"100 айым": Дүйнөнү аялдар башкарганда келечек кандай болмок?

100 айым долбоору

Би-Би-Синин «Жүз айым» долбоору 2019-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады.

Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө "Дүйнөнү аялдар башкарганда келечек кандай болмок?" деген суроо коюлуп жатат.

Тизмеде 16 жаштагы экологиялык активист Грета Тунбергден тартып 21 жашында эркектердин абагында жатып чыккан транс-аял Ниша Аюбка чейинки кыз-келиндер бар.

Бул тизмедеги аялдар дүйнөнүн булуң-бурчундагы кыз-келиндерге дем берүүдө. Алардын аракети аркылуу 2030-жылы жашообуз кандай болорун элестетүүгө мүмкүн. Биз тизмеге кирген айымдар тууралуу айтып беребиз.

Грета Тунберг

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Швед экоактивисткасы Грета Тунберг Нью-Йоркто өткөн БУУнун климат боюнча саммитинде глобалдык көйгөйгө жетиштүү көңүл бурбай жатат деп, дүйнө лидерлерин айыптап сүйлөгөнү менен көптөрдүн эсинде калды.

"Силер өзүңөрдүн куру сөзүңөр менен менин балалыгымды жана кыялымды уурдадыңар!",-деп билдирүү жасаган Грета.

16 жаштагы Грета Тунберг экологиялык активист. Буга чейин аны Нобель сыйлыгына көрсөтүшкөн. GQ версиясы боюнча "Жыл адамы" деп табылган. Давосто жана британ парламентинде кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүк алган.

Бир жыл мурун Грета Тунберг мектептеги сабагын таштап, швед парламентинин алдына митингге чыккан. Тунберг аутизмдин бир формасы менен ооруган.

"Мындай илдет менен жабыркаган кишилер үчүн дүйнө ак жана кара түстө гана. Биз жалган айтканды биле бербейбиз. Ошондой эле силерге абдан жакшы көрүнгөн социалдык оюндарды дагы жактырбайбыз. Менимче, биз, аутисттер көп жагынан кадимкидей элебиз, калгандары түшүнүксүз",-дейт Грета.

"Ал мектепте болушу керек эле. Биз анын бул чечимин (сабакты үзгүлтүккө учуратуу) колдогон эмеспиз. Бирок биз Гретанын өз позициясын коргоп жаткан аракетин урматтадык. Анын алдында эки жол бар эле: үйдө олтуруп өзүн бактысыз сезүү, болбосо каршылык көрсөтүп, өзүн бактылуу сезүү",-деди атасы Сванте Тунберг.

Кызы климаттык өзгөрүүлөр боюнча китептерди окуп баштаганга чейин бул көйгөй тууралуу көп кабарыбыз жок эле, дейт атасы. Бул аркылуу Грета үй-бүлөсүнүн жашоо образын өзгөрткөнүн атасы моюнга алып жатат.

Тунбергдин бүлөсүнүн экологиялык кыймылдарга эч кандай тиешеси жок.

Прешес Адамс, балет бийчиси

Precious Adams

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Адамс сегиз жашынан баштап үйүндө өз алдынча бийлеп баштаган, ошондон кийин аны апасы бий сабагына жазып коет. Он алты жашында ал дүйнөлүк үч абройлуу балет мектебине, анын ичинде Россиядагы Чоң балет академиясына окууга өткөн.

Ал 2017-жылы Англиянын улуттук балетинде биринчи артист болуп тандалып алынган. Кийинки жылы Улуттук бий конкурсунда Emerging Artist Award сыйлыгын жеңип алды.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

"Мен келечектен үмүтүм чоң, бул искусствого улам көп адам кызыгат деп ойлойм. Мен үйрөнгөн өнөрдүн көп адамдарга кубаныч, эркиндик алып келишин каалайм",-деди Адамс.