Неандерталдардын генин алып жүргөн адамдарга Covid-19 оор тиет

Мадрид

Сүрөттүн булагы, EUROPA PRESS NEWS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мадриддин бийлиги дарыканаларда Covid-19тун антителаларына анализ алган жатат, бирок карантин чараларына макул эмес

Джон Хопкинс университетинин маалыматтары боюнча Covid-19 менен ооруган адамдардын саны дүйнөдө 34 миллиондон ашты, анын ичинен бир миллион чамасы каза болду. Пандемия башталган убактан бери андан 23,6 миллион адам сакайып чыкты.

48 саат мөөнөт

Испаниянын өкмөтү Мадриддин жана аны курчаган тогуз шаардын жергиликтүү бийликтерине карантин чараларын киргизүүгө 48 саат убакыт берди. Испанияда Covid-19 жаңы учурлары көбөйүүдө, соңку эки аптада өлкөдө инфекциянын 133 миң жаңы учуру катталды, анын көп бөлүгү баш калаага туура келет.

Испаниянын өкмөтү киргизип жаткан жаңы чаралар боюнча Мадриддин жана ага коңшу шаарлардын жашоочулары зарылчылык болбосо өз ара катташа алышпайт. Ишке, окуу жайга, доктурга жана багууга муктаж жакындарына барганга гана уруксат. Ошондой эле алты адамдан көп чогулганга болбойт.

Исабель Диас Аюсо өзү беткап кийип жүрөт, бирок карантинге каршы

Сүрөттүн булагы, EUROPA PRESS NEWS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исабель Диас Аюсо өзү беткап кийип жүрөт, бирок карантинге каршы

Бирок региондун консерватордук партиялар башкарган жергиликтүү бийликтери жаңы чараларга каршы чыгууда. Мадриддин автономдуу коомдук бирикмесинин төрагасы Исабель Диас Аюсо карантин киргизип жаткан Саламаттык сактоо боюнча регион аралык кеңеш «тыюу салганга укугу жок» деп билдирип, аны сот аркылуу талашмай болууда. Бирок ал өкмөттүн токтому жокко чыгарылмайынча аткарыш керек деген ойдо.

Швейцарияда миңдеп чогулганга уруксат берилди

1-октябрдан тарта Швейцарияда миңден көп адам катышкан спорттук жана маданий иш чараларга уруксат берилди. Бир гана шарт - тазалык жана социалдык аралык сакталышы керек.

Цюрихтеги кинофестивалда кол жууй турган стенддер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Цюрихтеги кинофестивалда кол жууй турган стенддер

Ошол эле убакта эрежелер катаал бойдон калууда. Стадиондордун трибуналарына үчтөн экисинен көп адам топтолбош керек. Көрүүчүлөр беткап кийиши керек жана аларга туруп турганга болбойт.

Жергиликтүү бийлик эгер зыяны көп болот деп тапса, кандай гана иш чара болбосун тыюу салып кое алат.

Ошол эле учурда Швейцарияда коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатат. Ошондуктан жергиликтүү эксперттер массалык иш чараларга уруксат берүүгө каршы болууда.

Covid-19 Британияда басаңдады

Лондондун империялык колледжи жүргүзгөн жаңы изилдөөгө ылайык, Covid-19 Британияда жайылышы басаңдады. Окумуштуулардын тыянагына караганда, канча адам ооруну жуктура турганын аныктаган негизги R көрсөткүчү төмөндөдү. Бул өкмөт киргизген жаңы чектөө чараларынын натыйжасы.

Англияда жана королдуктун башка бөлүктөрүндө пабдар жана ресторандар 22.00 дөн кеч калбай жабылышы керек, алты адамдан көп чогулууга болбойт. Дүкөн менен ресторандардын кызматкерлери беткапты милдеттүү түрдө кийип жүрүш керек.

Айрым адистер чектөө чаралары инфекцияны ооздуктады десе, буга башкалар макул болбой жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым адистер чектөө чаралары инфекцияны ооздуктады десе, буга башкалар макул болбой жатат

Австралия: Вирустан таза Рождество

Австралиянын Виктория штатындагы жашоочуларга эң катаал талаптарды аткарууга туура келүүдө. Австралияда вируска чалдыккандардын саны 27 миңден ашты, 900 дөй бейтап көз жумду.

Виктория штатынын премьер-министри Дэниел Эндрюс катаал чаралар туура болуп жатканын, ошондуктан Рождество майрамын жакшы маанайда тосуп алууга жана жайга чейин вирустардан таптаза болууга чакырууда.

Виктория штатынын премьер-министри жай келгенге чейин инфекциядан таптаза болуп калууга чакырууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виктория штатынын премьер-министри жай келгенге чейин инфекциядан таптаза болуп калууга чакырууда

Индия мектептерди ачты

Индияда 15-октябрдан кинотеатрлар, көргөзмө залдары жана башка маданий борборлор ачылмакчы. Бирок аларда эл жарымынан көп чогулбашы керек.

Ошол эле күндөн мектептер менен коллеждер ачылган жатат. Бирок акыркы чечимди жергиликтүү бийликтер кабыл алышы керек.

Индияда 30-сентябрда Covid-19 жаңы 80 миң учуру катталды, ал эми ооругандардын жалпы саны алты миллиондон ашты. Бул инфекциянын жайылышы боюнча АКШдан кийинки эле көрсөткүч.

Индияда коронавирустун жайылышы күчөп жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда коронавирустун жайылышы барган сайын күчөп жатат

Неандерталдардын генине коронавирус оор тиет

Неандерталдардын гени Covid-19 оор көтөрө турганы изилденди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Неандерталдардын гени Covid-19 оор көтөрө турганы изилденди

Британиянын Guardian газетасы билдиргендей, Германия менен Швециянын окумуштуулары неандерталдардын геномун алып жүргөн адамдарга коронавирус оор тиерин изилдеп чыгышты.

Бүгүнкү күнү европалыктардын болжолдуу 16% жана Түштүк Азиянын жашоочуларынын жарымына жакыны ушул коркунучтуу генди алып жүрүшөт.

Неандерталдардын генин мурастап калгандардын ичинен болжолдуу түрдө 100 миңдей адам ушул пандемияда өлдү. (КС)