"100 айым": 2020-жылы эң таасирдүү аялдардын тизмесине ким кирди?

Image shows selection of women from 2020 list

Би-Би-Синин "100 айым" долбоору 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады.

Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө дүйнөдө олку-солку абал түзүлүп, коронавирус пандемиясы маалында өзгөрүүлөрдү алып келген, планетаны жакшырткан айымдардын ысымы аталды.

2020-жылдын тизмесине Финляндиянын жалаң аялдар түзгөн коалициялык өкмөттүн башчысы Санна Марин, Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан топтун башчысы Сара Гилберт, Ухан шаарындагы катаал карантин учурунда жашоо-турмушту дүйнөгө чагылдырып турган Фанг Фанг, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшкөн түштүкафрикалык ырчы Захара сыяктуу аялдар кирди.

Тизмеге кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева дагы кирди. Кыргызстанда беш миңден ашуун адамдын көзү азиз. Бирок өлкөдө өкмөттүн документтери көзү көрбөгөндөргө даярдалбайт. Кыргызстанда Көзү азиздердин федерациясын түзгөн Гүлназ дал ушул документтерди көзү көрбөгөндөргө даярдап берүү менен алек.

Дүйнөнүн булуң-бурчундагы муктаж болгондорго кол сунган, өз кызыкчылыгын көздөбөй башкаларга жардам берген аялдарды даңазалоо жана кадырлоо үчүн быйыл "100 айым" өнөктүгү тизмедеги жүзүнчү орунда бош калтырды.

Sanna Marin profile

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Финляндиянын премьер-министри Санна Марин

Бул жолу Би-Би-Си Финляндиянын аялдар башкарган коалициялык өкмөтү жана анын лидери Санна Марин тууралуу сөз кылат. Марин айым дүйнөдөгү эң жаш лидер катары белгилүү. Бирок аялдар башкарган өлкөнүн лидерлери коронавирус пандемиясы учурунда чечкиндүү болуп, туура кадамга барганы менен белгилүү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта Covid-19 глобалдык пандемия катары жарыялаганда, Финляндия 16-мартта карантин чараларын киргизген. Премьер-министр бизнести колдоо үчүн атайын чараларды ишке ашырып, жергиликтүү тургундарды үйдөн чыкпай отурууга үндөгөн.

Карантин учурунда өлкөнүн лидери апта сайын журналисттер менен тургундардын суроолоруна түз байланышта жооп бери жатты. Жада калса мектеп окуучулары үчүн дагы басма сөз жыйын уюштурган.

Би-Би-Си дүйнөдөгү аялдардан гана турган коалиция кантип иштеп жатканы менен таанышып келди.

Видеонун түшүндүрмөсү, Финляндиянын аялдар башкарган коалициялык өкмөтү