"Жүз айым": аялдар бир аптада дүйнөнү өзгөртө алабы?

«Жүз айым» долбоору кайра Би-би-сиге кайтып келип, жаңы дем менен уланып жатат.
Бул сезон атактуу алтымыш аялга арналган макалалар менен башталды. Алардын арасында НАСАнын астронавты америкалык Пегги Уитсон, Либериянын президенти Элен Жонсон-Серлиф жана англиялык футболчу айым Стефани Жейн Хьютон бар.
Долбоордун катышуучуларынын арасында КМШ өлкөлөрүнөн дагы аялдар бар. Айталы, «Өзбекстандын баатыры» деген мамлекеттик эң жогорку наамга татыган математик Мухаббат Шаропова дагы кирген.
Бул сезондогу дагы 40 аялдын ысымы октябрь айында жарыяланат.
Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Би-би-синин «100 айым» атайын долбоорунда биз аялдар күн сайын туш болгон көйгөйлөр тууралуу гана эмес, биз аларды шыктандырып, аракетке өтүүгө чакырабыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аялдардын зомбулукка кабылганы тууралуу аягы бүтпөгөн окуялар, күнүмдүк жашоодогу жана жумуштагы тең укуктун жок экени сыяктуу бир топ көйгөйлөр коомдо көңүл түшүргөн жана өкүнүчтүү көрүнүштөр.
Ошондуктан бул жаңы сезондо биз таасирдүү, өзүнүн басып өткөн өмүр жолу аркылуу шыктандыра алган, үлгүлүү аялдарды дүйнөдөгү аялдар кабылып жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун табууга көмөк көрсөтүүгө чакырабыз.
Бул долбоор ушул жылы беш жылдыгын белгилейт. Биз бул жолу аялдардын төрт көйгөйүн көтөрөбүз: карьералык өсүүсүнүн чектелиши, аялдар арасындагы сабатсыздык, көчөдөгү аялдарга карата куугунтук жана спорттогу сексизм.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"100 айым" долбоору бир гана инновациялык чечимдерди издөө менен байланбайт. Биз радио жана өзүбүз сайт аркылуу, социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу актуалдуу темаларды талкуулайбыз.
Айымдардын карьералык өсүүсүнүн чектелиши Сан-Францискодо талкууланат. Аялдар арасындагы сабатсыздык Делиде, көчөдөгү аялдарга куугунтук Найробиде жана спорттогу сексизм Риодо талкууланат.
Бизге глобалдык дискуссия абдан маанилүү. Ал аркылуу биз планетанын булуң-бурчунан аялдардын тагдырын, окуяларын угабыз.
"2015-жылы аялдар дүйнөнүн отуз өлкөсүндө он тилде өткөн 150 дебатка катышкан,-дейт долбоордун редактору Фиона Крак. - 2016-жылы "Википедияга" көп учурда унут калып, бирок чоң-сый урматка татыктуу аялдар тууралуу 450 макала жазылган. 2017-жылы биз долбоорду жаңы деңгээлге чыгарабыз».
Эгерде биздин долбоорго катышууну туура көрсөңүз биз менен «Фейсбуктагы» баракчабыз аркылуу, кирип байланышыңыздар. (AbA)











