«100 айым»: Өзүнө ишенбөө карьерага терс таасир этет

Кэтти Кэй америкалык журналист Клэр Шипман менен биргелешип «Ишенимдүүлүктүн принциптери» (The Confidence Code) деп аталган китепти жазган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кэтти Кэй америкалык журналист Клэр Шипман менен биргелешип «Ишенимдүүлүктүн принциптери» (The Confidence Code) деп аталган китепти жазган.
    • Author, Кэтти Кэй
    • Role, BBC World News теле алып баруучу

Би-би-синин "100 айым" атайын долбоорунун жүрүшүндө биз таасирдүү жана өзүнүн басып өткөн жолу менен шыктандыра турган аялдарга кайрылып, дүйнө жүзүндөгү айымдар кабылган төрт көйгөйдү чечүү жолдорун табууга жардам сурадык.

Ал көйгөйлөрдүн бири аялдардын карьералык өсүүсүнүн чектелиши.

Би-би-синин америкалык аудиториясы үчүн теле жаңылыктардын алып баруучусу Кэтти Кэй аялдардын деле эркектер сыяктуу өзүн ишенимдүү сезүүсүнө толук негиз бар дейт. Бирок негедир бул аялдарда аз байкалат.

______________________________________________

Нью-Йорктогу Колумбиялык бизнес мектеби муну мындайча түшүндүрөт: тенденция мындай, эркектер чыныгы дарамети кандай экенине карабастан өздөрүн жөндөмдүү сезишет.

Бирок чынында институттун изилдөөсүнө таянганда, эркектер өзүнүн талантын болжолу 30 пайыз эле баалашат. Анысына карабай өздөрүнө ишенимдүү.

Биз аялдар болсо, тескерчисинче көп учурда өзүбүздүн жөндөмүбүздүн баасын төмөн санайбыз. Өзүбүздүн таланттарыбызды жана жөндөмүбүздү чыныгы баасынан арзан бычабыз. Мындай жетишпестик карьеранын жүрүшүндө алдыңа келген мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарып, аз гана айлык менен чектелүүгө алып келет.

Видеонун түшүндүрмөсү, Эмне себептен аялдар жетекчилик кызматтарда аз кездешет?

Би-би-синин "100 айым" долбоору бул - эркектер менен аялдар ортосундагы өзүнө болгон ишенимдеги айырмачылыктарды кыскартууга багытталган чоң кыймыл.

Айырмачылык жаралышына негиз боло турган реалдуу себептер деле жок. Айталы, аялдар биздин эркек кесиптештерге караганда көбүрөөк компетенттүү.

Иш жүзүндө аялдар эркектерге салыштырганда окууда да мыкты ийгиликтерге жетет. Бирок бизге жетишпегени өзүбүздүн күчүбүзгө ишенбегенибиз.

Эгерде атайын логикалык тест өткөрө турган болсок, аялдар анын жыйынтыгы ар дайым реалдуулуктан төмөн баалашат. Эркектер болсо реалдуулуктан жогору. Чынында алардын жыйынтыгы болжолу бирдей эле болот.

АКШда кандайдыр бир ийгиликтерди жарата алган болсом, анын жалгыз себеби менин британдык акцентим болсо керек деп көп айтам. Өзүм да ушуга терең ишенем.

«100 айым

Балким ал ийгиликтер өзүмдүн жумушумду жакшы аткаргандан же көп эмгектенгенден болгондур? Албетте, жок. Эмне деген абсурд. Ооба, бир гана ишенимдүүлүк менен өзгөртө албаган нерселер бар. Бирдей эле жумушка азырга чейин эки башка маяна төлөнүп келүүдө.

Аялдардын арасында эркектер сыяктуу коомчулуктун көз алдында болуп, бийиктиктерди багындырган, башкалар идеал туткан роль моделдер жетишсиз. Ушунун өзү эле аялдарга оңой эмес экенинен кабар берет.

Дискриминация таптакыр жок болуп кете элек. Силер аны менен жумушта жүрүп да кагылышасыңар, мен да кагылышам.

Эркектер сенин сырткы көрүнүшүңө комментирий берип жатканда, сенин профессионалдык билимиң экинчи планга сүрүлөт.

Америкалык журналист Клэр Шипман менен биргелешип жазган «Ишенимдүүлүктүн принциптери» (The Confidence Code) деп аталган китепте биз ондогон психологдордон, ири ишкерлерден, спортчулардан, жогорку даражадагы аскер кызматкерлеринен жана нейробиологдордон интервью алдык. Окумуштуулар менен баарлаштык.

Биз талкалап салуу кыйын болгон шаблон бар экенин түшүндүк.

Ишенимдүүлүктүн жетишпестиги тобокелчиликтен качуу, ийгиликсиз болуп калса эмне болот деген кооптонуу, көйгөйдү тоодой кылып кабыл алуу.

Мен өзүмдүн мисалымда мындай кемчиликтин кантип жойгонум тууралуу айта кетейин. Бир нече жыл мурун мени Жакынкы Чыгыштагы саясатты талкуулоо үчүн Ак үйгө чакырышты. Мен 14 эркек жана бир аял олтурган бөлмөгө киргенден кийин алардын баары ошол чөлкөм боюнча эксперттер экенин түшүндүм. Өзүмөн өзүм кичирейип, бул жерге келүүгө татыктуу эмес элем деген сезим болду. Качан гана суроо жоопторго кезек келгенде менде талаштуу суроолор пайда болду. Бирок аны дароо айтуудан тартынып, алар деген маселени мыкты билген кишилер да деп, алар менин маалыматым аз экенин сезип калбайбы деп тартындым.

Акыр аягы ички уйгу-туйгумду жеңип, кол көтөрүп, суроо бердим. Эч нерсе болуп кеткен жок, асман башыма кулап түшпөдү.

Ошондо мен батынып кол көтөрүп суроомду берип калбасам, анда кийинким кандай болот эле? Кийинки жолу ушундай жогорку деңгээлдеги жолугушууларга барганда менде аз болсо да өзүм ишеним бар экенин сезем.

Өзүңө болгон ишенимди бекемдөө менен өзүңдү баалай аласын. Бардык эле кишилер ийгиликсиз кырдаалдарды башынан кечирерин моюнга алып каласын.

Бул деген идеалдуу болууга умтулган курулай аракеттен алыстатат. Жумуш идеалдуу, бирок кишилер андай эмес. (AbA)