Азык-түлүктөн коронавирус жугабы?

Woman looks at bag of frozen food

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кытайдан Түштүк Америкага жөнөтүлгөн тоңдурулган деңиз азыктары менен тооктун таңгактарынан коронавирус аныкталып, кызуу талкууга түрткү болду.

Айрымдар эмитен эле дүкөндөрдөн алынган азык-түлүк таңгактарын алгач сүртүп, тазалап, андан соң муздаткычтарга салышууда. Бирок таңгактан вирус жуктуруу мүмкүнбү?

Covid-19 вирусу бир нече саат же күн бою айрым азык-түлүк таңгактарында өлбөй кала берүүсүн лабораториялык изилдөөлөр аныктаган. Мындай таңгактардын көбү желимден же картондон жасалган.

Андан тышкары вирус муздак температурада көбүрөк убакыт жашайт. Азык-түлүктүн көбү бир өлкөдөн экинчиге муздаткычтарда жеткирилет жана дүкөндөрдө муздаткычтарда сакталат.

Бирок окумуштуулар лаборатрияда аныкталган жагдайдын көчөдө же дүкөндөрдө кайталанышына күмөн санашууда.

Профессор Жулиан Таң лабораторияда көптөгөн факторлор туруктуу кармаларын айтат, ал эми көчөдө же дүкөндө ал факторлорду көзөмөлдөө мүмкүн эмес экенин кошумчалайт. Ошондуктан чыныгы дүйнөдө вирус көп убакыт тирүү калбайт.

Микробиолог боюнча эксперт, профессор Эмануэл Голдмэн болсо жогоруда айтылган лабораториялык изилдөөдө таңгакка 10 миллионго чукул вирустун бөлүкчөлөрү себилип, ал көп мөөнөт тирүү турганын аныкташканын белгилейт. Ал эми адам чүчкүрүп, андан чачыраган бир тамчыда вирустун 100 гана бөлүкчөсү болот.

"Менимче, буюм-тайымдардан же таңгактан вирусту жуктуруп алуу ыктымалдуулугу абдан төмөн. Вируска кабылган адам ошол буюмга чүчкүрүп же жөтөлүп, ал буюмда башка киши кыска мөөнөттүн ичинде (бир же эки сааттын ичинде) кармаса гана вирус жугушу мүмкүн",-дейт профессор Эмануэл Голдмэн.

Fresh vegetables in a supermarket

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошол эле учурда окумуштуулар коронавирус азык-түлүктүн таңгактары же буюм-тайымдардан тараган жок дешүүдө.

"Ооба, Covid-19 вирусун буюм-тайымдардан же эшиктин туткасынан жуктуруп алуу мүмкүн. Бирок бул вирустун жайлышынын негизги жолу эмес",-деп жазылат АКШнын Жугуштуу орууларды көзөмөлдөө борборунун расмий интернет баракчасында.

Окумуштуулар вирус негизинен адамдан адамга жугуп жатканын айтууда. Мисалы, эки метрден жакын турган кишиден кишиге же вирусту жуктурган киши жөтөлүп, бөлүкчөлөрдү башка адам дем алганда.

Коргонуу үчүн эмне кылышым керек?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "вирусту азык-түлүк таңгактан жуктурган бир дагы бейтап аныктала элек" деп белгиледи. Бирок уюм коргонуу үчүн айрым кеңештерди айта кетти.

ДССУ азык-түлүк таңгактарын дезинфекциялоонун кажети жок, бир гана таңгакты кармагандан кийин колду жууш керек экенин айтат. Уюм дүкөнгө киргенде колго дезинфекциялоочу каражат сээп, үйгө келгенде колду жакшылап жууш керек экенин дагы кошумчалайт. Азык-түлүк таңгакты кармагандан кийин дагы колду самындап жууш керек.

Андан тышкары айрым эксперттер желим баштыктарды бир эле жолу колдонууга чакырып келет. (AT)