“100 айым”: карантин учурунда 15 миллион аял зомбулукка кабылды

Видеонун түшүндүрмөсү, “100 айым”: карантин учурунда 15 миллион аял зомбулукка кабылды

Коронавирус пандемиясынан улам үй-бүлөдөгү зомбулук дүйнөнүн булуң-бурчунда күчөдү. Карантинден улам көпчүлүк аялдар агрессивдүү жакындары менен үйдө чогуу камалып калды.

Бул кырдаал Кыргызстанда дагы байкалды. Зомбулукка кабылганын айтып кайрылгандар саны Бишкектин өзүндө эле өткөн жылга салыштырганда 62 пайызга көп болду, деди ИИМ. Кризистик борборлор карантин шартында телефон аркылуу гана кеңеш бере алат. Атайын уруксат кагазы болбогондон кийин алар жардамга жетип бара албайт.

Би-Би-Си "100 айым" долбоорунун алкагында үй-бүлө зомбулугу темасына кайрылабыз.

Би-Би-Синин "100 айым" долбоору 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады. Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө дүйнөдө олку-солку абал түзүлүп, коронавирус пандемиясы маалында өзгөрүүлөрдү алып келген, планетаны жакшырткан айымдардын ысымы аталды.

2020-жылдын тизмесине Финляндиянын жалаң аялдар түзгөн коалициялык өкмөттүн башчысы Санна Марин, Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан топтун башчысы Сара Гилберт, Ухан шаарындагы катаал карантин учурунда жашоо-турмушту дүйнөгө чагылдырып турган Фанг Фанг, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшкөн түштүкафрикалык ырчы Захара сыяктуу аялдар кирди.