Тирешкен партиялар, кысылган БШК, кылтыңдаган фемида

Кыргызстан партиясынын тарапташтары

Сүрөттүн булагы, BBC Sport

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Соттун алдында "Кыргызстан" партиясын каттоого каршы чыгып жаткандар бир топ, партиянын жактоочулары өзүнчө бир топ болуп, кыйкырып турушту

Жогорку Сот "Кыргызстан" партиясы боюнча БШК арызын карап, Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Жогорку Соттун алдында "Кыргызстан" партиясын каттоого каршы чыгып жаткандар бир топ, партиянын жактоочулары өзүнчө бир топ болуп, кыйкырып турушту.

Боршайком ыйгарым укуктуу өкүлү алып келген жок деген негизде "Кыргызстан" партиясынын документин албай койгон. Ошол убакта байкоо салып турган активисттер бул партиянын документтерин көтөргөн өкүлү белгиленген убакыттан кечигип келгенин да видео материалдар менен тастыктап атышат.

"Кыргызстан" партиясы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, БШКнын чечимин жокко чыгарууга жетишкен. Боршайком бул чечимди тааныбай, өз кезегинде Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

Жогорку Соттун алдындагы "Кыргызстан" партиясын каттоого каршы чыгып жаткандар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Соттун алдындагы "Кыргызстан" партиясын каттоого каршы чыгып жаткандар

Ал ортодо БШКнын ишине шайлоо баштала электе эле нааразылык күчөп бараткандай. Эң оболу анын партиялардын шайлоо тизмесинин мыйзамда каралган тартипте түзүлүшүн көзөмөлгө албай жатат деген негизде нааразылык болуп жатат. Анткени "Кыргызстан" партиясындагы кечигүүнүн негизги себеби ошол тизменин айланасында күрөштүн бүтпөй, керек болсо чыр-чатакка айланып жатканында дешет.

Тизменин чыр-чатагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясында да болуп жатат. Экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу дагы бул партиянын башчылары курултайда бекиген тизмени эмес, башка бурмаланган тизмени тапшырды деп Боршайкомго арыз жазган эле.

Мына ушунун баары БШКнын саясий партиялардын тизмесинин мыйзамга ылайык түзүлүшүнө жетиштүү көзөмөл кылбагандыгынан келип чыгууда деген сын пикирлер айтылууда.

"БШКнын төрайымы мыйзам бузуп атпайбы. Эмне дегенде, съездде каралган тизмени алып туруп, бекитип бериш керек эле. Андай болбой, партияларга тизмени өзгөртүүгө уруксат берген. Бул биринчиден шалаакылык, экинчиден мыйзам бузулду",-дейт аналитик Расул Умбеталиев.

Байкоочулар шайлоодо административдик ресурсту колдонуу, акча таратуу, алдоо, коркутуу-үркүтүү сыяктуу эски адаттар дале кала электигин белгилешүүдө.

Азыркы технология дүркүрөп өнүккөн заманда оркойгон терс көрүнүштөр дароо ашкере болуп, коррупциялык система туруштук бере албай, четинен урай баштады, ошол себептүү бул шайлоодо акча менен бийликтин күчүнө салса, чыр-чатактардын ырбап, каршылык акцияларынын күчөп кетиши ыктымалдыгы жогору дешет.

"Бийлик шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүп бериши керек. Эл ошону эле күтүп атат. Канчалаган добушту сатып алуу болду, эл тажады. Бийлик өзгөрбөй атат, ошондуктан элдин турмушу да өзгөрбөйт",-дейт "Чоң Казат" партиясынын лидери Максат Мамытканов.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоого баардыгы 44 партия катышарын жарыя кылган, бирок БШКга убагында документ бергенге он алты партия гана жетишти. Документтерди текшерүүдөн дагы бир нече партия ыргыбай койбойт. БШК 4-сентябрга чейин партияларды каттоону бүтүшү керек.