"100 айым": кыргызстандык Гүлназ дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын катарында

Гүлназ Жүзбаева

Сүрөттүн булагы, Social media

Би-Би-Синин "100 айым" долбоору 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады. Тизмеге кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева дагы кирди.

Кыргызстанда беш миңден ашуун адамдын көзү азиз. Бирок өлкөдө өкмөттүн документтери көзү көрбөгөндөргө даярдалбайт. Кыргызстанда Көзү азиздердин федерациясын түзгөн Гүлназ дал ушул документтерди көзү көрбөгөндөргө даярдап берүү менен алек. Гүлназ Жүзбаеванын тубаса көзү азиз экенине карабай мектепти, жогорку окуу жайды ийгиликтүү бүтүргөн. Гулназ көзү азиздер үчүн атайын курстарды ачып, анда компьютер, телефондорду пайдалануу, коштоочусуз эле шаарда жүрүүнү үйрөтүп, турмуш тиричиликке байланыштуу керектүү кеңештерди берет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Гүлназ тууралуу кеңири маалыматты жакында жарыялайбыз. Буга чейин 2018-жылы Би-Би-Синин "100 айым" долбооруна кыргызстандык Алина Анисимова дагы кирген эле. 19 жаштагы студент Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө космостук изилдөөлөргө каражат бөлүнбөгөнү менен, кыялынын арты менен спутник жасайм дегендердин бири болгон.

Сегиз жылдан бери Би-Би-Си миллиондогон кишилерге шык берген дүйнөдөгү жүз айым тууралуу баяндамаларды сунуштап келүүдө.

Видеонун түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин "100 айым" долбоору

Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө дүйнөдө олку-солку абал түзүлүп, коронавирус пандемиясы маалында өзгөрүүлөрдү алып келген, планетаны жакшырткан айымдардын ысымы аталды.

2020-жылдын тизмесине Финляндиянын жалаң аялдар түзгөн коалициялык өкмөттүн башчысы Санна Марин, Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан топтун башчысы Сара Гилберт, Ухан шаарындагы катаал карантин учурунда жашоо-турмушту дүйнөгө чагылдырып турган Фанг Фанг, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшкөн түштүкафрикалык ырчы Захара сыяктуу аялдар кирди.