Covid-19: Кытайда тогуз миллион киши беш күндө тесттен өтөт

Сүрөттүн булагы, Barcroft Media
Кытай беш күндүн ичинде калкынын саны тогуз миллион болгон Циндао шаарында коронавирусту аныктоочу тесттерди өткөрөт. Тургундардын баары анализ тапшырат.
Буга чейин чет өлкөдөн кайтып келген жарандар арасында коронавирус аныкталып, алар жаткан ооруканада вирус башкаларга жукканы аныкталган.
Май айында Кытай дал ушундай кадамга Ухань шаарында барган. Анда 11 миллион киши тесттен өткөн. Учурда Кытай вирусту көзөмөлдөп турат. Бул мамлекетке салыштырмалуу АКШ менен Европада Covid-19 кеңири тарап, миңдегендер көз жумду.
Циндао шаарынын Саламаттык боюнча муниципалдык комиссиясы Weibo коомдук баракчасына коронавируска кабылган алты жаңы учур катталганын, андан тышкары алты бейтап симптомсуз экени аныкталганын жар салган. Жаңы учурлардын бары ооруканада жаткандардан табылды.
Кытай бийлиги коронавируска кабылгандардын саны аз болсо дагы вирусту аныктоочу тестти жапырт өткөрүү стратегиясын карманып келет.

Жапырт тестирлөө кандай иштейт?
Улуттук саламаттык комиссиясы "шаар тургундарын тестирлөө беш күндүн ичинде жыйынтыкталат" деп билдирди. Алардын арасынан 114 862 киши, негизинен оорукана кызматкерлери жана бейтаптар эмитен эле тесттен өткөн.
Коомдук сайттарга жарыяланган видеолордо, шаар тургундары тесттен өтүү үчүн кезекте турганын көрүүгө болот.
Коронавируска кабылгандар Кытайда бир аптага созулган эс алуудан кийин аныкталды. Бул учурда көптөр саякаттап, башка шаарларга сапарга аттанат. Мамлекеттик Global Times басылмасы бир апта ичинде 4.47 миллион киши Циндао шаарына келгенин маалымдады.
Шаарга жакын жайгашкан аймактар дагы Циндаого баргандарды тест тапшырууга үндөп жатат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык, Кытайда 91 305 киши вирусту жуктуруп, 4 746 адам көз жумду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Уханда жапырт тестирлөө кандай өткөн?
Кытайдын калкынын саны 11 миллион саналган Ухань шаарындагы вирусту аныктоочу тест он күндүн ичинде жыйынтыкталган. Би-Би-Синин Reality Check тобу маалыматты текшерип тогуз миллион киши тест тапшырганын ачыктаган. Бирок бул көрсөткүч дагы чоң жетишкендик.
Анализ тапшыруу үчүн жүздөгөн борборлор ачылып, миңдеген дарыгерлер тартылган. Мүмкүнчүлүгү чектелген, карыяларды дагы текшерүү үчүн мобилдик топтор түзүлгөн.
Мындай сандагы кишилерди тез текшерүү үчүн Кытай бийлиги топ кылып анализди текшерген эле. Башкача айтканда бир жерде жашаган беш же он кишинин анализин текшерип, эгерде алардын арасынан коронавируска кабылган бирөө аныкталса, анда ар бир тургунду текшерүүгө алышкан.










