүк. Абдан коркушту. Андан кийин бир аз абал өзгөрдү. Түшүнүп, туура дарылана башташты. Улгайган адамдарга мамилелери өзгөрө баштады. Жанындагы адам бүгүн бар эртең жок болуп калышы толук мүмкүндүгүн же тескерисинче өзү жок болуп калышы ыктымал экендигине ынанышты.

Дарыгерлер

Сүрөттүн булагы, Altynai Karieva

Би-Би-Си: Кыргыздын дүйнө таанымында бата деген улуу түшүнүк бар эмеспи. Ошол күндөрү сизге жүздөгөн кишилер алкыш айтып, батамды бердим деп жазып жатышты. Батага сиз кандай маани бересиз?

А. Кариева: Бул илим, медицина толук түшүндүрө албаган жагдай экен. Мен улгайган адамдардын тарбиясын алган жокмун десем болот. Ошондон уламбы батага анчейин деле маани берчү эмесмин. Ондогон кишилер жакшы сөз айтып, ооруба, жамандык көрбө деп жатса, сыртыңда кандайдыр бир коргоочу чеп пайда болгондой эле сезилет экен. Балким, ошончо кишинин жакшы сөзү менен чарчап-чаалыкпай, ачкалык дегенди сезбей, оорубай жүрсөм керек деп ойлойм.

Алтынай Кариева

Сүрөттүн булагы, Altynai Karieva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Кариева: Негизи эркек коркпойт, ыйлабайт деп жөн гана стереотип түзүп алганбыз. Аял же эркек деп бөлгөнгө болбойт

Би-Би-Си: Ошол учурда абдан коркуп, тынчсыздангандарды аябай көп көрдүм деп калдыңыз. Адатта, эркек коркпойт, көзүнө жаш албайт деп келебиз. Бул жагынан алганда сиз эмнелерге күбө болдуңуз?

А. Кариева: Негизи эркек коркпойт, ыйлабайт деп жөн гана стереотип түзүп алганбыз. Аял же эркек деп бөлгөнгө болбойт. Коркуу сезими баарында бар. Мен ошол учурда коркмок турсун ыйлаган учурларды далай көрдүм. Бир, эки эле мисал айта кетейин. Бир жолу жардам сурап кайрылган бейтапка шашылыш бардык. Байке тосуп алды. Бир орунга тура албай абдан тынчы кетип жаткан экен. Мен ошол кишинин атасы же апасы ооруп жаткан го деп ойлодум. Көрсө өзү экен. Абалы жакшынакай эле турат, бирок, аябай коркуп-үркүп алган. Ийне сайдырат элем дейт. Жакшы эле экенсиз го десем, жок профилактика керек деп туруп алды. Мынча келген соң макул эми деп ийне сая кетели дедим. Көрүнбөй калган тамырларга сая турган аябай эле ичке ийне болот. Аны "көпөлөк" деп атап коюшат. Ошондой камдап коюптур. Байке, сизге мунун эмне кереги бар? Муну тамыр билинээр-билинбес болуп турган учурда сая турган ийне да десем, мен чоң ийнеден корком, аны сайдыра албайм деп аябай коркуп алган. Бул жалгыз эле окуя эмес. Дагы бир жолу чакыруу болуп барып калдык. Чет өлкөлүк байке экен. Англисче сүйлөдү, макул деп жардам кылып баштасак эле эс учун жоготуп салса болобу. Мен анын атын да жакшы билбейм. Англисче эле сүйлөйт экен деп мектептен үйрөнгөндөрүмдүн баарын эстеп, ар кайсыны айтып жатам. Эсине келбей жатты. Муну эмне кылып салдым деп өзүм да аябай чочуп кеттим. Көрсө ал башынан эле кандан аябай корккон жайы бар экен. Эптеп жатып эсине келди. Көрсө англисче эле эмес, кыргызча да сүйлөй алат экен. Бирок орусча билбейт. Мына ушундай окуялар да болду.

Видеонун түшүндүрмөсү, "100 айым": Гүлназ дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын катарында

Негизи эле эркектерге байланышкан кызык окуялар болду. Барып жардам көрсөтүп кетесиң. Жардам сурап чалуулар тынбайт. Телефонуң ысып кетет. Алганга чолоң жок. Алсаң "сиз мага ийне сайып кеткенсиз, жакшы болуп калдым", "сиз менен таанышып алайын дегем, жактырып калдым" дешет. Ал учурда ал темада сүйлөшмөк турсун 3 сааттык уйкуга зар болуп турган учурубуз эле. Таң кала турган көрүнүштөргө да күбө болдум. Ал тургай "мага экинчи аял болосуңбу?" деп чыккандар болду. Сөз жок.

Би-Би-Си: Абдан оор сыноодон кийин сиз эмнени сездиңиз?

А. Кариева: Айлап толук кандуу уйкуну кандырбай, туура тамактанбай, стресс абалында иштедик да. Мен жалпы эле ыктыярчыларга кайрылат элем. Кыйналуу, уйку качуу, организмдин муктаждыктарын сезбеген көрүнүштөр менин өзүмдө да болду. Психологума кайрылып, кеңеш алып, дарыланып, витаминдерди ичип жатам. Сиздерди да психологго кайрылып, саламаттыгыңыздарга көңүл буруңуздар дейт элем. Себеби, мындай оор окуя өз тагын калтырбай жөн эле жоголуп кетпейт. Ошонун кесепетин тартып калбагыдай болушубуз керек. Ооруп айыккан адамдар абдан коркуп калгандыктан, ошол коркунучтун толкунун балдарына да өткөрүп жиберген учурлар болуп жатат. Бул такыр туура эмес. Алар балдары жакшынакай турса дагы жылуу кийин, үшүп калба, ооруйсуң деген сыяктуу ашыкча "камкордук" менен балдарга залакасын тийгизиши толук мүмкүн. Андыктан өтө эле күчөтүп кабыл албай, эрежени так сактаган маанилүү.

Алтынай Кариева

Сүрөттүн булагы, Altynai Karieva