Ухандан күндөлүк: Кытайда чыккынчы аталган Фанг Фанг

Сүрөттүн булагы, Wu Baojian
Би-Би-Синин "100 айым" долбоору 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялаган. Алардын катарында Фанг Фанг дагы бар.
Кытайда коронавирус кеңири жайылып баштаганда Ухандагы турмушту чагылдырган Фанг Фанг кескин сынга кабылган. Кытай бийлиги тарабынан кысымга карабастан Фанг Фанг чындыкты дүйнөгө айта берген.
"Апаатка туш болгондо, өз пикириңди жана кеңешиңди ачык айтып туруу абдан маанилүү",-деди ал Би-Би-Сиге.
Ушул жылдын январь айында 11 миллион калкы бар Ухан шаары биринчилерден болуп карантинге алынган. Эч бир жаңылыктан кабары жок калып, үйдө камалгантургундар Фанг Фангдын күндөлүктөрүн окуп, көйгөйдү түшүнгөн эле.
65 жаштагы активист күндөлүгүн Кытайда кеңири колдонулган Weibo коомдук сайтта жарыялап турган.
Жалгыз жашаган Фанг Фанг Кытай бийлигинин кадамдарын сынга алып турду. Алгач анын күндөлүгүн көптөр жылуу кабыл алганы менен, көп өтпөй Фанг Фанг чындыкты айтканы үчүн сынга кабылып, ага карата коркутуулар болгон.
Би-Би-Синин "100 айым" өнөктүгүнүн алкагында Фанг Фанг коркутуулар, чыккынчылык деген айыптарга карабастан эмнеге күндөлүгүн уланта бергенин түшүндүрүп берди.
"Жандуу баяндама"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Фанг Фанг күндөлүгүн алгач өзү үчүн жаза баштаганын айтат. Жалгыз жашаган 65 жаштагы Фанг үйдө камалып калган эле. Ал дүйнө менен байланыш үзүлгөндөрдүн турмушун сүрөттөп берген. Ошол эле учурда көптөр вирустан каза таап жатканын, тургундардын жергиликтүү бийликке каршы нааразылыгын ачык айткан.
Вирус жаңы жайылып баштаганда анын жазгандарын мамлекеттик медиа даңазалап чыккан. China News Service анын күндөлүгүнө "жандуу баяндама, чыныгы эмоциялар байкалат жана окумдуу стилистика" деген мүнөздөмө берген. Бирок Фанг Фангдын жазгандарына чет өлкөлүктөр кызыга баштаганда, ага карата сын-пикир күчөдү. Бул күндөлүктү АКШда жайгашкан HarperCollins басылмасы англис тилине которуп, китеп кылып чыгарары белгилүү болгондо Фанг Фангды "эл душманы" катары атап калышкан.
"Пандемия күч алган учурунда 60 күн бою үзбөй күндөлүк жазганым үчүн бийликтин душманы катары аталдым",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Fang Fang
Кытайдын жергиликтүү медиа булактары Фанг Фангга күндөлүгүн чыгарууга тыюу салынганын кабарлаган. Бээжиндин буйругу менен анын мурда жана жаңы жазган китептери дагы жарык көрбөйт.
"Жазуучу үчүн бул абдан ырайымсыз мамиле. Балким бийликти мактагандын ордуна жөнөкөй тургундарга боорум ооруган үчүн мындай мамилеге дуушар болдум. Бул чындык, мен бийликти эч мактаган жокмун. Демек, күнөөмдү мойнума алам",-дейт Фанг Фанг.
Добулдай жааган коркутуулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Фанг Фангдын чыныгы ысымы Ванг Фанг. Ага карабастан көптөр анын жашаган жерин таап чыгышып, коркуткан каттарды жөнөтүшкөн. Фанг Фанг он миңдеген кат келгенин, алардын айрымдары "өлтүрүп кетем" деп опузалаганын айтат.
Коомдук сайттарда болсо аны "чыккынчы", "Батышка сатылган манкурт же Американын атайын кызматтары тарабынан каржыланган саткын" деп аташкан. Карыя мындай мамилеге туш болгонуна таң калат.
"Мага карата жек көрүүлөрүн эч түшүнгөн жокмун. Мен чындыкты гана айтып жаттым да",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, AFP
Фанг Фанг бул окуяларды 1966-1976-жылдары орун алган Маданий ыңкылап менен салыштырат. Ал доордо агрессивдүү топтор интеллигенцияны, анын ичинде Батыш менен байланышы бар тургундарды "душман" катары атап, аларды жок кылуу аракети болгон.
"Маданий ыңкылапта колдонулган "классалык күрөш" жана "пролетариат диктатурасы" сыяктуу терминдер кайрада колдонулуп калды. Демек Кытайдын реформалары ийгиликсиз аяктайт жана өлкө артка кайтат",-дейт Фанг Фанг.
Карантин керек болгон
Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө тарагынына күбө болгон Фанг Фанг, Кытай бийлигинин 76 күн бою Уханды карантинде кармоо чечими туура болгон деген пикирде. Муну ал күндөлүгүндө дагы жазган.
"Вирустан аман калуу жана Уханда эркин жашоо үчүн карантинде болдук",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, AFP
Уханда апрель айынан бери бир дагы коронавирус учуру каттала элек.
"Катаал кадамга барышпаса, Ухандагы абал колдон чыгып кетмек. Ошондуктан вирусту көзөмөлгө алуу кадамдарды колдойм. Вирус жайылып жатканда коомдук жайларга эл топтолбой калган, той-аштар дагы толугу менен токтоду. Ар бир адам беткап жүрүүгө милдеттүү болду жана имаратка кирүү үчүн вирус жок экенин далилдеп турдук. Бул чаралар аркылуу Кытай вирустун жайылышын токтотту",-дейт Фанг Фанг.
Карыя дүйнөнүн башка өлкөлөрү Кытайдан үлгү алышы керек экенин белгиледи.
Сабак алалы
Бирок активист Кытайдын ийгилиги алгач туура эмес чечим жана кадам болгонун жокко чыгарбайт деген ойдо. Аны дыкат иликтеп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек, дейт Фанг Фанг. Мисалы, Улуттук саламаттык комиссиясы вирустун жайлышын тез токтотуп, көзөмөлгө алуу оңой экенин жарыялаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Андан тышкары Фанг Фанг бир гана Кытай эмес, бүтүндөй дүйнө коронавирус пандемиясынан сабак алышы керек экенин белгиледи.
"Адамдын сабатсыздыгы жана текеберчилиги вирустун кеңири жайылышына алып барды",-дейт карыя.
Фанг Фангдын күндөлүгүн англис тилине которган профессор Майкл Берри "ал чындыкты айтканы үчүн эч тайманбай жаза берди" деген мүнөздөмө берди.
"Ал диссидент эмес, бийликти алмаштыралы деген чакырыктарды айткан жок. Фанг Фанг бир гана өз көзү менен көргөндөрдү, Ухандагы карантин учурундагы сезимдерин жазып турду",-дейт профессор Берри.
Фанг Фанг дагы деле жазып жатат. Бир күнү анын жазгандары китеп болуп чыгат деген үмүтүн үзө элек жана Ухан күндөлүктөрү үчүн эч өкүнбөйт.
"Мен компромисске барбайм, мындайда унчукпай отуруу катачылык".

Сүрөттүн булагы, Zhang Jinfan
Макаланы даярдоого Лара Овен көмөк көрсөттү.
Би-Би-Синин "100 айым" долбоору 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады. Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө дүйнөдө олку-солку абал түзүлүп, коронавирус пандемиясы маалында өзгөрүүлөрдү алып келген, планетаны жакшырткан айымдардын ысымы аталды. Би-Би-Синин "100 айым" долбоору тууралуу Instagram жана Facebook окуп, талкууга кошулуңуз.











