Парламенттик шайлоо: пандемия учурунда добуш берүү кандай уюштурулушу керек?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Жалпысы болуп шайлоого 15 партия катышуу укугун алды.
Буга чейин Covid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан президент С.Жээнбеков шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп жарыялаган. Июль айында өлкөдө вирусту жуктургандар саны жогорку чекке жетти. Абал курчуп, өлкө президенти дарыгер менен медициналык препараттар тартыш болуп жатканын мойнуна алган.
Пандемия шартында шайлоо өткөрүүдө бир топ кыйынчылыктар бар. Үгүт иштеринен тарта добуш берүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн шайлоо участколору алдын ала даярдалышы керек.
"Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек", - деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
Бирок үгүт өнөктүгү учурунда саясий партиялар эрежелерди сактайбы деген чоң суроо турат.
Дүйнөнүн булуң-бурчундагы башка мамлекеттер дагы пандемия шартында шайлоо өткөрдү. Кыргызстан алардан кандай сабак ала алат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Шайлоону жылдыруу же өз мөөнөтүндө өткөрүү?
Ондогон мамлекеттер быйыл дал ушул суроого жооп издеди. Пандемия учурунда жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү абдан чоң тобокеличилик экени талашсыз.
Демократия жана шайлоого көмөк көрсөтүү эл арарлык институтуна (International IDEA) ылайык, быйыл токсонго чукул өлкө шайлоону убагында өткөрүү же жылдыруу маселесин карады. Негизги суроолор - пандемия шартында добуш берүүчүлөр шайлоого катышабы же шайлоо учурунда Covid-19 вирусу кеңири жайылып кетпейби?

Тобокелчиликтен кооптонгон айрым мамлекеттер шайлоону жылдырды. Добуш берүүнү өз мөөнөтүндө өткөргөн мамлекеттер болсо коопсуздуктан улам үгүт иштерин онлайн жүргүзүп, добуш берүүчүлөрдү пандемияга байланыштуу эрежелерди сактоого милдеттендирди.
Онлайн өткөн үгүт иштери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Handout
Борбордук шайлоо комиссиясы эмитен эле эрежелерди аныктады. Үгүт иштери учурунда чектелүү сандагы кишилерди топтоого уруксат берилет, мурдагыдай концерт же спорт мелдештерин өткөрүүгө тыюу салынат.
Дал ушундай чектөөлөрдү башка мамлекеттерде дагы байкаса болот. Мисалы, Франциядагы июнь айында өткөн жергиликтүү шайлоодо талапкерлер адаттагыдай шаарчалардын көчөлөрүндө туруп дебат өткөргөн жок. Сынчылар онлайн өткөн үгүт иштери шайлоочулардын жүрөгүнөн түнөк таба алган жок деп айтышууда.
Сербиядагы парламенттик шайлоодо дагы үгүт иштери массалык медиа каражаттары менен коомдук медиада өттү. Талапкерлер Facebook жана Twitter аркылуу добуш берүүчүлөргө өз долбоорлорун сунуштап, ар түрдүү онлайн талкууларга катышып жатты. Ал эми жашы өйдөлөп калган шайлоочуларга смс же үйүнө кат жолдонду.
Көп сандагы элди топтоого көп мамлекеттерде тыюу салынганы менен, бул эреже дайыма сакталды деп айтуу болбойт. Польшада июль айында өткөн президенттик шайлоодо 150дөн көп киши чогултууга тыюу салынган. Бирок байкоочулар президенттикке талапкерлер өлкөнү кыдырып, чектөөдөн кыйла көп кишини топтогонун белгилешкен. Кыргызстандагы партиялар элүүдөн көп кишини чогултса болбойт деген эрежеге баш ийеби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошол эле учурда үгүт иштери онлайн өткөн Францияда шайлоого катышкандардын саны аз болду. Ал эми Польшада шайлоого катышууга укуктуу болгондордун 68 пайызы добуш берди. Бул өткөн шайлоого салыштырмалуу 10 пайызга жогору. Пандемия шартында шайлоочулар тобокелчиликке барып, добуш береби деген суроо дагы кабыргасынан турат.
"Өз калемиң менен кел"
Шайлоо күнү мамлекеттер ар түрдүү коопсуздук чараларын колдонушту. Айрым мамлекеттер абдан катаал чектөөлөрдү киргизсе, башкалар шайлоону бир топ жеңилдетилген маанайда өткөрдү. Бирок шайлоо участкосунда беткап кийип жүрүү, кезекте турганда социалдык аралыкты сактоо сыяктуу маанилүү эрежелерди шайлоо өткөргөн бүт мамлекеттер колдонду.
Катаал чектөөлөрдү киргизген мамлекеттер шайлоо участкосунда иштегендерге бир жолу колдонулган колкап жана беткалкан таратып, добуш берүүчүлөргө "өз калемиңер менен келгиле" деген талап койду. Ошондой эле, шайлоо участкосун желдетүү үчүн айрым сааттарда ал жабык турду.

Түштүк Кореяда болсо ар бир шайлоочунун дене табы текшерилип, температурасы жогору болгон шайлоочулар атайын уюштурулган жайда добуш берип жатышты.
Карантин учурундагы шайлоо
Пандемия шартында шайлоо өткөрүүнүн дагы бир кыйынчылыгы - изоляцияда турган же симптомдорду көрсөтсө дагы шайлоого катышкысы келген добуш берүүчүгө шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берүү.
Мындай учурда көп мамлекеттер почта системасын колдонушту. Түштүк Корея болсо ооруканаларда шайлоо участколорун уюштуруп, ал аркылуу вируска чалдыккандар жана медицина кызматкерлери дагы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тобокелчиликке баруу керекпи?
Шайлоо өткөн өлкөлөрдө добуш берүүдөн кийин коронавируска кабылгандардын саны көбөйдү деп айтууга болбойт. Себеби вирустун жайылышына бир нече жагдай себеп. Анын ичинде беткап кийип жүрүү, социалдык аралык эрежелерине кайдыгер мамиле кылуу сыяктуу себептер бар.
Ага карабастан айрым өлкөлөрдө коронавируска кабылгандардын саны өскөнүн шайлоо менен байланыштырышууда. Мисалы, Сербиядагы парламенттик шайлоодон кийин коронавируска кабылгандардын саны кескин жогорулаган. Андан улам өлкөнүн дарыгерлери коронавируска байланыштуу кризисти көзөмөлгө алууга жооптуу болгон расмийлерди кызматтан алууну талап кылышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Медицина кызматкерлеринин айтымында, Сербиянын коронавирусту көзөмөлгө алууга жооптуу расмийлер эксперттердин айткандарына көңүл бурбай, саясатты биринчи орунга койгон. Үч жүз элүүдөн ашуун дарыгер кол койгон ачык катта шайлоодон кийин "коомдук саламаттык тармагында кризис" жаралганы жазылган.
Сербиянын расмийлер шайлоонун алдында карантин чектөөлөрүн жеңилдетип, коомдук жайларга топтошууга, спорттук мелдеш өткөрүүгө жана түнкү клубдардын ачылышына уруксат берген.
Ошондой эле дарыгерлер өлкө бийлиги шайлоону өткөрүү үчүн Covid-19 вирусунан каза тапкандардын чыныгы санын жашырды делген маалыматты көз карандысыз тергөө тобу териштириши керек экенин талап кылышкан.
2020-жылы Кыргызстандан тышкары ондогон башка өлкөлөр шайлоо өткөрөт. Сербиянын мисалындай эле жакында эле Кыргызстандын расмийлери дагы коронавирустан каза болгондордун санын 29 пайызга кыскартып, кызуу талкуу жаратты.

Адистер болсо пандемия шартында шайлоо өткөрүүдө коомдук саламаттык менен шайлоочулардын тандоосун тең салмакта сактоо керек экенин айтат.














