Бир жылы кем отуз жыл: күлүгү жок аламан жарыш

Үгүт иштери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Алмаз Кулматов,
    • Role, коомдук ишмер

Күзгү шайлоо жакындап келүүдө. Эл илдеттен баш көтөрүү аракетинде жанталашып жаткан кези. Алсыраган, ооруп, жаӊы айыккан, оокаты начарлаган калк ызасы, муӊу менен кышка кирет. Жугуштуу илдет менен удаа коомду алсыраткан, элдин шайын оодарган жана шылуундарды гана жыргаткан өнөкөт илдеттерден арылуу милдети туру алдыбызда.

Быйыл 31-августа жаӊы доордогу эркин мамлекеттүүлүккө, эгемендүүлүккө жеткенибизге жана ошол күнү төрөлгөн жарандарыбызга бир жылы кем отуз жыл толот. Бир муундун өмүрү, аз эмес жашы, узак жашоосунун үчтөн бири. Бул мезгилде адам көп нерсеге жетет, жашоонун далай өйдө-ылдыйын башынан кечиргенге үлгүрөт. Англиялык окумуштуулардын эсеби боюнча дүйнөдөгү эӊ улуу, адамзат өнүгүшүнө таасири эбегейсиз илимий ачылыштардын, адабиятта жана искусстводогу орошон чыгармалардын 70% жаш курагы 20 менен 40 ортосундагы инсандар, акылман Женижок ырдагандай отузунда окторулган жаштар, кыркында кындан суурулган кылычтай мыктылар жараткан. Бир өлкө үчүн деле 30 жыл оӊбогондой көп убакыт. Быйыл Хиросима менен Нагасакиге атом бомбасынын сыналышына 75 жыл толду. Ушул оор трагедиядан 30 жылдан кийин Жапония дүйнөдөгү эӊ кубаттуу он мамлекеттин катарына кирген. Карандай эмгеги, кажыбаган аракети, кашкөй намысы менен.

Албетте, аскердик кубатын салыштыруу мүмкүн эмес, бирок экономикалык, илимий-технологиялык жана социалдык өнүгүү деӊгээли боюнча бомба таштаган Америкага теӊелген. Биринчи дүйнөлүк согушта жеӊилген Германия 21 жыл аралыгында ири державага айланып, кайрадан бүтүндөй дүйнөгө алаамат салгыдай күч-кубатка ээ болот. Экинчи дүйнөлүк согушта таш-талканы чыккан, эли эки мамлекеттин курамына бөлүнгөн, далай жеринин айрылган ФРГ жыйырма жылдын аралыгында Европадагы кудуреттүү мамлекетти, эӊ бай өлкөнү кура алган. Жеӊилген Германиядагы калктын жашоо деӊгээли 30 жыл ичинде жеӊген СССРден жогору деӊгээлге көтөрүлгөн. Эки өлкөнүн ээлеген территориясын, калкынын санын, кен-байлыктарын, географиялык шарттарын, коммуникативдик мүмкүнчүлүктөрүн салыштырууга дегеле болбойт.

Кыргызстан эгемендик майрамын белгилөөдө

Эгемендүүлүккө 1949-жылы араӊ жеткен, бир кездеги колония, агрардык, артта калган өлкө Индия 1974-жылы өзөктүк куралын ийгиликтүү сынаган. Өзөктүк курал экономикалык, илимий-техникалык зор потенциалды талап кылаары түшүнүктүү. Израиль мамлекети эгемендүүлүк алгандан туура 11 жылдан соӊ өзөктүк программасын ишке ашыра баштаган. Атом бомбасы бар экенин еврейлер, албетте, мойнуна албайт. Бирок өзөктүк куралдарды чектөө келишимине көшөрүп кирбеген сейрек мамлекеттердин бири.

Албетте, ар бир өлкөнүн тагдыры ар башка, салыштырууга болбойт, мезгил өлчөмүн кургак формулага салган жарабайт, автор саймедиреп жаткан мамлекеттердин жөнү бөлөк дечүлөр арбындыр, балким. Алардын менталитети башка десек 1916-жылы аеосуз кыргындан, мисмилдирик аткан үркүндөн кийин эки жылда баш көтөрүп, мамлекет сурап, алты жыл аралыгында автономия, он жыл аралыгында республика формасында мамлекеттүүлүктү калыбына келтирбеди беле 20-30 жаштын тегерегиндеги кайран кыргыздар.

30 жылда катуу өнүккөн, автор мисал келтирген өлкөлөргө ири державалар жардам берген дешээр. Америка бомбалаарын бомбалап алып, бирок аскерий базасын Жапониянын жээгине жайгаштырып, ири жардамдарды берген дейт чыгаар оппоненттер. Ага да макулбуз. А бизде деле саан уйдай сүт берип, акы төлөп америкалык база турбады беле. Турбайбы базалар азыр деле. Не экономикалык, не геосаясий пайдасын өлкөгө жумшабаптырбыз, чиркин. Кимиси бизден жардамын аяды? Ар түрдүү жардамдар берилди. Кыргызстандын демилгелери колдоого алынды. Мисалы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Тоо жылы боюнча биздин демилгелер Бириккен улуттар уюму тарабынан дүйнөлүк масштабда кубатталганы жалганбы. 30 жыл аралыгында бизге берилген саясий, экономикалык, институционалдык жана моралдык колдоолордун көлөмү биздин калктын жан башына жана өлкөбүздүн аянтына ченей келгенде эбегейсиз. Акчасын акчалай берди, каякка сапырылганын билген киши аз. Ичкен суудан тартып кир-когубуздан арылткан инфраструктурага чейин куруп алгыла деп жардамын берди беле? Берген, бирок суу башы болуп туруп сууга зар айылдар эмдигиче арбын, таштандыдан арылбай келебиз. Билимин, тажрыйбасын берди, окутту, акылгөйлөрүбүз аз, окуганыбыз деле байкалбайт, демократияны үйрөттү эле, аны охлократия айырбаштап алгансыйбыз. Балким окумалдар көптүр, бирок алардын жарыгы тиймек тургай, карааны көрүнбөйт журт ичинде.

Саясатта, социалдык турмушта, экономикада идеологема деген жаратылма, бирок жаралган соӊ кудуреттүү нерсе бар. Коомдук аӊ-сезимди, жүрүм-турумду, социалдык-экономикалык өнүгүүнү аныктооч күчкө ээ, өжөр нерсе. Идеологема оӊ, прогрессивдүү, жаратман, өнүгүүгө багыттаган жана терс, регрессивдүү, жалакай, артка тартуучу саясаттын кыскача урааны. Элди оӊ же терс жакка тымызын багыттайт, коомдук аӊ-сезимге таасир этет, анын парадигмасын аныктайт. Примитивдүү айтканда пенденин оозундагы сөз периштенин кулагында дегендей мааниге жакын, бирок тереӊ, масштабдуу кубулуш. Биз, кыргыздар, мойнубузга албай койсок эле бул фактор жок болуп кетпейт. Алгачкы жылдары "нефть менен газдан кудай бизге айтпаптыр, ошондуктан жакырбыз" деп оозубузду куу чөп менен аарчып келдикпи? Келдик. Андан соӊ "биз кичинекей мамлекетпиз, алдууларга алыбыз жетпейт экен, ошондуктан чамабыз чак, экономикабыз чабал, аянтыбыз мындан бир нече эсе кенен, калкыбыз алда канча көп болгондо кыйратат элек" деп жер сабадык, муӊкандык. "Бизде табигый байлык жок", "биз кичинекей, алсыз мамлекетпиз" деген нерселер терс кайрык идеологемалар. Дем бермек тургай, шак сындырат. Идеологема өнүгүүгө умтулганды, өз күчүнө ишенгендерди өргө сүрөйт, ындыны өчкөндү ого бетер өксүтөт, тагдырыбыз ушул экен деп утурумдук кыйынчылыкка биротоло моюн сундурат.

Жер астындагы, жердеги жана жер үстүндөгү байлыктардын бирин дурустап пайдалана алдыкпы? Анте албадык, атаганат. Не алтыны, не күмүшү, дээрлик баардык кен байлыктарыбыз чыр менен коштолуп, пайдасы мамлекеттин казынасын кыйгап кеткен бойдон жарыта элек, кайрылбады, кайрый элекпиз али. Кеп улутташтырууда деле эмес, пайдаланууда жана башкарууда. Тиешеси барлардын, жоопкер кызматкерлердин абийири менен акылында. Акыл жагынан алдына киши салбаган кыйындар, айлакерлер бизде арбын, бирок алар абийир менен жоопкерчиликтен кур жалак болгондуктан колдо турган оокаттын пайдасы элдин колуна тийбей, ырыс алып келчү дөөлөттөрүбүз айылдан алыс качып, жукпай келет.

Қирғизистон Республикаси Парламенти

Сүрөттүн булагы, http://davronbek.ziyouz.com

Эл ырыстуу, бирок элдин ырыскысын качыргандар дайыма өткөнгө, өзгөгө, анан элге шылтайт. Эл чыдабай баратса, журт макул көрбөй баратканын сезгенде улам башка шылтоо издешет. "Биз деӊизге чыга албаган, жолубуз туюк өлкөбүз" ("мы тупиковая страна" деп орусча айтканды жакшы көрөт эмеспизби) дегенди соӊку беш-алты жылдан бери байма-бай айта баштадык. Кен байлыктан чыны менен кур жалак, калкынын саны бизден кыйла аз, аймагы андан бетер чакан, биздин кенедей айылдай болгон, деӊиз тургай, темир жол каттамы жок, ири мамлекеттердин курчоосундагы мамлекеттер ургаалдуу өнүгүп келгени жалганбы? Чын. Факт керекпи? Ар ким чай кайнам убакыт ичинде тизмелесе эки куржун толо китепке сыйбаган мисалдарды оңой эле табат. Албетте, кааласа. Каалабаса биз тизмектеген регрессчил идеологеманын курмандыгы, социалдык декаденстин жеми болот, манипуляциянын жетегинде калат, жоопкерчиликке караганда безерликке өтөт. Тилекке каршы, саясатчылардын, кызматкерлердин, алардын тегерегиндегилердин айткан-дегендерине абай салып, эми биздин баардык түйшүккө, чабалдыгыбыга, көйгөйлөрүбүзгө, шорубузга, жакырдыгыбызга, кыскасы, баарына система күнөөлүү деген жаңы идеологеманы байкоого болот. "Система жаман, болбосо кыйратат элек" деген саясий-идеологиялык тезис байма-бай айтыла баштады. Ишенчээк, баео окумуштуулар, саясат таануучулар системаны өзгөртүү жолдорун сунуштап киришти. Оро албаган орок тандайт. Окурмандар кечирсин, бирок орустар мындан катуу, орой айткан лакап кеп ("Плохому танцору яйца мешают") бизге куп жарашканы туру.

Конституция кол жоолуктан тез алмашкан эгемендүүлүктүн алгачкы жыйырма жылын тим коелу, соңку он жыл ичинде парламенттик башкарууга өтсөк жыргайбыз дедик. Ошого өттүк. Президенттик башкаруу режимдери катуу өнүгүп атканын эске албадык. Эми да өлкөнү чырмаган экономикалык коррупция саясий коррупция менен аралашып, оӊолбойт окшойбуз, парламенттик башкаруу жараксыз тура, системаны өзгөртпөсөк болчудай эмес деп кезектеги шылтоо төргө чыгып, саясий-идеологиялык ураанга айлана баштады.

Королдукпу, республикалык түзүлүшпү, авторитардыкпы, парламенттикпи, президенттикпи, айтор кандай саясий режим, кандай башкаруу формасы болбосун, өнүгө турган өлкө өнүгөт, өнүктүрөм деген журт башчылары өлкөсүн оӊдойт. Адамзат коомунда идеалдуу система жок, болбойт дагы. Илгери бытыранды Германияны бириктирип, кубаттуу империяга айланткан Отто фон Бисмарк мыйзамдар начар, жетишсиз болсо эч нерсе эмес, өнүгүүгө тоскоол болбойт, асты ниети күмөн, чабал кызматкерлер менен алдыга эзели жылбайсыӊ деген экен. Падышачылык орус өлкөсүн алдыга сүрөгөн Петр Столыпин да системадан шылтоо издебестен, "мыйзамдар жараксыз, режим туура эмес, эл даяр боло элек" деген скептиктерге, наалымаларга "Мага жаӊы шаймандарды бергиче карап отура албайм, ушул шаймандар менен эле мекенибизди улуу өлкөгө айлантабыз" деп чымыркана иштеп, эски системанын ичинде жаӊы экономикалык ийгиликтерди жаратса болоорун далилдеген. Байкоолор көрсөткөндөй, пандемия эми коркунучтан шылтоого айлана баштады. Айрым кызмат адамдары ишиндеги кемчиликтерин, өзүнүн мажүрөөлүгүн, жараксыздыгын илдетке шылтап, эбак жасай турган, бирок аткарбай койгон милдеттерин же колунан келбеген жумуштарын илдетке такаганга ооп бараткансыйт.

шайлоо үкөгү

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Жарандар Жогорку Кеӊештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлайт. Жогорку Кеӊеш мыйзамдарды кабыл алат, алардын аткарылышын контролдойт, аткаруу бийлигин түзөт. Аткаруу бийлиги - өкмөт өлкөнүн социалдык-өнүгүү программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат, тышкы саясатты жүзөгө ашырат, жарандардын, мамлекеттин коопсуздугун камсыздайт. Мына. Система ушундай. Эмнеси жаман, эмнеси жарабайт. Аталышы, конституциялык укуктары, милдеттери гана тигил же бул институтка тандыктыгына жараша айырмаланбаса, баардык өлкөдө мамлекеттик бийликтин милдеттери бирдей - өлкөнүн кызыкчылыктарын жана жарандардын коопсуздугун, бейпил жашоосун камсыз кылуу. Демек, күнөө системада деле эмес.

Шайлоого, парламенттик республиканын парламентине депутаттарды шайлоого кайрылалы. А бирок жарандардын эрки эркинби? Күзүндө да бир ирет буга чейин кынык алган ыкмалардын көбү масштабдуу, агрессивдүү колдонулат. Баео, ишенчээк, эрки бошураак, нравалык баалуулуктарыбыз аласалган, муктаждыгыбыз арбын шайлоочуларды ошол ыкмалардын куралына айлантып, жулунган айрым партиялар бийликке келет.

Шайлоо процессинде жеңишке жетүүнүн, экономиканы башкаруунун өздөрү ойлоп тапкан, ийгиликтүү колдонгон моделин - кара күчкө салуу, бурмалоо, алдоо, сатып алуу жолу менен жеӊишке жетүү ыкмаларын пайдалануу аракети күч болушу ыктымал. Акчалуулардын кармашы болгондуктан талап-тоноо, салыктан буйтоо, өндүрүшү жок баюу, рантье, текейге алган белен жайды ижарага берүү, мамлекеттик акчаны мамлекетке жолотпой кымырып алуу сыяктуу көмүскө экономиканын кылмыштуу механизмдерин абдан жакшы билгендер жана ишинде күнүгө колдонгондор тулпары жок жарышта чобур да чыгат болуп мөрөйгө умтулат. Айрымдары мөрөй алат.

Айылдагы классташыма анын билимдүү, таза, интеллигент, чынчыл аталаш агасы шайлоого катышса, сенин туугандарыӊ сүйлөгөн сайын жаӊылган, эки ооз сөздү эптей албаган депутат кирген же баланча бандит айткан партияны шайлат, а тиги байкебизге айылдан сен баштаган беш-алтооӊ гана добуш бересиӊ, анткени акыл, билим бааланбай калган заман азыр, анын үстүнө байкеӊдин бере турганы оокаты жетпейт десем, ынабады. Мелдешти. Бир топко ойлонуп, ооба, аныӊ да чын, баланчалардын балдары ошондой тентектер менен катыш, ооп кетет деп бир топ тууганын санап да жиберди. Бул ирет ушул мелдеште утулсам деп тилейм.

Аналитиктер, саясат таануучулар, талдоочулар азыр шайлоого бараткан партиялардын программасынан дайын жок, эмнени эл-журтка сунуштап, кандай идеяларды көтөргөнү белгисиз деп бир ооздон кеп кылышат. Программа жок, идеялар айтылбайт дешет. Туура. Программалардын деле кереги жоктой. Кимге керек? Анткени өлкөнүн байлыгын талап-тоноо, элдин ырыскысын уурдоо, түйшүгү аз, мыйзамсыз бизнести өнүктүрүү "технологиясын" мыкты өздөштүргөн кыйындар ушул эле технологияны шайлоодо кайра мыктап кайталабайт деп ким кепилдик берет. Элге жолугуунун да зарылчылыгы жок. Илдет ого бетер жакшы шылтоо болду. Жыйын болсо, элге кезиксе суроолор берилет, жооп берүү кыйын. Кечээ минтпедиӊ беле, бүгүнкү кылыгыӊ не, кана элдин оокаты, не кылып кыйраттыӊ, кайда элеӊ кыйын кезеӊде, кайдан таптыӊ бу оокатты, ушубу сенин табакташыӊ деген сыяктуу суроолор берилет. Албетте, жоопторду беришет. Кимдин ким экенин жакшы билген эл берилген жоопко ынабайт. Демек жолугуп отурбай, суроо бердирбестен эле муктаж элди башка жол менен ынандыруу, көндүрүү оӊой, жыдыкейи жок. Кечээки шериктештерин алдап кетип, "өзүӊөн көр, бул деген бизнес" деп кутулганды өнөр туткан кыйындарсаясий партияларды да ошондой эле жеӊил алмаштырууга жөндөмдүү. Кара күчтү, зордоп ынандыруу, тартып алуу, сатып алуу, алдап жолго салуу дегенди ийгиликтин ачкычы деп эсептеген күчтөр аз эмес. Кыргыз коомчулугунун талуу жерин басып, аргасы аз, алсыраган шайлоочуларды акча, коркутуу, алдоо жолу менен эептеп бийликке келүү технологиясы колдонулушу ыктымал. Шайлоо сайын молдокелерди, бандиттерди пайдаланабыз, айыл калкын, жаӊы конуштарды шайлоодо гана эстейбиз деп бир сейрек кездешкен окумал саясатчы мойнуна алды эле.

Илгери Уинстон Черчилль айрым саясатчыларды айыптап, "шайлоо алдында жана уудан кийин ушундай калптар айтылат" деген какшык кебин ар кайсыл партиянын катарында шайлоого аттанган "мыкты чыкмалардын" көбү жашоо идеалы катары эсептейт. Андан эч тартынбайт да уялбайт. Талапкерлерде программалардын, идеялардын, болочокто ишке ашыра турган социалдык-экономикалык өнүгүү моделдердин жоктугу акыл таймашы, ар-намыс таймашы, билим таймашы эмес, кара күчтүн, акчанын, караөзгөйлүктүн таймашы болоорун каӊкуулап турат. Идеологиялык аргументке караганда материалдык, физикалык аргумент кубаттуураак. Албетте, такыр эле карөзгөйлүк кылбайт. Эртең баягылар эле кайра келип алса шайланаарын шайланып, бирок легитимдүү эмес парламент түйшүккө айланаарын, нааразычылык жаратаарын жакшы билишет. Дээрлик баардык партиялар майлуу боор кылып, өйүз-бүйүздүн кулундарын, улуу-кичүүнү аралаштырат тизмеге, чыгармачыл интеллигенциядан, аттуу-баштуулардан, таанымал инсандардан, абройлуу акылгөйлөрдөн кошот алдыңкы сапка. Жаштар эле жаштар деп көксөгөн элдин көөнү үчүн жаштарды, илдетте көрүнгөн ыктыярчыларды, таанымал журналисттерди, популярдуу жылдыздарды тартат катарга. Кыскасы аралаш тизме түзүлөт.

Карапайым эл партиялардын көбүнө ошол партияларды жактап, колдоп, ишенгендигинен улам эмес, басым, кысым астында, муктаждыктын айынан добуш бериши мүмкүн. Партиялык тизмеге айла менен кошулган таанымалдарга, жаңы жүздөргө ишеним артышы ыктымал. Эки жолку шайлоодо, тез байыма жапайы бизнесте, ыплас саясатта кынык алган, тажрыйба топтогон кубаттуу күчтөрдүн басымдуу бөлүгү бул ирет да утушка ээ болоорун жокко чыгарууга болбойт. Бул алардын тилеги. Эл да бир жолу алданбоого тийиш, бул шайлоочулардын эрки. Эл жоопкерчиликтүү, акылы жетик, абийирдүү парламентке муктаж, бул жакшы жашоого татыктуу журттун тарыхый укугу.

Шайлоодо адилетсиздикке, бурмалоого, добуш сатып алууга, басым-кысымга жол берилбеши керек, бул - бийликтин мыйзамдуу милдети. Бир гана нерсе - элдин эрки, абийири, намысы жана өз тагдыры үчүн жоопкерчилиги ар кандай ыплас технологияларга, жалган убадаларга, карандай күчкө, арам акчага бөгөт боло алат. Ат чыкпайт, тап чыгат, тап чыкпайт, бак чыгат. Ылайым элге бак айтса экен, адамдан чолпон маңдайлуу, адамзаттан таалайлуу мыктыларды элдин багына жазгай эле.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.