Би-Би-Си: 2018-жылдын 100 айымы ким?

Some of the BBC's 100 Women 2018

Би-Би-Си дүйнөнүн булуң бурчунан 2018-жылдагы эң шыктандырган 100 аялдын ысымын атады.

Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Би-би-синин «100 айым» атайын долбоорунда биз аялдар күн сайын туш болгон көйгөйлөр тууралуу гана эмес, биз аларды шыктандырып, аракетке өтүүгө чакырабыз.

First 20 women on the 100 women list

Би-Би-Синин бул жылдагы 100 айымына алтымыш башка мамлекеттен, 15 жаштан 94 жашка чейинки жигердүү лидер аялдар тандалды.

Би-Би-Синин "100 айым" долбооруна кыргызстандык Алина Анисимова дагы кирди. 19 жаштагы студент Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө космостук изилдөөлөргө каражат бөлүнбөгөнү менен, кыялынын арты менен спутник жасайм дегендердин бири.

Next 20 women (21-40) on the 100 women list

Спутник куруу үчүн IT технологиясын мыкты өздөштүргөн кыздар чогулган. Алина, жаш болсо дагы спутник куруп жаткан кыздардын окутуучусу. Ал долбоор эки жылга багытталганын айтат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

"Учурда окутуунун алгачкы этабы жүрүп жатат. Кыздар инженердик иштин негиздерин, ширетүүнү, тетиктерди туура бириктирүүнү үйрөнүүдө. Жылдын ортосунан тарта алар Литвада биринчи спутникти коё берген Nano Avionics компаниясынын өкүлдөрүнүн жардамы менен түздөн-түз спутникти курууну үйрөнүүгө өтүшөт. Кыргызстанда келечекте аял-эркектин тең укуктуулугу сакталып, дүйнө таң калаарлык ачылыштар жасалат деп ишенем. Өлкөнүн алгачкы спутнигин жараткан кыздар, жаштар үчүн үлгү болуп, тарыхта калаарына үмүтүм чоң", - деди Алина Анисимова.

Next 20 women (41-60) on the 100 women list

Спутник көлөмү жагынан кичинекей жана жөнөкөй болот. Анткени алгачкы жаратуучулар үчүн бул жетиштүү. Анын чыгымы болжол менен 100-150 миң долларды түзөт. Учурда демөөрчүлөрдүн жардамы менен ай сайын 800 доллардын тегерегинде каражат чогулууда. Ал эмнеге багыттала турганы азырынча тактала элек. Эки жылдан соң даяр болгон спутник Эл аралык космос станциясына жиберилип, орбитага коё берилет.

Next 20 women (61-80) on the 100 women list

Сиз да үн кошуңуз!

Сиздин оюңузча, бул талкууда Кыргызстандагы аялдардын негизги кайсы көйгөйлөрүн көтөрүп чыкса болот? Өз ой-пикириңизди баракчанын алдындагы форманы толтуруп жөнөтүңүз.

- Кыргызстанда аялдардын жашоосу жакшы жакка өзгөрө алдыбы?

Last 20 women (81-100) on the 100 women list

- Аялдар саясат жана бизнесте маанилүү ролду ойной алабы? Аларга эмне тоскоол болуп жатат?

- Эне жана жубай болуу айымдардын карьерасына канчалык таасирин тийгизет?

- Дин аялдарга жардам береби же укуктарын чектеген учурлары барбы?

- Аялдардын көз караштары маалымат каражаттарында жетиштүү чагылдырылып жатабы?

Бул суроолор боюнча пикирлерди, өзүңүз туш болгон окуяларды биздин "Фейсбук" баракчабызга жөнөтүңүз.